Сделать свой сайт бесплатно

Реклама

Создай свой сайт в 3 клика и начни зарабатывать уже сегодня.

@ADVMAKER@
Кандидаты 2015

Добавлено 02.09.15 21:50
Сообщения: 17 Просмотров:498


МЫ особо хотим обратиться к молодежи, как будущему нашей страны! Пробудите в себе гордость, самоуважение и желание изменить ситуацию в стране. Мы вместе сможем сломать прогнившую систему и создать новый Кыргызстан, где у каждого гражданина будут благоприятные условия жизни.

 


 

 

 

   



Мекен Ынтымагы саясий партиясынын VIII съезди
Мекен Ынтымгы саясий партиясынын кезексиз VIII съезди.
Партиянын шайлоого карата 120 депутаттыкка талапкерлер бекитилди!








«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын Лидери Темирбек Асанбековдун чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жердештерине кайрылуусу.




«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын Лидери Темирбек Асанбековдун чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жердештерине кайрылуусу.

Урматтуу чет өлкөдө эмгектенип, өз мамлекетиндеги бүгүнкү оор социалдык маселелерди чечүүдө зор салымын кошуп келе жаткан ЖЕРДЕШТЕРИМ! Биргелешип, өз тагдырыбызды жана мамлекетибиздин келечегин оңдоо үчүн бейкапарлык жана кайдыгерликтен баш тарталы. Эч ким түбөлүк жашабайт! Кыргызстаныбыздын, элибиздин кадыр-баркы өзүбүзгө эле керек. Жеке турмуштук маселебизди чечип, аракет кылган менен күндөн күнгө мамлекетибиз алсырап бара жатат. Катардагы элибиз чет өлкөлөрдүн эшиктерин каккылап, иш суроодо. Шайланган бийлик өкүлдөрүбүз чет өлкөлөрдөн насыя - карыз сурашууда. Анча-мынча билим алып, коомдук активдүүлүк жөндөмү бар жарандарыбыз сырттан келген гранттардын алкагында милдеттенмелерди алып, аларды аткарганга шашууда. Эл аралык саясатта Кыргызстаныбыздын бүгүнкү абалын карап көрсөк, кадыр-баркыбыздын түшүп кеткенин байкайбыз. Ар кимибиз жеке кызыкчылыкты ойлоп жатып, коомдук жалпы тармактарыбыз болгон мамлекеттик билим берүү, коопсуздук, саламаттык сактоо, маданият тармактары каралбай, өз саясатыбызга жана экономикабызга ээ болбой калдык. Биз күчтүү жана өнүккөн мамлекеттердин таасиринде калып, ички жашоо шартыбыз жана коомдук байлыктарыбыз алар каалагандай шарттарда чечилип калды. Бул маселелердин баардыгы өзүбүздүн жетекчилерибиздин жеке кызыкчылык, ач көздүк жана мансапкорлуктарынын айынан келип чыгууда. Алар саясий эрк көрсөтө алышпай, тышкы саясаттын жана геосаясаттын кызыкчылыгы үчүн иштеген топко айланышып, кыргыз элинин мамлекетүүлүгүнө коркунуч туудурууда. Кыргызстанды биз гана, биздин эл гана сактап кала алат. Бүгүнкү экономикалык жана социалдык жаатта мамлекеттин жүгүн жеңилдетип жаткан элибиздин эң маанилүү катмары – СИЛЕРСИЗДЕР, УРМАТТУУ ЖЕРДЕШТЕРИМ! Ошондуктан аң-сезимиңиздерди жана намысыңыздарды ойготуп, саясатка ыймандуу адамдарыбызды тандоого, мамлекетибиздин кадыр баркын сактап калууга салымыңыздарды кошууңуздарды өтүнөм! 
