Темирбек АСАНБЕКОВ:
Чындык бир гана чындык Кыргызстанды сактап калат!
Коррупцияны, укуксуздукту
жана жакырчылыкты жеңебиз!
Асанбеков Т.
Мекендин Ынтымагын бирге курабыз!
Коррупцияны, укуксуздукту, жакырчылыкты жеңебиз!
Аннотация
Бул китеп тагдыр башка өлкөгө алып барып таштаган кыргызстандыктын жазып жүргөндөрүнөн турат. Жашоого каражаты жок жаш адис, Москвада эмне иш болсо ошону иштөөгө мажбур болуп жүрүп, чейрек кылым ичинде жумушсуз жүргөн адамдан Арбат көчөсүндө ири соода борборун курган зор компаниянын жетекчисине чейинки жолду басып өткөн.
Кыргыз ишкерлеринин чет жердеги ийгиликтеринин символу болгон ал 2010-жылы өз өлкөсүн эл аралык тажрыйбага ылайык жайгаштыруу үчүн Мекенине кайтууга чечим кабыл алган. Автор өзүнүн турмуш жолу жана элинин, жеринин тагдыры жөнүндө кабатырлангандыгы жөнүндө баяндайт. Кыргызстанды гүлдөгөн, коррупциядан жана ыплас саясий технологиялардан тышкары, таза өлкө катары көрүү далалаты авторду Москвадагы бизнесинен жана ийгиликтүү жашоосунан ыктыярдуу баш тарттырып, өзүнүн мындан аркы өмүрүн Мекенине кызмат кылууга мажбурлады.
Автордон
Урматтуу достор жана пикирлештер! Ооба, так ушундай, биз бардыгыбыз пикирлештердин бир командасы болобуз.
Эң кыска убакыт ичинде "Мекен Ынтымагы" (МЫ) партиясы саясий структура катары жакшы натыйжаларга жетишип, Кыргызстандын саясий мейкининде татыктуу орунду ээледи. Муну улуттук масштабдагы акыркы эки – парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыктары тастыктады. БИЗ (МЫ) бүгүнкү күндө өз ишенимдерибизди так жана даана көрсөтө алуубуз менен коомчулуктун оң баасына ээ боло алдык. Коомго жана мамлекетке карата өзүбүздүн умтулууларыбыздын олуттуулугун, ак жүрөктүүлүгүн дагы бир жолу далилдей алдык. БИЗ (МЫ) бийликтин бүтүндөй вертикалын реформалоо жана кадрдык курамын алмаштыруу боюнча өз ойлорубуздан кайткан жокпуз. Ошого жараша биз жыйырма жыл бою Кыргызстанды кыйроону көздөй алып бара жаткан саясатчылардын катачылыктарына карата өзүбүздүн принципиалдуу пикирибизди аң сезимдүүлүк менен бекемдеп жана коргоп, башкаруучу режим менен мышык-чычкан ойнобостон, төбөлдөрдү акыл-эстүүлүккө чакырып, бүгүнкү кризис боюнча өз көз карашыбызды жаап-жашырбастан билдирип турдук. Биздин жарандардын көпчүлүгү өлкөнүн саясий системасы белчесинен баткан булганыч оюндарына жана абдан оор сыноолорго карабастан өзүнүн принциптерин сактап жана коргоп келе жаткан биздин партиянын позициясын туура баамдап жатышат деп ишенемин. БИЗ (МЫ) азыркы иштеп жаткан саясий оюнчуларга азгырылган жокпуз жана бүткүл эл-журтка аттын кашкасындай белгилүү болгон мурдагы эле адамдардын бийликтик ыйгарым укуктарынын сакталышын камсыз кылуучу карапайым элдин башын айландырган алардын оюнунун шарттарын кабыл албадык. Бүгүнкү күндө биздин көп сандаган талапкерлерибиз бар, өлкөнүн ичинде жана ошондой эле мигранттардын ичинен жүз миңдеген кыргызстандыктар “Мекен Ынтымагы” (МЫ) партиясын билишет жана колдоп жатышат. Аз убакыттан кийин эле биз өлкөнүн бардык жарандарынын жыргалчылыгы үчүн башкаруунун системасын реалдуу реформалоону жүргүзө ала турган эң кубаттуу коомдук-саясий структурага айланабыз.
Азыркы аракеттенип жаткан партиялардын дээрлик бардыгы өткөн шайлоолордо бүгүнкү шалтурук саясатчыларды ачык эле колдоо менен өздөрүнүн чыныгы жүзүн ачып көрсөтүштү. Алардын жоопкерсиздиктеринин натыйжасында мамлекеттик структураларда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жармашып келе жатышкан экономиканы талкалоочулардын командасы бийликке келди. Эл дагы бир жолу уятсыздык жана наадандык менен алданганын көрүп, жаактан ары жегендей абалда калды. Бүгүн дагы эле ошол партиялар өзүлөрүнүн кечээки эле жасаган иштерин жана аткарылбай калган убадаларын унутушуп, заманга жараша өзгөртүлгөн аталыштары менен кооздолгон лозунгдарын кайрадан элге жарыя кылууга аракет жасап жатышат. Өлкөнүн бүгүнкү бардык катастрофиялык социалдык-экономикалык абалы-бул бийликке алдамчылык жана жалган убадалардын аркасы менен келген бийликчил-башкаруучулардын командасынын сабатсыз ишмердигинин натыйжасы. Тилекке каршы, алардын бул мамилеси өлкө үчүн канчалык кооптуу жана туңгуюкка алып келе тургандыгын көпчүлүгүнүн түшүнүгү дагы жок. Алар адекваттуу эмес саясий амбициялардын артынан түшүп, кандай жол менен болбосун жеке байуунун маселелерин чечүнүн аракетинде болуп жатышат. Алар социалдык-экономикалык проблемалардын себеби эмне экенин жана биздин өлкө эмне үчүн өзүнүн өнүгүүсүнүн туура стратегиялык жолун таптакыр таба албай жаткандыгын билишпейт, же атайылап эле билгиси келишпейт.
Бир туруп кезектеги революция, бир туруп кайгылуу коомдук кагылыштар же табигый кырсыктар жөнүндө кабарлап, кезектеги насыяны же грантты сурануу менен дүйнөлүк коомчулукка өзүбүздүн жарамсыздыгыбыз жөнүндө уламдан-улам жарыя кылып жатабыз. Ар бир учурда, ушундай силкинүүлөрдүн толкунунда Кыргызстандын көз карандысыз тарыхынын бардык мезгилинде бийиликтен ажырабаган чиновниктердин арасынан дагы бир кезектеги ”чыгаандар” пайда болушат. Лозунгдарын дүңгүрөтүшүп, алар бечара элге жомоктогудай келечекти убада кылып кайтадан эле бийликке келип жатышат. Эңсеген жогорку бийликке элдин колдоосу менен жеткендей түр кылышып, алар экономиканы көтөрүү үчүн аракет кылып жаткансышат, дүйнөлүк коомчулукка өзүлөрүнүн тазалыгын жана патриоттугун көрсөтүшөт. Кубаттуу өлкөлөрдүн лидерлерине жардам сурап кайрылышып, мурдагы башкаруучу тарабынан алданган жана талап-тонолгон эл үчүн аракет кылып жаткандай түр көрсөтүшөт. Биздин мамлекеттин чиновниктеринин ишенчээктиктиги жана сабатсыздыгы таң калтырат. Дүйнөлүк саясий аренада Кыргызстандын кезектеги лидери өзүнөн мурдагыдан эч нерсеси менен айырмаланбагандыгы көрүнүп эле турбайбы. Расмий жолугушуулардын учурунда башка өлкөлөрдүн жогорку бийлик адамдары биздин эски карталардын арасынан чыккан “жаңы” лидерлер менен дипломатиялык зарылдыктан гана жолугушуп, маектешет. Кыргызстандын мурдакы саясий режимдеринде деле ошолор менен кезигишип, ошолор менен эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишпеди беле.
Кээде өлкөнүн жаңы жетекчилигине кыргыз элине колдоо үчүн каржылык жардамдын азганакай бөлүгүн бөлүп беришет. Бирок дүйнөлүк саясий коомдоштук үчүн биздин коомдун жана мамлекеттин кризисинин себептери айдан ачык:
биринчиден, бул биздин чиновниктердин аша чаап коррупцияланып кетүүсү,
экинчиден, бийлик өкүлдөрүнүн арасында улуттук сыймыктын жоктугу.
Биздин өлкөдө өлкөнү башкаруу системасында реалдуу реформалар жүргүзүлгөн жок, айрыкча өлкөнүн жетекчилигиндеги кадрлардын элементардык алмашпай калуусун эске ала турган болсок, “парламенттик башкаруунун формасына өтүү” деген спектаклди эсепке алууга болбойт. Айтылып жүргөндөй, манежде баягылар эле.