Азыркы кезде бизди чет өлкөгө тентиткен, Кыргызстандын экономикасын талкалаган эски саясаттагы адамдар жана ар кандай топтор, партия деген калп түшүнүккө жамынышып, ич ара жеке кызыкчылыктын негизинде биригип алып “биз бул партиябыз, шайлоодо ийгиликкке жетсек бул маселелерди чечебиз” деп элди өздөрүнө тартып, ишендирүү процесстерин улантып жатышат. Көпчүлүк эл “Эмне үчүн партиялар биригиш керек?” деп суроо салышат. Бул суроого так жооп берип, бул маселени элге туура жеткирүү үчүн алгач “Партия деген эмне? Ал саясий партиянын түзүлүшү, негизги максаты эмнеде?” - деген суроолорго жооп издеп, келечектин ээлери боло турган ар бир жаранга жеткиришибиз шарт. Ал эми учурдагы “партиябыз” деп ачылган партиялардын баары эле андай эмес. 23-24 жылдан бери элди ушундай оор абалга алып келген адамдар кайра эле “биз бириктик, биз аттуу баштуубуз, биз ушул маселени чечебиз” деп кур намыска такашып, кайрадан эле бийликке келүүнүн амалын көздөп жатышат. Мына ушундай саясатчылардын кадамдарын көрүп, түшүнүп 2010 -жылы сырттан келип, жалпы коомдун кызыкчылыгын ойлоп, “Мекен Ынтымагы” партиясын түзгөм. Биздин максат 95 пайызды түзгөн , кыйналып жашап жаткан элдин партиясы болуу. Программабыз жалпы көпчүлүктүн кызыкчылыгы үчүн жазылган. Ушул программа менен эртеңки күнү Кыргызстандын кыйналган адамдарынын башын бириктирип, кадимкидей чоң саясий күч болуп, 24 жылдан бери чыга албай келе жаткан туңгуюктан чыксак деген ниеттемин. Андыктан, “Мекен Ынтымагы” партиясы буюрса шайлоого аттанды. Ошондой эле эч бир ЭСКИ ПАРТИЯЛАР МЕНЕН БИРИКПЕЙТ. Биздин партиянын социалдык катмары врачтар, мугалимдер, жаштар, журналисттер, маданият кызматкерлери, ошол эле кыйналган өкмөт кызматкерлери, мигранттар жана карапайым адамдар. Мына биз ушул адамдар менен гана биригебиз, башкача айтканда Эл менен биригебиз! Ал эми азыркы учурда “аттуу-баштуубуз” деп биригип жаткандар – кыйналган 95 пайыз элди ушундай шартка алып келип такагандар. Алар менен биригүүгө болбойт. Алар менен бириксек эртең бул оор абалдан чыга албай калабыз. Алар өлкөнү оор абалдан чыгара ала турган болгондо, бизсиз деле бизге чейин оор абалдан чыгарып коймок, бирок, тилекке каршы, чыгара алышкан жок ушул убакка чейин. “Мекен Ынтымагы” партиясынын программасы, идеясы элди туңгуюктан алып чыгаарына ишенем. Мигранттарды социалдык чоң катмар деп эсептейм. Кыргызстан экономика жагынан аксап, бюджетте акча жок, кыйналып турат. Себеби өлкөбүздө өндүрүш ишканалары жокко эсе, баары талкаланган. Ошондой эле биздин саясий жетекчилердин экономиканы кантип көтөрүү керек экендиги боюнча стратегиялык программалары жок, жазылса да аткарылбайт, анткени тоскоолдук кылган жана көмүскө экономиканын өкүлдөрү - ӨЗҮЛӨРҮ! Бийликке өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн отуруп алышкандыктан, көпчүлүк кыйналган адамдар, жаштар айласыздан чет өлкөлөргө иштеп кетишүүдө. Ал жакта кыйналышса да билгизбей, адал эмгектери менен оокат таап, Кыргызстандагы ата-эне, бир тууган, үй-бүлөсүнө тапкан оокаттарын салып жатышат. Андыктан “үй-бүлөсүн багам” деп, тынбай иштеп жүргөн мигранттарга ишенимим зор. Эгер мигранттар бул жакка жиберип жаткан каражаттарынын агымын токтотуп койсо, бизде социалдык нааразычылык көтөрүлүп кетет. Сыртта иштеп жүргөндөрүн көпчүлүгү эмне себептен мигрант болуп калышкандарын ар дайым түшүнө бербей келишет, тилекке каршы. Муну мигранттарды четке талаалаткан саясатчыларга жасаган мамилесинен аңдасак болот. Мен алардын арасынан биринчилерден болуп, билимиме, түшүнүгүмө жараша мамлекетимдеги ушул маселени чечүү үчүн кайрылып келгем. Мигранттардан “Эмне себептен мигрант болгонбуз? Мигрант болбоо үчүн маселени кантип, кандай жол менен чечүү керек?” деген суроолорго “Мекен Ынтымагы” партиясынын программасы аркылуу жеткирүүгө аракеттенүүдөбүз. Себеби, эски саясаттын адамдары агымы топтолгон элдик казынанын башына олтуруп алышып, элди камсыздоо маселесине тоскоолдук кылгандыктан, турмуштун жетишпеген көр оокатынан тажап, аргасыздан үй-бүлөсүн таштап, аларды багуу үчүн карапайым элдин калың катмары мигрант болуп кетишүүдө. Кыргызстанда өздөрүн “аттуу - баштуубуз” деп мактангандарды саясий түшүнүгүбүз менен бийлик бутактарынан четке чыгармайын биз эч качан оңолбойбуз. Адашкан мигранттар да болбой койгон жок. Билимине, жөндөмүнө жараша бутуна турган анча-мынча жигиттерге бизди тентиткен саясатчылар “куда түшүп” “аз да болсо бутуңа туруп калдың, сени депутат кылабыз” деп сөз берип аларды туура эмес иштерине аралаштырып жатышат. Саясат, экономика жагынан терең түшүнүк жоктугунан, ойлонбостон жаңы эмгектен бутуна турган эр азаматтар аларга кошулуп кетишүүдө. Менин максатым, мигрант болуп, элибизди багып жаткан улан-кыздарга, жогоруда айткан саясаттын себебин түшүндүрүү. Аларга “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы аркылуу саясаттын жолун ачып берүү. Ошондой эле өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз деген зор ишеним менен алдыга умтулуу. Сунушум, мигранттар “саясий партия” десе эле анын баарына ишене бербей, ал партиянын программасына басым жасап, келечекке койгон максаттарын туура изилдеп чыгышса дейм. Саясий партиялардын жетекчилеринин буга чейинки кылган иштерине баа берип, ишинин жыйынтыгын, чечимдерин байкап, баамдашы керек. “Башында аттуу-баштуу” адам, саясий партия” десе эле ойлонбостон бейкапар кирип албай, эртеңки бала-чакасынын тагдырын таразалап көрүп, ар бир жаран мамлекеттин келечеги үчүн өз үлүшүн кошушу абзел. Шайлоо деген маанилүү нерсе. Адам баласы үй-бүлө кураарда деле түбөлүк жар болчу адамын жакшы тандоого умтулат. Ошол сыяктуу келечегибизге жакшы салымын кошо турган адамды туура тандап, анын чөнтөгүнө, байлыгына, бийлигине карабай, анын акылына, жөндөмүнө, ыйман намысына карап чечим чыгарышыбыз керек. Үй-бүлөсүн багам деп, четте иштеп жүрүп, кырсыкка кабылып майып болуп, учурда эч нерсеге жарабай калган мигранттар да жок эмес. Алардын маселесин эч ким көтөрбөйт. Канчасы кыйналганын айтпай жүрүп каза болот. Ушундай тагдырларды 23 жылдан бери сыртка чыгарбай, көрмөксөнгө