Соттук адилеттиктин жоктугу, сот бийлигинин жарамсыздыгы проблема боюнча калууда. Өлкөнүн өнүгүүсүнө бийлик институттарынын ортосундагы талаш-тартыштар кедерги болуп жатат. Коалициялык өкмөт ишке жарамсыз, анткени анын негизине башынан эле биринчи кезекте тигил же бул партиялардын жана алардын лидерлеринин кызыкчылыктары жатат, бул болсо бир максат үчү - коомдун жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан команданын бирдиктүү духун бекемдөөгө эч качан шарт түзбөйт.
Биздин жогорку бийликтеги мамлекеттик ишмерлер тилекке каршы, системалык кризистин себептерин аныктоого жөндөмсүз же билип туруп эле муну каалабай жатышат. Көмүскө экономиканын жана коррупциялык схемаларды түзүүнүн капталын жеген кесипкөйлөрү өзүнүн ач көздүгүн жана жеке байууга болгон умтулууларын тыйууга алы жетпей калды, ошондуктан азыркы учурдагы орун алган кемчиликтүү системанын акырына жем салып, колдоону улантып жатышат. Бир сөз менен айтканда, бул уятсыз саясий оюн бийликти колунан чыгарбаган өтө кууш чөйрөдөгү адамдардын кызыкчылыктары үчүн ойнотулуп жатат. Алар кийинки жолу дагы арзыбаган тыйынга элден аны башкаруу укугун сатып ала алышарына ишенип жатышат, ошолордун жасаган иштеринин натыйжасында калктын 90% тилемчилик абалга келишти. Бийлик ээлеринин кастасынын колунда негизги каржылык агымдар, башкаруунун саясий рычагдары топтолгон, бул албетте аларды толук канааттандырат. Кезектеги шайлоолор жакындаган сайын, качан элге куру убадаларды берүүнүн мезгили келген сайын алар - бул кастанын мүчөлөрү биригишет, макулдашышат жана элдин мээсин айландыруунун жаңы укмуштуудай ыкмаларын биргелешип таап чыгышат. Мурдагыдай эле алар убадаларды ишенимдүүлүк жана марттык менен бере башташат, шайлоочуларга кошоматтанышат,камыр-жумур болуп жакындашат, белек-бечкектерин беришет, ыраазы кылышат жана элден чыккан карапайым жигиттер болуп көрүнүшөт. Жыйынтыгында – алар бийликте калышат, ал эми эл болсо өзү жалгыз мурдагы эле көйгөйлөрү жана жакырлыгы менен бетме-бет боюнча кала берет.
Бирок бул булганыч оюндун түбөлүккө улана берүүсү мүмкүн эмес жана улантылбайт. БИЗ (МЫ) бул система менен күрөшүп жана жеңип чыгуубуз керек. Системага каршы тура ала турган жана өлкөнүн калкынын 90% кызыкчылыгы үчүн иштей турган “Мекен Ынтымагы” (МЫ) саясий партиясы ушул максатты карманат. Биз миллиондорбуз жана биз кыйроонун бул процессин токтото алабыз. Бийликтегилер элге каршы турууну максат кылып алышкан деп айта албаймын, менин оюмча алар жөнөкөй эле жекече байуу кызыкчылыгын тыя албай жатышат же мамлекеттин реалдуу проблемаларын түшүнүшпөйт. Бирок алардын бардыгы деп айтпасак дагы, көпчүлүгүндө бийлик структураларында болууга моралдык дагы укуктары жок экендигин моюндарына алгысы келбегендиги анык. Анткени аларга көпчүлүк тарабынан ишеним жок, ал эми ишенимсиз жана колдоосуз өлкөнү көтөрүүгө мүмкүн эмес.
Экономиканы депутаттардын жана министрлердин убадалары эмес, эл гана көтөрө алат. Алар маселелерди чечүүнүн механизмдерин гана сунуш кылышып, коомду өнүктүрүүнүн шарттарын камсыз кыла алышат. Бирок, тилекке каршы, мурдагы бийлик башчыларындай эле азыркы бийликтегилер өзүлөрүнүн каталарын көргүсү келишпейт, ошондуктан жаңы саясатчыларга реалдуу реформаларды баштоого өз ыктыяры менен мүмкүндүк беришпейт. БИЗ (МЫ) конкреттүү жеке адамдарга эмес, азыркы орун алган системага каршы чыгып жатабыз. Мындай кырдаалда биз үчүн күрөштүн жалгыз ылайыктуу ыкмасы - бул жарандаштарынын ишенимине ээ болгон жана биз кезектеги шайлоолордо сезе ала турган кыргызстандыктардын кубаттуу колдоосун алып, реалдуу күчкө ээ болгон элдик партияны түзүү эсептелинет. Элдин ишенимине ээ болуу менен биз эч кандай силкинүүлөрсүз жана революцияларсыз бийликтегилердин кастасын эс алууга кетүүгө мажбурлайбыз. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албастыгы мүмкүн экендигин белгилей кетүүбүз керек.
Элге реалдуу кырдаал жана сенектиктин себептери жөнүндөгү чындыкты ачуу, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү иштердин абалын түшүндүрүү жана кризистен чыгуунун жолдорун көрсөтүү зарыл. Дүйнөлүк экономикалык кризистин мезгилинде биз экспортко багытталган экономиканы куруп, өлкөбүздү өзүбүздүн аракетибиз менен гана сактап кала алабыз. Бизге абдан сабаттуу тышкы саясат керек жана бийликтин бардык институттарында өлкөнүн абройунун үстүндө биргелешип иш жүргүзүүгө убакыт эбак жеткен.
Мындан ары калктын бардыгынан колдоп берүүнү эл алдында суроо зарыл, экономикалык стратегиянын жана мамлекеттик башкаруунун реформасынын негизги багыттарын даана белгилеп жана түшүндүрүү керек. Бул программаны ишке ашырууда канчалык оор жана кыйынчылыктуу болорун чынчылдык менен моюнга алып, чыдамкайлыкты жана туура түшүнүүнү суранып, ошондой эле ар бир жаран тарабынан колдон келген жардамын берүүсүн өтүнүү керек. Өлкөнүн жыйырма жылдык жаңылыштыгынын жана өнүкпөй токтоп калуусунун катачылыктарын бүткүл эл менен бирдикте оңдоо зарыл. Биздин элдин кызыкчылыктарын канааттандыра турган мамлекетти башкаруунун өз моделин БИЗ (МЫ) түзүп аларыбызга ишенемин.
Бүгүнкү күндө өлкөдө экономикалык потенциал талкаланган, мамлекет жеке адекваттуу эмес амбицияларын жана жекече кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн аймактык, улут аралык, этника аралык жана диний айырмачылыктар менен ойногон саясатчылардын жоопкерсиздиги жана жазаланбай калуусу гүлдөп өскөн саясий анархияга белчесинен баткан. Өлкөдө социалдык адилеттик жок, соттор болсо күмөндүү менчиктештирүүнүн, мамлекеттик бюджеттин эсебинен, коомдук мүлктү уурдоо менен жүргүзүлгөн күрөөлүк тооруктардын жана тендерлердин натыйжаларын пайдаланууну улантып жатышкан көмүскө экономиканын билермандарынын жана саткын чиновниктердин кызыкчылыктарын коргоп жатышат. Жакырчылык менен байлыктын ортосундагы ажырым коомдум кыжырын келтирүү менен жыл сайын чоңоюп бара жатат. Азыр социалдык адилеттикке өзгөчө сурамды койуу менен системаны орнотуунун курч зарылчылыгы пайда болду. Мындай системаны махинацияларда жана коррупциялык схемаларда аралашпаган, мурдагы режимдердеги иштер менен булганбаган, эл-журтка колдоо көрсөтүүсүн суранууга моралдык укугу бар ак ниет адамдар гана кура алышат.
Узак убакыт алыста жүрүп, өз жериме кайтып келүү, ушундай кыйын жана жооптуу кадамды жасоо мен үчүн өтө оор болгондугун мойнума алам. Кандай кыйынчылыктар алдыда күтүп тургандыгын эң жакшы түшүнүп турсам дагы, Россияда иштеп жүргөн сүйүктүү ишимден, керек болсо, өзүмдүн жеке эркиндигимден жана көз карандысыздыгымдан өз элимдин алдында турган кыйынчылыктардан куткарууга көмөк көрсөтүү максатында баш тарттым. Бирок бул иште сиздердин туура түшүнүүздөр менен колдооңорсуз мага максат кылган ой-тилектеримди аткаруу өтө кыйын болот.
Бул китеп мени кадырлаган адамдардын, ошондой эле оппоненттеримдин:
мен киммин, турмушка, республиканын бүгүнкү социалдык-экономикалык абалына, анда өкүм сүрүп жаткан саясатка, биздин өлкөбүздүн келечегине карата көз карашым кандай, эмне үчүн мен саясий партия түзүп чоң саясатка аралаштым? - деген суроолорго толук бойдон жооп берет деп үмүттөнөм.
Менин өз элимдин чыныгы демократиялык өлкөдө толук кандуу байгерчилик жана жыргалдуу турмушта жашап, өз балдарынын келечеги жана тагдырлары үчүн кооптонбошу үчүн, Кыргызстан өнүккөн өлкөгө айланышы үчүн өз элиме чын жүрөгүмдөн жардам берүүгө умтуларымды элдин кеңири катмарларына жеткиргим келет.