салган адамдар кайрадан бийликке келсе жакшы эмес. Мындайларды кайрадан шайлап алуудан сак бололу! Ар бир адамдын келечеги, тагдыры өзүнүн колунда! Ар ким шайлоодо добушту кимге берээрин өзү чечет. Андыктан, туура ойлонуп, туура кадам таштайлы. Колубуздан эч нерсе келбейт деп кейибей, баарыбыз биригели. Кыргызстандагы 95 пайыз карапайым адамдардын, врачтардын, мугалимдердин, коопсуздук сакчылары жана башкалардын эмгеги туура бааланбайт. Ошол себептен, урматтуу калайык калкым, буга чейин жыргатып жибербеген “белгилүүмүн” деген саясатчылардын курулай сөзүн ээрчибей, саясий эркиндикти көрсөтөлү, САЯСИЙ ЭРКТИ КӨРСӨТӨЛҮ! Кыргызстанды оор абалдагы саясий кырдаалдан чыгаралы. Бири-бирибизге жардам берели. Кайдыгерликтен алыс бололу. Мамлекеттин кадыр-баркына доо кетире турган саясий иштердин жүрүп жатканына өкүнөм. Шайланган бийлик өкүлдөрүбүз “Жумушсуздукту жеңебиз” деп кошуна мамлекет жетекчилеринен суранышып, чет өлкөгө кеткен мигранттарды каттап бергиле деген намысы жоктук менен иш алып барып, элибиздин кадыр-баркын түшүрүп жатышат. Акылдуу мамлекет болсок анын себеби менен күрөшүп, экономикалык багытты туура жолго салып, мигранттарды сыртка кетирбей өз өлкөбүздө иш менен камсыз кылмакпыз.Элибиз Кыргызстандан кете берсе, биз алсыз мамлекетке айланабыз. Жөндөмдүү, акылдуу, билимдүү адамдар канчалык өз мамлекетибизде иштесе, өз казынабызды толтурса, биз ошончолук өнүгөбүз. Чет өлкөнүн жетекчилери биздин жетекчилердин акыл-эсинин төмөндүгүн көрүп, алардын уламдан-улам сый көрсөтпөгөндөрү күчөп баратат. Биз өсө турган саясий жолдо кетишибиз керек. Миграция дегендин өзү жалпы эл үчүн уят. Жөнөкөй эле мисал: үй-бүлөсүн бага албай, күндө эшигиңди кагып, акча сурап турган адамды ким баалайт. Эч ким баалабайт. Мына ушуну туура түшүнсөк. Бизди миграцияга алып келген, казынаны тоногон ач көздөрдү четке кагып, казынаны толтуруп, эртең Кыргызстанда Миграция министрлигин жоюп, тескерисинче коңшу мамлекеттин элин биз иш менен камсыз кылсак жаман беле? Мындай ийгиликке жетүү Кыргызстандын ар бир жаранынын колунда. Ар бир адам Кыргызстандын байлыгы. Ошондой эле мамлекеттин экономикасын бай саясатчы же депутаттар көтөрбөйт. Экономиканы жалпы кыргыз жарандары көтөрөт. Жыйырма төрт жылдан бери талкаланган мамлекетти тез арада көтөрүү оор. Андыктан, бул чындыкты элге айтып, элден убактылуу мөөнөт сурап, чыдамкайлык менен колдоп берүүлөрүн суранабыз , билимдүү максаты бар адамдарды кадр катары камдап, эл менен чогуу экономиканы көтөрүү үчүн программа иштеп “Мекен Ынтымагы” партиясы аркылуу сунуштап жатабыз. Келе калып эле казынабыз бош “муну кыйратам, тигини ойротом” деген кур сөздөн алыс бололу. Көч бара –бара түзүлөт. Шайлансак эле “Кыйратабыз” дегендер жаңылат. Элге маселени чечүү жолдорун түшүндүрүү менен биригип, Кыргызстанды оңдойлу! Биздин өлкөдө мамлекеттик кызматтарда иштеп, кийин ал ишине отчет берген бир да саясатчы болгон жок. Жасаган иштери боюнча жооп бербей туруп, кайрадан бийликке умтулуп, партия түзүп чыга калып жатышат. Демек биздин саясатчыларда да, мамлекеттик кызматкерлерде да жоопкерчиликтин жоктугу байкалат. Бул туура эмес. Мамлекеттик кызматтагы адам өз ишине аяр мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болушу зарыл. Кудай буйруп шайлоодон өтүп, “Мекен Ынтымагы” бийлик бутагына келип калса, ушул маселелерди көтөрүп чыгарып, керексиз нерселерге мыйзам чегинде катуу тыюу салабыз. 