Биздин эл популисттердин, көмүскө экономиканын билермандарынын – эски номенклатуранын капчыктарынын, алдамчылыктын, улутчулдуктун жана трайбализмдин ыплас ыкмаларын колдонушкан саясий бузукулардын кезектеги алдоолорун башынан өткөрүп, биздин кыйынчылыктардын чыныгы себептерин түшүнгөндөн кийин “Мекен Ынтымагы” (МЫ) партиясына активдүү жардам берерине ишенемин.
“Мекен Ынтымагы” (МЫ) саясий партиясы сиздер менен биз бирге социалдык адилеттүүлүккө болгон өзүнүн мыйзамдуу укуктарын коргой турган жана биздин сүйүктүү өлкөбүз Кыргызстанды ийгилик менен кайра түзө турган мындан дагы кубаттуу саясий күчтү түзүү үчүн ак ниет жарандарды бизге кошулууга чакырат,
“Мекен Ынтымагы” (МЫ) саясий партиясы өз өңүттөрүн принципиалдуу түрдө коргоого, активдүү иштөө менен саясий ишмердикти төмөнкү багыттарда жүргүзүүгө ниеттенет:
1. Сот бийлигин жалпы реформалоону жүргүзүү менен адилеттүү сот акыйкаттыгынын үстөмдүгүн орнотуу. Бул болбосо, саясий системаны реформалоонун бардык аракеттери пайдасыз жана мааниси жок. Мыйзам алдында чиновниктик даражасына жана социалдык абалына карабастан бардыгы бирдей.
2. Бийликтин негизги институттарынын бардык ишмердиги жана ыйгарым укуктары тең салмактанып, өлкө азыр башынан өткөрүп жаткан бийлик ичиндеги башаламандыкка мындан ары жол бербөө үчүн Конституцияда бекитилиши керек. Биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн ички жана тышкы саясатынын стратегиясы коомдун жыргалчылыгы үчүн жалпы натыйжаларга жетишүү максатында өлкөнүн бардык бийлик институттары тарабынан биргелешип кабыл алынышы зарыл.
3. Демократиянын башкы принцибин камсыз кылуу- таза жана айкын шайлоолорду өткөрүү. Жалган демократия - коорупцияны, алдамчылыкты, карапайым элди сатып алууну жок кылабыз.
“Мекен Ынтымагы” (МЫ) партиясынын жогоруда саналып өткөн максаттарын элдин колдоосу жок ишке ашырууга мүмкүн эмес. БИЗ (МЫ) өзүбүздүн ойлогон ой-максаттарыбызда жалгыз эмеспиз, биздин өлкөдө бизди түшүнгөн жана колдоо көрсөтө турган акыл эстүү жарандар көп.
Кошулгула, колдон келген жардамыңарды бергиле, ошондо БИЗ (МЫ) сиздер менен бирге ийгиликке жетишебиз!
Коррупция менен, алдамчылык менен, укуксуздук жана жакырчылык менен күрөштөгү ийгиликтерге.
Өзүмдүн элим чыныгы демократиялык өлкөдө толук кандуу, байгерчилик жана бейкутчулук турмушта жашап, келечеги жана балдарынын тагдырлары үчүн кооптонбосу үчүн, Кыргызстандын өнүккөн өлкөгө айлануусу үчүн элиме чын жүрөктөн жардам берүүнү каалагандыгымды калктын калың катмарларына жеткиргим келет.
Бириксек БИЗ (МЫ) жеңебиз!
Балалык жана өспүрүм чагым жөнүндө эскерүү
Баарыбызга белгилүү, балалык жана өспүрүм кезегиң - ким болбосун, ар бир адамдын унутулгус мезгили эмеспи. Мен жакшы турмушту издеш үчүн өзүмдүн чексиз сүйгөн Мекенимдин чегинен чыгып кетип, айласыздан мигрант болуп калгандардын бири болом деп окурмандарды дароо эскертип койгум келет. Эмне үчүн мындай болду? Буга жооп жөнөкөй эле: бир кездеги бирдиктүү, баш кошуп турган улуу Мекен - СССР ыдырап, жаңы экономикалык саясат жана буга чейин эл үчүн таптакыр белгисиз болгон рыноктук мамилелер өз күчүнө киргенде, көп миңдеген мекендештерим сыяктуу эле, мага да, чет өлкөгө кетип калууга туура келди. Бирок чейрек кылымга жакын убакытты өз кучагына алган бул мезгилдин аралыгында мен өзүмдүн тууган-туушканымды, досторум менен жолдошторумду эстен чыгарган жокмун. Дал ошолор менин чет өлкөдө жүргөн жылдарымда таянычым, үмүтүм жана ишеничим болушту. Мекенимдин кайра жаралышын максат кылып, көп азап чеккен элибиздин акыр түбү ишенимдүү, камсыздалган турмушта жашашы, Советтер Союзу тараганда башталган прогрессивдүү, демократиялык кайра түзүүлөр күтүлгөн натыйжаларды бериши үчүн өлкөмө кайтып келдим.
Мен мындан 45 жыл мурун, 1966-жылдын 18-июнунда Ананьево айылында акыйкаттыкты, жөнөкөйлүктү жана эмгекти бийик койгон үй-бүлөдө туулгам. Эмне үчүн өзүмдүн бир тууган айылым Орто-Өрүктүдө эмес? Анткени ал жерде төрөт үйү жок болгондуктан, биздин айылдын бардык кош бойлуу аялдары жердешибиз, 1941-жылы Москваны баскынчылардан коргоодо өзүнүн өмүрүн кыйган панфиловчу, Советтер Союзунун Баатырынын атын алып жүргөн Ананьевого барууга туура келген.
Биздин айылда байыртадан бери эле менин бабаларым, ата-энем, жакын туугандарым, жердештерим жашап келишкен. Ооба, дал ушул жерде менин балалыгым өттү. Айыл жергесинде жашагандар андагы турмуштун канчалык татаал экенин, үй-бүлөнү багып, балдарды тарбиялап бутуна тургузуш үчүн кандай эмгектенип, канчалаган маңдай терди төгүү зарыл экендигин абдан жакшы билишет. Мунун баарысын мен өзүмдүн жон терим менен сездим жана ага кенедей да кейибейм. Өзүңдүн туугандарын менен жакындарыңдын – атаң менен энеңдин, ага-инилериң менен эже-карындаштарыңдын курчоосунда жашагандан эмне жогору?
Ошол эсте калган жылдарда айылда жумушсуздар жок эле, анткени элдин баары жыл бою колхоз өндүрүшүндө эмгектенчү. Балдар өз ата-энелеринин жардамчылары болуп, үйдөгү мал-жанды кароо, эгин менен картөшкө эгүү, сугаруу, чөп чабуу, түшүм жыйноо, огород менен короодогу жемиш бакка көз салуу сыяктуу чарба жумуштарынын бардык түрлөрүнө тынбай катышышчу. Менин эсимде кыш мезгили өзгөчө сакталып калыптыр. Ал кезде айылдын балдары күн сайын тоо сууларынан ташып, эртең менен короодогу малды сугараар элек. Суук катуу болгондуктан суу калың муз болуп тоңуп, аны алыш үчүн музду оюп, аны мал сарайга чакалап ташууга туура келчү. Анын үстүнө, кышында тайгаланып же күбүргө түшүп, буттарын кокустатып албасын деп, малды өзөнгө коё бербеш керек эле.
Дал ошол алыс калган жылдарда менин келечектеги балдарымдын тагдыры мындай болбосун, кичинекей чагында ушундай оор жумушту жасабасын деп тилек кылган элем. Кудайга шүгүр, ошол тилегим ишке ашты. Менин балдарым таптакыр бөлөк шарттарда өсүштү, азыр Москванын жогорку окуу жайларынан билим алып жатышат. Буларга кошумчалаарым, менин бейкапар, кыргыздар айткандай, “чыт курсак” балалыгында айыл жергесинин ажырагыс белгиси болуп эсептелген: ат чабыш, көк бөрү тартыш, эр эңиш, чүкө атышуу, жуушаң тебүү, жашынмак ойноо сыяктуулар эсимде кыт куйгандай сакталып калыптыр. Мен өзүм кайталангыс бурчу болуп эсептелген көлдүн жээгинде төрөлгөн түпкүлүктүү ыссыккөлдук болгондуктан менин балалыгым ушул жер менен ажырагыс байланышта болгон. Менин ата-энелерим ушул жерде жашап, мен да анын кереметтүү жээктеринде ак жарык дүйнөгө келгеним үчүн сыймыктанам.