1990-жылы Орусияда элдер нанга кезекке туруп калышкан. Ошондо жалпы коомдук намыскөй адамдар туура түшүнүү менен бири-бирине мамиле жасашып, оор кырдаалды жеңип чыгышкан. Андан кийин заңгыраган шаарларды курушту. Биз да ошентсек өнүгөбүз. Андыктан, дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин, биздин негизги максат адашкан бир туугандарыбызга жардам берүү. Кыргыз элинин макалында айтылат: “Босогодон чыкканы мусаапырсың, мусаапырдын тагдырын мусаапыр түшүнөт ” – деп. Мен, Асанбеков Темирбек Ишенбаевич, силер сыяктуу турмуш азабынан чет өлкөгө барууга аргасыз болгом, 24 жыл өмүрүм чет жерде өттү . Сиздердин кайгы-капа, азабыңыздарды өз башыман өткөргөм. Ал эмес кичинекей балдарын ыйлатып, турмуштун азабынан чет өлкөгө узаган эже-карындаштарымдын ички дүйнөсүндөгү жүрөк оорусун да сеземин. Ошондуктан, бизди бир миллиондон ашкан ыймандуу жарандарыбызды, төрөлгөн жеорибизден кетүүгө мажбурлаган, уяты жок адамдарга саясий эрк көрсөтүп, 2010-жылы мыйзам чегинде “Мекен Ынтымагы” партиясын түптөп, коомдук ишмер болууга аттангам. Алдыга койгон максатыман бүгүнкү күнгө чейин тайбай , Кыргызстандын бузулган саясатынын адам баласына жакпас амалдуу терс оюндарынан “Мекен Ынтымагы” партиясын жана саясий жүзүмдүн жалпы элибиздин алдында таза сактап келе жатабыз. Элибиз ыймандуу, намыскөй, адилеттүү экенине өтө зор ишенимим бар деп айта алам. Баардыгыбыз биргелешип, өзүбүздүн тагдырыбыз үчүн жарандык милдетибизди аткарууга чакырам!
ЭСКИЛЕРГЕ ҮМҮТТӨНҮП, КЕЛЕЧЕКТИ ЖОГОТПОЙЛУ! 
МЕКЕНИБИЗДИН ЫНТЫМАГЫН БИРГЕ КУРАЛЫ!

“Мекен Ынтымагы”, саясий партиясынын төрагасы 
Темирбек АСАНБЕКОВ


Ишемби күнү, 2015-жылдын 25-июлунда "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын Ош шаардык жана Ош облустук конференциясы болуп өттү.

Ишемби күнү, 2015-жылдын 25-июлунда «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын Ош шаардык жана Ош облустук конференциясы болуп өттү. Ош облустук партиялык уюмдун Төрагасы болуп Абдыганы Тажибаев шайланды.

Ошондой эле Конференциянын делегаттары облустук партиялык уюм жөнүндө Жобону кабыл алышты. Партиянын башка аймактардан келген өкүлдөрү баяндамалар менен чыгып сүйлөштү. Конференциянын күн тартибине негизинен беш маселе киргизилип, анда партиянын жалпы принциптери, максаттары жана келечек пландары боюнча " Мекен Ынтымагы " саясий партиясынын Ош облустук уюмунун төрагасы Абдыганы Тажибаев баяндама жасады. Конференцияга " Мекен Ынтымагы " саясий партиясынын лидери Темирбек Ишенбаевич Асанбеков катышты.






Эстен кеткис күндөр!
Жаш активистер!