Менин бул табигый, урпактык сезимим трайбализм, жердешчилик деген жана башка түшүнүктөргө эч тиешеси жок. Ушул жерден мен өзүмдүн кичи мекенимдин эң эле мыкты өзгөчөлүктөрүн жазып, сүрөттөп, мүнөздөп кетким келет. Муну биздин ар бир мекендештерибиз, мейли, ал оштук, же нарындык, баткендик, же чүйлүк, жалалабадтык, же таластык болсун чын дили менен жасамак. Кыргыздарда “Туулган жердин - тузу таттуу, топурагы - алтын” деген накыл сөз бар. Бул элдик акылман макал тереңде жаткан маани-маңызын тастыктап турат. Кийин эр жетип, өз алдынча адам болуп калган чагымда мен бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө барып, алардын жаратылышы, тарыхы, каада-салты, үрп-адаттары менен таанышып келдим. Бирок ачык-айкын айткым келет, сүйүктүү кыргыз жерибиздин укмуштуудай, кайталангыс сулуулугун эч нерсе менен салыштырууга болбойт.
Эгер мен өзүмдүн балалык мезгилиме дагы бир ирээт кайрыла турган болсом, анда бир тууган жеримдин булуң-бурчтары жөнүндө айтып беришим керек. Бул, албетте, биринчи кезекте кыргыз коомчулугунда азыркыга чейин кызуу талаш-тартыштар басылбай келаткан даңазалуу Каркыра. Бул - табигый жана мыйзамдуу көрүнүш, анткени жомоктогудай, кыргыз улутунун сыймыгы болгон берекелүү жердин бир бөлүгү биздин атка минер чиновниктердин мурдунан алыс көрө албагандыгын кесепетинен коңшулаш республикага сатылып кетип жатпайбы. Менин балалык жылдарымда бул жайлоодо жыл сайын айыл-чарба жылынын жыйынтыгына байланыштуу күзгү түшүм майрамы уюштурулуп тураар эле. Алардын жүрүшүндө сезондук жумуштардын: түшүм жыйноо, сүт саап алуу, койдун төлү, жүн кыркуу, агрардык сектордун азык-түлүктөрүнүн башка түрлөрүн мамлекетке өткөрүүнүн натыйжалары чыгарылчу. Ошол кездеги республикалык облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилер эпкиндүү бир жылдык эмгектенген элдин көңүлүн көтөрүп кою зарыл экендигин жакшы түшүнүшкөн деп ойлойм. Анткени элди алдыда кезектеги татаал айыл-чарба жылы күтүп туруучу.
Дал ушул себептен кечээки эле совет заманында, ушул биздин дастан менен жомокторубузда даңкталып келген жерде ушундай майрамдар, салтанаттар, элдик оюн-зооктор өткөрүлүп турган. Эмдиге чейин менин эсимде ар бир колхоз менен совхоз тиккен аппак боз үйлөр, ар түрдүү буюмдар жүктөлгөн, автодүкөн деп аталган көчмө соода түйүндөрү, жыкжыйма болуп чогулган эл, алардын жүздөрүнөн чагылып турган чыныгы адамдык бакыт менен бейпилдик маанайы сакталып калыптыр. Ачык айтсам, карапайым адамдардын бир-бирине болгон жайдары мамилелери, алардын көтөрүңкү көңүлдөрү өкүм сүрчү. Өзүмдүн теңтуштарым менен бирге ойноп-чуркап жүрүп, мен эң чоң ырахат алчумун. Тилекке каршы бүгүн жүрөктү оорутуу менен жеңил ойлуулук менен чоочун колдорго өткөрүлүп бергендигин моюнга алууга мажбур болуп олтурабыз. Биздин даңазалуу бабабыз, Айкөл Манас өзүнүн болочок тукумдарына кереметтүү кыргыз жеринин бир да укумун эч кимге бербөөнү мурас кылып калтырып кеткен эле. Биздин көрөңгөсү тайыз, мурдунан алысты көрбөгөн “ишмер” сөрөйлөр Манас атабыздын бул ыйык осуятын эстеп да коюшкан жок.
Эми аларды Кудайга койдук, биздин элибиз эч качан алардын арамза чыккынчылыгын кечирбейт. Бардык күч аракеттерди жумшап, тышкы саясат менен дипломатиялык каражаттарды колдонуу менен, биз колдон чыгарып жиберген, биздин ата бабаларыбызга таандык болгон жерлердин баарын анын мыйзамдуу ээси болгон – кыргыз элине кайрып берүү үчүн күрөшүүбүз зарыл деп ойлойм.
Менин уруумдун башаты кайда жатат?
Кыргыздарда байыртадан бери эле өз уруусунун башатын, анын тарыхын жакшы билүү калыптанган. Элдик накыл кеп “Адам эли менен сыймыктанат, каз-өрдөк көлү менен сыймыктанат,” - деген бекеринен чыккан эмес. Мындай түшүнүк бардык элдерде бар. Мисалы, орустар өзүнүн ата-тегин билбеген адамды “Тууганчылыгын билбеген Иван” - деп жек көрүшөт. Эгерде ушул түшүнүктөн алып карай турган болсок, биз Ысык-Көлдүн жээктеринде жашап жаткан белгилүү жана тектүү бугу уруусуна кирип, акылман философ жана журт башчысы Мойт акенин түздөн-түз тукумдарынан болобуз. Биздин бабабыз Белек. Анын кенже баласы Алдаярдын Асан, Теке, Аблаке, Очуй жана Мойт деген беш уулу болгон.
Биздин белгилүү санжырачы аксакалдарыбыздын айтымына караганда, байыркы замандарда кыргыздар бүгүнкү Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абад шаарынын аймагында жашашкан. Кийин калктын бир бөлүгү мал үчүн жакшы жайлоолорду издеп, кыргыз жергесинин башка жактарына: Нарын, Ысык-Көл, Талас тараптарына көчүп ооп кетишкен. Бирок эгерде адам каза болуп калса, анын сөөгүн сөзсүз түрдө Жалал-Абадда, өздөрүнүн ата-бабаларынын эзелки жерине көмүүнү милдет көрүшүп, башка жерге койуу чыныгы кыргыздын намысына шек келтирүүчү жосун катары эсептешкен. Жергиликтүү элдин айтуусунда мындай адат көпкө чейин сакталган. Мындай үрп-адатты аткаруунун зор кыйынчылыктарына карабастан, калыптанып калган салтка каршы чыгууга эч ким батына алган эмес. Буга адамдардын намыскөйлүгү жана өз беделин сактагандыгы жол берген эмес. Маркумду жеткирүү саякатынын узактыгына, ошондой эле өзгөчө кыш мезгилиндеги тоолордогу жаратылыштык-климаттык шарттардын татаалдыгына байланыштуу, жолдо сөөктү акыркы сапарга узатып баратышкан башка адамдардын өздөрү кайтыш болуп калган учурлар да көп болгон.
Иштин мындай жагдайы көп адамдарды ойлонтууга мажбурлаган, анткени бир адамды, мейли ал ким болбосун - жашпы же карыбы, көрүнүктүү инсанбы же жөнөкөй кишиби каза болгон адамдын сөөгүн коштоп барган көптөгөн жердештери азап чегишкен жана мындай адат түбөлүккө улануусу мүмкүн эмес эле. Муну биринчи болуп акылман, өзүнүн туугандары тарабынан терең урматталган Мойт аке түшүндү. Ата-салтын бузуу менен, ал өзүн жаңыдан табылган жерге, Ысык-Көлгө эле көмгүлө деген керээзин калтырат. Бул жергиликтүү калк үчүн чоң жеңилдик эле, себеби алар каза болгон жердештерин көмүүгө байланышкан бардык азап-тозоктон кутулушкан. Ошондуктан эл анын акылман осуятын кубануу менен аткарышкан. Мына ушул чечкиндүү, акылман, көрөгөчтүк чечими үчүн жердештеринин урмат-сыйына татып, элдин эң эле акылман насаатчыларына ыйгарыла турган “Аке” деген эң жогорку наамын алган. Ошол мезгилден тартып, көл кылаасынын калкы өздөрүнүн бул атактуу жердешинин аты менен сыймыктанып келишет. Баяндалган бул тарыхтын чындыгын кепилдей албайм, бирок ошол эле учурда, аны өздөрүнүн жүрөгүндө сактап, ар бир жаңы муунга берип келе жатышкан аксакалдардын айткан дегендерине да ишенбей кое албайм. Ысык-Көл жергесинде эле биздин бабабыз Мойт-Акеге окшоп, элдин кадыр баркына татыган акылмандардан эле дагы алтоо болгон. Алар жөнүндө сөз башка эмеспи.
Мен эмне үчүн бул элдик түшүнүк менен санжырага токтолуп олтурам? Анткени тарыхый жактан биздин кайсы бир өзүнчө алган урууга таандык экенибизге карабастан, биз мурда эч качан түндүк - түштүк деп бөлүнгөн эмеспиз. Биз бирдиктүү, баш кошкон, уюган таштай болгон кыргыз элибиз, бирдиктүү кыргыз улутубуз жана андай кийин гана таластык, оштук, нарындык, жалалабаддык, ысыккөлдүк, баткендик, чүйлүкпүз. Алсак орустар өздөрүн орус катары сезип туруп, сибирдикмин, москвалыкмын, уралдыкмын, волгалыкмын, петербургдукмун - деп сыймыктануу менен айтышат. Ошондой эле америкалыктарда да, техастыкмын, бостондукмун, майамиликмин, аризоналыкмын, чикаголукмун деген түшүнүк бар.
Ата-энем жөнүндө алты ооз сөз
Бардык эле балдар сыяктуу мага өмүр берген ата-энемди сүйүп барктаймын. Өкүнгөнүм, жарык дүйнөгө келген алардын тогуз баласынан төртөө гана аман калды. Өткөн кылымдын 50-60 жылдарында Борбордук Азияда күчөп турган, балдар үчүн коркунучтуу жана жугуштуу болгон оорулар менин беш бир тууганымды алып кетти. Албетте анын себеби болуп, айылда медициналык пункттун, даярдалган дарыгерлердин, вакциналар менен дары-дармектердин жоктугу болгон. Ушундай эле оор тагдыр республиканын башка аймактарындагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн үлүшүнө тийгендиги бардыгыбызга маалым.
Менин атам Ишенбай жана энем Чүрөк Асанбековдор түпкүлүктүү орто-өрүктүлүктөр. Бул бак-дарактарга оролгон чакан, көрктүү айыл азыркы Ысык-Көл облусунун аты уйкаш районунун аймагында, облустун борбору Караколдон кырк чакырым аралыкта жайгашкан.
Атам өз кесиби боюнча каржычы болуп, жыйырма жылдан ашуун айыл чарбасында текшерүүчү болуп иштеген. Ал менин эсимде, жаратылышынан эле сыпайы, ачык маанайда жүргөн, тамашакөй адам катары сакталып калды. Бул үчүн аны туугандары менен жакындары эле эмес, жердештери да катуу сыйлашчу. Көп балалуу үй-бүлөнүн эң улуусу болгондуктан ал тез эле бой тартып ата-энеси менен катарлаган алты иниси менен үч карындашына камкордук көрө баштаган. Алар улуу Ата Мекендик согуштун катаал жылдарында төрөлүп, биринин этегин бири кармап чоңойгон кичине балдар болгондуктан, анын бардык түйшүктөрүн өздөрүнүн жон териси менен тартышкан. Бул айылдык дыйкандардын ар бир үй-бүлөсү үчүн эң эле оор мезгил эле, анткени алар эптеп тирүү калыш үчүн күрөшкөн болчу. Башкасын айтпай эле коелу, тамак-аш, кийим-кечек жетишкен эмес. Айылдагылар чоңунан кичинекейине чейин “Бардыгы майдан үчүн, бардыгы жеңиш үчүн” деген ураан менен тыным албай иштешкен. Майданга аттанган тигил же бул жердештеринин салгылашта окко учкандыгынын кабарлаган, эл ичинде “кара кагаз” деп аталган ажалдуу кабар тынбай келип турчу.
Атабыз өз күчү менен билим алууга жетишип, өз үй-бүлөсүн багып, тууган-туушкандарына каралашып, камсыздай алган. Атам агам экөөбүзгө бала чагыбыздан эле билимдүү киши гана турмушта өз максатына жете алат, ошондуктан жакшы-татыктуу билим алыш үчүн силер сөзсүз түрдө Советтер Союзунун борбордук окуу жайларынан окушуңар керек деп кулагыбызга куюп келчү. Анын бул осуятын аткарып, агам экөөбүз Россиянын алдынкы жогорку окуу жайларын бүтүрүп, көптөн күткөн дипломдорду алдык, бул ийгилигибиз менен абдан сыймыктанабыз.
Айылдык ар бир эле эмгекчи аял катары, менин энем да эртеден кечке чейин колхоз талаасында иштеп, кадимки үй-оокаты, үй-бүлөлүк иштер менен алектенип, балдарды тарбиялап өстүрдү. Беш баласынан айрылып, оор кайгыга батканына карабастан, өзүн бекем кармап, чоң кырсыкты көтөрүүгө күчү жетти. Кантсе да ал энемдин жүрөгүнө айыкпай турган оор жараны калтырып кетти. Турмуштун ар кандай кыйынчылыктары менен оор сыноолоруна карабастан, бизди төрөп тарбиялап, бутубузга тургузуп кеткен эрдиги үчүн ага терең ыраазыбыз жана түбөлүк карызбыз.
Мектептик жылдар. Сүйүктүү мугалим-насаатчыларым
Убакыт өтүп, менин турмушумда бурулуш учур - мектепке бараар, “биринчи жолу - биринчи класска” кире турган учур да келип жетти. Жетиге чыккандан кийин мен алгачкы жолу өз айлымдагы орто мектептин босогосун аттадым. Ата-энемдин окууга болгон катуу талабын эсибизге бекем тутуп, тырышчаактык менен үлгүлүү окуп, аларды мектептеги өзүбүздүн ийгиликтерибиз менен кубантууга аракет кылдык. Азыркыга чейин эсимде, бир жолу окуудан кайтып келип, биздин мектептин бир топ мугалимдери чакырылган салтанаттын күбөсү болуп калдым. Көрсө, биздин үлгүлүү окуубуз үчүн ыраазычылык билдирүүнүн белгиси катары, атам алар үчүн үй-бүлөлүк чай ичүүнү уюштурган экен. Ошол кезде мугалим айылда, өзгөчө биздин үй-бүлөдө, өтө ардактуу жана сыйлуу адам болуп эсептелгенин айта кетүүгө тийишмин.
Мугалимдердин аракеттеринин аркасы менен, биздин мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү татыктуу билимге ээ болушту жана өз алдынча турмушка жол алышты. Ошондуктан биз аларды терең ыраазычылык менен эстеп, аттарын атап жүрөбүз.
Менин эң биринчи мугалимим – Арыкбай ата. Ал мени, айылдык тентек баланы окууга, жазууга үйрөттү, билимдердин дүйнөсүнө жол ачып берди. География мугалими Бейшекадыр Бошкоев, француз тили мугалими Жөлөн Шекеев сыяктуу мыкты насаатчыларды эч качан унутпайм. Алардын баары бизди, айылдык улан-кыздардын, татыктуу адамдардан болуп өсүп, терең билим алып, эмгектенген адамдардан болушубуз үчүн бизге өздөрүнүн болгон күчүн, билимин, бардык тажрыйбасын жумшашты. Мен эч качан аларды бири-биринен айырмалабай, бардыгына бирдей сүйүү жана сыйлоо сезимим менен мамиле жасаймын. Алардын катарына Шакин ата, Жаныш Алиев, Конокбай Барктабасов, Кийизбай Турганбаев, Кылыч агай, Канат агай, Жумакай Исаматов, Төлөй Түнкатаров, Бейшенбай Алымбаев, Бекбосун агай, Жекен агай өңдүү өз кесибинин устаттарын кошуп кетээр элем. Биз “эжей” деп сүйүү менен атаган Бурма эжейди, Клара эжейди, Шарапат эжейди, Аманат эжейди, Зина эжейди, Мария эжейди, Асылкан эжейди кантип унутам. Эгерде кимдир бирөөнүн атын атабай кетсем, озунуу менен алардан кечирим сурайм. Алардын татаал, өсүп келаткан муунга берген ушундай оор, бирок ушундай керектүү эмгеги үчүн, уулдук терең ыраазычылыгымды билдирип кетем.
Көптөгөн балдар-кыздар окуучулук кезде, окуудан тышкары, спорт, ыр, сүрөт сыяктуу жана башка өнөрлөргө кызыгат эмеспи. Мен болсо аккордеондо ойногонду сүйчүмүн. Менин музыкалык жөндөмдүүлүгүмдү байкаган жакын тууганым Шакир жезде мага Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы атактуу музыкалык окуу жайга кирип окууга кеңеш берди. Ата-энемдер каршы болушкан жок. Мына ушинтип, менин сүйүктүү жана кымбаттуу адамым, шыгы боюнча устат Шакир Садатканов менин жаңы турмушумдун башатына жол көрсөттү. Өзүнүн улгайган жаш курагы менен ден-соолугунун абалына карабай, анын эмдигиче мен үчүн тынчсызданып, көп ойлонуп жүргөнүн жакшы билемин. Бирок, башталгыч музыкалык билими болмоюнча, бул окуу жайына кирүү мүмкүн эмес экен. Алдын ала угуп, көрүүдөн кийин, педагогдор мага Чолпон-Ата шаарындагы музыкалык мектепке окууну сунуш кылышты.
Бул мектепте окуган кезимде мен туугандарымдыкында жашап жүрдүм. Алардын үйү Чолпон-Атадан көп алыс эмес, азыр өзүнүн баштапкы Кара-Ой атын алган Долинка айылында жайгашкан эле. Күн айын мен эртең менен велосипед минип, шаарга окууга барчумун, бул эки тарапка барып-келүү он чакырымдан көбүрөөк аралыкты түзчү. Ушул эле Долинка айылынын орто мектебинен жалпы орто билим алып чыктым. Жакында эле таптакыр күтүлбөгөн жерден өзүмдүн классташтарыма кезигип, алардын мени унутпай жүрүшкөндөрүнө абдан кубандым. Музыкалык билим алууну абдан каалагандыгыма байланыштуу, зарыл болгон музыкалык даярдыктын толук курсун экстерн шартында бүтүрүп, бир жылдан кийин Күрөнкеев атындагы окуу жайынын теориялык бөлүмүнө өттүм.
1983-жылы улуу агам Өмүрбек Ростов облусундагы Шахты шаарынын технологиялык институтуна ийгиликтүү өтүп, жөнөп кетти. Бөйрөгүнүн мүчүлүштүгүнөн атам катуу ооруп, буга байланыштуу биздин үй-бүлөөгө эки студентти багуу өтө оор боло баштады. Агам Өмүрбектин билим алышы биз үчүн маанилүүрөөк эле, ал өлкөнүн борбордук институттардын бирөөңдө окуп жатпадыбы, ошондуктан мага музыкалык окуу жайын таштоого туура келди. Үй-бүлөгө материалдык жактан жардам берүү керек эле. Ушул максат менен өзүмдү көп жерден сынап көрдүм: курулушта көмөкчү жумушчу болдум, колхоздун ар кандай тармагында эмгектендим. Бирок, жашым жетпегендигине байланыштуу кепилденген эмгек акысы бар туруктуу жумушка орношуу үчүн мага мүмкүнчүлүк болгон жок.
Армия – турмуш менен мүнөздү такшалтуунун мектеби
1984-жылдын октябрь айында мени СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырышты. Белгилүү болгондой, ал кезде Советтик Армиядан кызмат өтөө милдеттүү деп эсептелген. Совет мамлекетинин жалындуу чакырыктарынын бири “Ата Мекенди коргоо – ар бир адамдын ыйык милдети!” деп бекеринен айтылган эмес да. Ошондуктан армияга чакыртманы мен тынч эле кабыл алдым, анткени турмуштун армиялык мектебинен өтүүнү чын жүрөгүмдөн каалаган элем. Мени армияга узатуу эчактан эле калыптанган, көндүм салт боюнча жүргүзүлдү. Ата-энем бул себепке байланыштуу чакан той уюштуруп, ага катышкан менин тууган-туушкандарым менен жакын жердештерим жакшы каалоолорун айтышып, ак батасын беришти, ал эми өздөрү армиянын катарынан өтүп келгендер өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек, эмнеге көңүл бөлүү зарыл, кандай жүрүү керек жана башка боюнча баалуу кеңештерин айтышты. Конокторубуз кеткенден кийин биздин коштошуу досторубуз менен бирге шаттык, ыр менен коштолуп, таңга чейин уланды. Таң атканда алар мени райондук аскер комиссариатына узатышты.
Эсте калган ошол күнү эртең менен, аскер комиссариатына жөнөөрдө коштошуу үчүн атама кирдим. Атам оозгу үйдөгү мештин жанында папиросун тартып олтуруптур. Кичинекейимден бери абдан тааныш болгон кейпи менен мени жылмайып карап, катуу кучактап жолуң шыдыр болсун деген каалоосун айтты. Анын ошол сөздөрү, колунда түтөгөн папиросунун жыты, мени тиктеп караганы, азыр да көз алдымда турат. Менин колдорумду өзүнүкүнөн чыгарбай туруп: “Темирбек, жакшылап эсиңе түй, адам үчүн эң эле кымбат нерсе, анын ден-соолугу менен эркиндиги. Сен муну өзүңдүн чыныгы армиялык кызматың башталганда жакшы түшүнөсүн. Ал жерде ар кандай күтүлбөгөн окуялар кездешет” - деди.
Атамдын мени биринчи жолу бөлөкчө кандайдыр бир табышмактуу кейиген түр менен караганы мен үчүн таңкалаарлык жана сырдуу болду. Олтурган ордунан турбастан ал мени дагы бир жолу көкүрөгүнө бекем кысып, бирок көчөгө чейин узатып чыкпастан мештин жанындагы үстөлүндө олтурган боюнча кала берди. Эрксизден чыккан көз жашым менен акыркы жолу ал олтурган жакты бурулуп карап, бизди күтүп турган машинени көздөй тез басып кеттим. Кийин гана, өзүмдүн сүйгөн адамым, менин таянычым, атакем мени менен түбөлүккө коштошуп жатканын түшүндүм. Андан кийин мен аны эч качан көргөн жокмун. Бул жөнөкөй, кыраакы, акылдуу атамдын жаркын элеси жүрөгүмдө өмүр бою сакталып кала бермекчи.
Аскер комиссариатына келээр замат бизди баарыбызды узун бойлуу лейтенант чининдеги жаш орус жигит чогултуп алып, аскерге чакырылган ар бир бала менен өз-өзүнчө аңгемелешүү жүргүздү. Ал биздин орус тилин кандай билээрибиздин деңгээлин текшерип, медициналык картабызды окуп чыгып, ар кандай суроолорду берип жатты. Биз баары болуп кыркка чамалаш бала элек, ошолордун ичинен он төртүбүздү тандап алды. Биз Фрунзеден поездге түшүп, Ташкент аркылуу Түркмөнстандын борбору Ашхабадга келип түштүк. Ошентип, менин армиялык турмушум да келип жетти. Ал өз мезгилинде биздин атактуу жердешибиз, Советтер Союзунун Баатыры, армиянын генералы Н.Г.Лященко кол башчылык кылган СССРдеги эң эски болуп саналган Түркестан аскер округунун жалпы аскердик багытындагы Кишиндеги полкунда башталды. Бул жерде бизди аскер бөлүмүнүн келечектеги командирлери катары даярдагандыктан, биз өтө күчөтүлгөн тартиптеги даярдыктан өтүп жаттык. Бизди Афганистандагы согушка катышууга даярдап жатканы дароо эле түшүнүктүү болду Бул согушка Советтик аскерлер мындан беш жыл мурда, 1979-жылы кийлигишип калган эле.
Бизден бөлүмдөрдүн эртеңки командирлерин даярдоо негизинде орус тилин билүү башкы талаптардын бири экенин кийин түшүндүк. Даярдоонун шарттары өтө катаал болгондуктан, иш жүзүндө биздин бош убактыбыз болгон жок. Ошондо бир дагы согуштук салгылашууну уттурбаган орустун улуу кол башчысы А.В.Суворовдун “Үйрөнүүдө оор болсо, салгылашууда жеңил болот” деген сөзүнүн маанисин түшүндүм. Жалпы кара күч даярдыктан сырткары, биз аткычтык курал-жарактардын бардык түрүн колдоно билүүнүн чоң тажрыйбасына жеттик. Тынымы жок катаал даярдык, командирлердин буйруктары менен койгон талаптары бизге эч нерсе тандап алууга мүмкүнчүлүк бербей бош убактыбызга чек коюп жатты. Эмне кылабыз, убакыт менен кырдаал ушундай болгондуктан биз баарыбыз мындай абалга чыдоого мажбур болдук. Мына, дал ошондо атамдын мени менен коштошуп жаткандагы – адамдын жеке эркиндиги – биздин эң кымбат жана маанилүү байлыгыбыз болот деген акылман сөзүнүн маанисин терең түшүндүм.
Аскердик кызмат – майрам да, сейилдөө да эмес, бирок анда да өзүнүн жагымдуу учурлары болот. Мисалы, биз Түркмөн Республикасынын 60 жылдыгынын урматына Ашхабадда (азыр Ашгабад) арналган салтанаттуу аскер парадына катыштык. Күн сайын өткөрүлүп турган саптуу кадамдык машыгуунун натыйжасында бизден эң мыкты параддык рота даярдалып чыккан болчу. Биз, кадамыбызды так шилтеп, көкүрөгүбүзгө Калашниковдун атактуу автоматтарын кыса кармап, өлкөнүн жогорку жетекчилиги жана анын борборунун тургундарынын алдынан сыймыктануу менен басып өттүк. Мына ушинтип, сержанттык окуу байкалбастан өтүп кетип, биз, кечээки эле боз уландар, мүнөздөрүбүздү такшалтуу менен армиялык бекем достук жана биримдиктин тажрыйбасына ээ болдук.
Афганистандагы согуш. Шиндант провинциясы
1985-жылдын күз айында биз Ашхабаддан аскердик-транспорттук самолетторго түшүп, толук жабдууларыбыз, колубуздагы курал-жарактарыбыз менен Афганистандын Шиндант провинциясына учуп чыктык. Ал жерден мен өлкөнүн түндүк-батыш тарабында Герат шаарында жайгашкан жалпы аскердик багыттагы 101-полкко жөнөтүлдүм. Бул шаардын негизделишин байыркы замандын улуу кол башчысы Александр Македонскийге (бизче Искендер Зулкарнай) тиешелүү деп жазып жүрүшөт. Мында дүйнөгө атагы чыккан архитектуралык эстеликтер – эң чоң мечит, зор архитектуралык Муссала ансамбли орун алган. Бул шаарда даңазалуу илимпоз, жана дүйнөдө биринчи болуп, адамдын сокур ичегисин алып таштаган улуу дарыгер Ибн Сина (Авиценна) туулган. Анын атактуу “Дарыгерлик илимдин эрежеси” деген атактуу илимий эмгеги теориялык жана клиникалык медицинанын энциклопедиясы болуп эсептелет.
Өзүнүн байыркы тарыхы менен даңкталган бул шаардын 1985-жылдагы көрүнүшү адам чочугандай болчу. Ал бомбалоолор менен талкаланып, урандыларда жаткан. Биз көп жарадарларды, майыптарды, оорулуу балдар, аялдар, карыларды көрдүк, бардык жерде аябагандай жакырчылык. Өз көзүм менен кыйроону, өлүмдү, элдин кайгысын көрүп, мен бүткүл сезимим менен согушту жек көрүп калдым. Мага, 18ке жаңы эле чыккан өспүрүмгө бул согуштун мааниси менен максаттары таптакыр эле түшүнүксүз болчу. Бизди Советтер Союзунун түштүк чектерин коргоп жатабыз, ошондуктан биз Афганистандагы Советтик аскерлердин чектелген контингентинин бир бөлүгү болуп саналабыз деп ишендиришкен. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагыдай эле, цензура болгондуктан, үйдөгү ата-энелерибизге каттарды талаа почтасынын номурун гана көрсөтүп жөнөтчүбүз. Көпчүлүк учурларда ата-энелерин бекер жерден капалантпайлы деген ой менен, солдаттар өздөрүнүн кайсы жерде кызмат өтөп жаткандыгы жөнүндө жазышчу эмес.
Албетте Түркмөнстандагы кызмат менен согуш жүрүп жаткан Афганистандагы кызматыбыздын айырмасы асман менен жердей экендиги түшүнүктүү. Бул жерде аскерлер кадимкидей ынтымактуу, бирдиктүү. Биздин арабызда ар кайсы элдердин балдары: орустар, украиндер, кавказдыктар, өзбектер, казактар, татарлар жана биз, кыргыздар бар элек. Мен “балдар” деп айтып жатам, не дегенде, биздин көпчүлүгүбүз 18 жаштагы уландардан элек. Бөлөк бир полктошторумдун аттарын атабай эле, өзүмдүн бир кызматташ жердештерим куршабдык Байышты, оштук Сабыр, Икром, Эрнисти жана башкаларды эскерип кетейин.
Афганистан негизинен тоолуу өлкө экендигин эске алып, биздин аскерлердин тоо аткычтар бөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнчү. Мен дал ошондой, 9-тоо-аткычтар ротасында кызмат өтөдүм. Биздин жоокерлер согуштук операцияларга көп чыгышып, согуштук рейддерди жүргүзүп турушту. Мындай операцияларды ишке ашырууда мага бул өлкөнүн көптөгөн аймактарында болууга туура келди. 1985-жылдын август айындагы узакка созулган аскердик жүрүш менин эсиме жакшы сакталып калыптыр, себеби так ошол мезгилде Афганистанда кумдуу бороон башталып калган эле. Биз Шиндант провинциясы жана Фарах тоолору аркылуу БТРлер менен салгылашуулар жүрүп жаткан Кандагар провинциясына жеттик. Александр Македонский Индияга жасаган жоортулунун учурунда өзүнүн аскерлери менен өткөн атактуу капчыгайды өз көзүм менен көрдүм.
Афганистанда солдаттар менен офицерлер алардын чиндери менен наамдары айырмаланып турбаш үчүн “хаки” түрүндөгү бирдей болгон форманы кийүүгө милдеттүү болчу, ошондуктан аскердик наамдарын көрсөтүп турчу белгилери гана ар башка болчу. Адам чыдагыс, мээ эриткен күндүн ысыгы, пехотанын машинасынын же бронетранспортёрдун чексиз ысып кеткен ичи убакыт өткөн сайын биз үчүн кадимки эле көндүм көрүнүшкө айланып калчу. Көрсө, адам согуштун бардык азап-тозокторуна тез эле көнүп, ал эми кандуу кармашта кандай болбосун аман калууга умтулуусу анын тагдырына туш келген бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууга муктаж болот экен.
Афганистандыктар бизге негизинен согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн партизандык тактикасын колдонушчу. Алар биздин аскердик колонналарыбызга чагылгандай тездик менен чабуул коюп, булуң бурчтарда күтүлбөгөн буктурмаларды уюштуруу менен, биздин аскерлерге чоң зыян келтиришчү. Афганистандын бардык аймактарында жайгаштырылган биздин блок-постторго кол салган учурлар да өтө көп болду. Салгылашуулардын жүрүшүндө зыян тарткан аскердик машиналарды же алардын техникалык кемчиликтерин эч токтолбостон катардагы жоокерлер менен офицерлердин тапкычтыгы жана темирдей чыдамкайлыгынын жардамы менен оңдоп-түзөп, четтетүүгө туура келчү.
Эгерде, чынын айтсак, атуу куралдардын сапатына өзгөчө деле дооматтар жок болчу. Ошол эле учурда биздин аскер формасынын ыңгайлуулугуна карата алар абдан эле чоң болчу. Аскерлер “лифчиктер” деп атап коюшкан ыңгайлуу атайын көкүрөк чөнтөктөрдү ойлоп табууга туура келчү. Алар автоматтын окчонтойлору менен патрондорду салып жүрүүгө арналып, абдан ыңгайлуу болчу. Көп учурларда биздин командирлер согуштук операциялардын жүрүшүндө колдонулуп жаткан армиялык уставдын талаптарына туура келбеген кийимдерге көз жумуп коюшчу. Афганистанда аскердик кызмат өтөгөн ар бир адам ошол кезде колдонулган афгандык тез бышырган мискейлерди, төө жүнүнөн жасалган жуурканды жана башкаларды абдан жакшы билишет.
Согуш деген – согуш, анын кандай аяктаарын, анын үстүнө, Афганистан сыяктуу өлкөдө, эч ким алдын ала айтып бере албайт. Ошондуктан биздин эч кимибиз кимдин мейли жарадар болсо да өз үйүнө аман-эсен кайтаарын, кимдин согуш талаасында курман болоорун билген эмеспиз. Биздин ротабыздагы жоготуулар чоң болду, ал эми курман болгон жоокерлерди алар менен кечээ эле коштошкон сыяктуу, эмдигиче эстеп жүрөм. Душмандар өз жеринде согушкандыктан аны ар бир укум жерине чейин эң мыкты билишкен. Бул болсо аларга абдан чоң артыкчылык берип турган. Америкалыктар аларга көтөрүп жүрүүчү “стингер” реактивдик орнотмолорун беришкенден кийин биздин вертолётчулардын арасындагы жоготуулар көбөйдү.
Салгылашуу учурунда мен бутуман жарадар болгондо, Абдулла жана Махмуд деген эки өзбек жигиттин алып чыкканын эч качан унутпайм. Мына, ушунун өзү аскердик достук жана өзүнүн милдетине берилгендик болуп саналат. Эгерде алардын кимиси же башка жоокер жарадар болуп калса, мен бир мүнөткө да ойлонуп отурбастан так эле ошолордой кылмакмын. Бирок, өтө кейиштүүсү, өткөн жылдын июнь айында Мекенибизде кимдир бирөөлөр өзбек кыргыз арасында кандуу жаңжалды уюштурушкан, ал эки тараптан жарым миңге жакын адамдардын өмүрүн кыйып, өзүнөн кийин өрттөлгөн, талоого түшкөн үйлөрдү, миңдеген жетимдер менен жесирлерди, алардын жүрөктөрүндөгү айыкпай турган жараны калтырып кетти. Мунун баарысы бийликтин жогорку баскычтарынын өкүлдөрүнүн алысты көрө албастыгынын, жоопкерсиздигинин, биздин саясатчыларыбыздын түзүлгөн кырдаалды талдап биле албагандыгынын кесепетинен келип чыкты.
Афганистандагы согушту өз көзүм менен көрүп, анын түздөн-түз катышуучусу болуп, мен бул согуштун эч пайдасы жок экенин жакшы билем. Ал биздин өлкөбүздү артка ыргытып, Совет мамлекетин дүйнөлүк коомчулуктун көз алдындагы кадыр-баркын төмөн түшүрүп салган. Биз өз Мекенибизде ушундай чексиз өзүм билемдикке мындан ары жол бербей, биргелешип күрөшүүбүз зарыл. Биздин сүйүктүү жергебизде тынчтык, туруктуулук жана мекендештерибиздин коопсуздугу үстөмдүк кылып турушу зарыл. Согуштун азап-тозогун киноэкрандан көрүп, каңшаардан укпай, өз жону менен көтөргөн ар бир жаран адамдын өмүрү кандай кымбат экенин жакшы билет. Бул айыгышкан атышуу учурунда, качан сенин өмүрүң кылдын учунда илинип, тирүү калышың, же окко учушуң ар бир эсепке алынып турган патронго көз каранды болуп турганда даана көрүнөт. Мен күжүрмөн достор жагынан кадимкидей жолдуу болдум. Анткени алар менен акыркы бир сындырым нан сыяктуу ок-дарыларыбызды өз ара бөлүшүп, өлүм менен өмүрдүн олку-солку кырдаалдарында бир-бирибизди куткарып жүрдүк.
Күндөлүк турмушта ач көз, байлыкка умтулган, акча үчүн ким болбосун, ага чыккынчылык кылып, бардыгын жана баарын сатып жиберүүгө даяр турган уят-сыйытсыз адамдар көп эле кезиге тургандыгы жашырын эмес. Мындайлар менен бирге болуу, айрыкча согуш талаасында, өтө коркунучтуу. Бийлик туткаларында мына дал ошолордой, өзүнүн жекече байып кетиши үчүн ар кандай ыкмалар менен жолдорду пайдаланышкандардын тургандыгы өкүнүчтүү. Ушундайлардын ач көздүгү, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салуусу, коррупцияланып кетиши – адамдык асыл сапаттардын жоголо башташына алып келип жатпайбы. Менин көз карашымда, бул ошондой адамдардын моралдык, ыйман-ысаптык дөөлөттөрүнүн, ички маданияты менен атуулдук сезиминин жок экендигин далилдеп турат. Кечээки эле өткөн советтик доордо биздин элдерди достуктун бекем байланыштары, өз ара жылуу мамилелерибиз, бири-бирибизге күйүмдүүлүк, өз кезинде украиналык атактуу акын Павло Тычина жазгандай “бирдиктүү үй-бүлө сезиминин” терең тамырлары туташтырып турган. Өздөрүнүн аймактык, улуттук, диний, тилдик жана башка айырмачылыктарына карабай, адамдар бири-бирине жакындыкта, оң көз карашта болуп келгени бизге жакшы белгилүү.
Бул жерден мен өзүмдүн турмуш жолунда кезигишкен мыкты адамдар жөнүндө сыймыктануу менен жазып кетким келет. Ал - мен “афганда” кызмат өтөгөн ротанын командири капитан Александр Сорокин. Өзүнө баш ийгендердин аркасына корголобостон, ал ар бир жоокердин өмүрүн сактоого аракет кылган, согуш талаасында өзүн аяган эмес. Ал - Москвадагы Тимирязев атындагы айыл-чарба академиясынын окутуучулары Надежда Александровна менен Ирина Михайловна. Ошолордун аракеттери менен мен бул окуу жайына кирип калууга эң жакшы даярдыктан өткөн элем. Алар жупуну жашагандыгына карабастан эч кандай акыны талап кылбай өздөрүнүн терең билимдерин марттык менен бөлүшүшкөн. Алар чыныгы насаатчы, турмуш мугалимдери, абдан абийирдүү адамдар эле. Биздин жалпы мекенибизде ал кезде эң алды менен моралдык дөөлөттөр баарынан жогору бааланып, кайрымдуулук, боорукерлик, адамды кадырлоо биринчи орунга коюлчу.
Тынчтык турмушка кайтып келүү
Аскер кызматынан мен 1986-жылдын күзүндө улук сержант наамында “За отвагу” деген солдаттык медаль алып кайтып келдим. Мага өз айылына аман-эсен кайтып келүү өзүм үчүн да, ата-энем үчүн да, чыныгы бакыт болду. Айылдаштарым мени кучагын жайып, чоң кубаныч менен, баатырларча тосуп алышты. Мен үчүн эң эле өкүнүчтүүсү үйүмө кайрылып келип, атамды таппай калдым. Ал мен кайтып келгенче дүйнөдөн көзү өтүп кетиптир, өзүм үйдөн алыс, кан төгүлүп жаткан чоочун жерде кызмат өтөгөнүмө байланыштуу, мени капалантпас үчүн туугандарым атамдын каза болгону жөнүндө кабарлап коюуга батынышпаптыр. Айыкпас оорулуу болуп туруп, өлөөр алдында ал күн сайын почтага барып, менден кабар барбы деп сурап жүргөнүн мага айтып беришти. Жогоруда мен үй-бүлөң менен кат жазышуунун тоскоолдуктары жөнүндө жазбадымбы. Ошого байланыштуу убагында кабар жиберип турганга менде мүмкүнчүлүк жок болчу. Өзүңүздөр деле түшүнөсүңөр го, мен ал жактан кубаныч менен кайтып келип, атамдын жоктугун билип, бир заматта терең кайгыга баттым.
Ошол кезде мурдагы КПСС БКнын башкы катчысы М.С.Горбачев баштаган кайра куруу менен жаңылануунун саясаты жүрүп жаткан эле, бирок менин оюмча, бул жаңылык үчүн тандалып алынган убакыт анчалык ылайык болгон эмес. Өлкөнү каптап кирген кризис мамлекетибизде орун алган. Көпчүлүк үчүн жашоо кыйындады: эл керектөөчү жөнөкөй эле буюм-тайымдар, азык-түлүктөр жетишпей, бардык жерде тартыштык өкүм сүрүп, экономика өнүкпөй жатты. Эл аралык абал курчуп, союздун бир катар республикаларында борбордон алыстоо күчтөрү кулач жайып, калктын нааразычылыгы акырындык менен өсө баштады. Бирок, ушундай кыйынчылыктарга карабастан, адамдардын ортосундагы өз-ара мамилелер мурдагысындай эле жылуу бойдон калып, алар келечектен үмүттөрүн үзгөн жок, анткени алар мындан да оор кыйынчылыктарды жеңип чыгышкан. Алар коммунисттик идеяларда тарбияланып, коммунизмди куруунун идеалдарына берилген болчу. Бул образды бүгүн мен совет адамынын образы демекчимин. Мен муну ар бир акыл-эстүү, маданияттуу адам үчүн маанилүү деп эсептейм. Бул китептин окурмандары мени туура түшүнүшүн каалайт элем. Бул эсил кайран болгон совет державасын эңсөө эмес, социалисттик түзүлүштүн башатына чакырык эмес, анткени аларды кайрый албайсың, болгону биз совет бийлигинин учурунда жашап жана эмгектенип келген кечээки эле жылдарда орун алган прогрессивдүү, жагымдуу нерселерди дагы бир ирет белгилеп коюууга жасаган аракетим.
Билим алууга умтулуу
Кыргызстан негизинен айыл-чарбалык өлкө экендеги жакшы белгилүү. Биздин калктын 65 пайызынан арбыны айыл жергесинде жашайт. Жалпысынан алганда, агрардык мал-чарбалык тармак өлкөнүн экономикасында алдыңкы орунду ээлеп турат. Ошондуктан менин Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясына кирүү жөнүндөгү чечимим кокусунан эмес болчу. Менин терең түшүнүгүм боюнча, башкача тандоо болмок эмес. Себеби мен кичинекейимден тарта айыл эмгегине үйрөнгөм, талаачылык жана мал-чарбасы менен жакшы тааныш болуп, бул чөйрөгө тартылгандардын эмгегин сыйлап келгем. Каалом ордунан чыгып, мен СССРдагы эң мыкты жогорку окуу жайынын биринин студенти болуп калдым. Мында бардык союздук республикалардын өкүлдөрү гана эмес ошондой эле көптөгөн чет өлкөлүк мамлекеттерден жиберилгендер да окушчу. Биз тилибиз, расабыз, маданиятыбыз, үрп-адатыбыз, диний ишенимибиз боюнча ар башка болгонубуз менен, биздин ар бирибиз өзүнчө жөндөмдүү болчубуз. Студенттик турмуштун беш жылынын аралыгында биз бири-бирибиз менен жакшы таанышып, өз аралык достук байланыштарды түзүп алууга жетиштик. Студенттик кезде бөтөнчө элдик дипломатиянын башталышы деп атоого боло турган, азыркы тапта көптөгөн өлкөлөрдүн эл аралык мамилелери менен тышкы саясатында кыйла маанилүү деп эсептелген, так ушундай өз ара мамилелер жаралат эмеспи. Ушул убакка чейин мен атактуу “Тимирязевканын” чет өлкөлүк көптөгөн бүтүрүүчүлөрү менен эң жылуу достук мамилелерди сактап, алар мен кат алышып, телефон, интернет аркылуу байланышып турам.
1987-жылы Академиянын биринчи курсунун студенти болуу менен, мен аны алты жылдан кийин, 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыктым. Кыргызстандан бул ири окуу жайында бар болгону кыркка жакын гана адам билим алчубуз. Алар чоң максатка умтулган, аграрийдик кесипти каалап тандап алуу менен өз алдына белгилүү милдетти коюп, турмуштук максаттары даана жаштар эле. Алардын көпчүлүгү кадыр-барктуу, чоң ийгиликтерге жетишкен адамдардан болуп, өлкөнүн экономикалык ар кыл тармактарында эмгектенип жатышат. Биз ар башка саясий ой-мүүдөөлөрүбүздүн, турмуштун түркүн жагдайларына көз караштарыбыздын айырмаланып тургандыгына карабастан, бир-бирибизди моралдык, ал эми зарылчылыгы болуп калса, материалдык жактан да колдоп турабыз. Анткени, студенттик жылдарда калыптанып калган достук бекем болуп, өмүр бою сакталып калат эмеспи.
Академияда окуп жүргөн чагымда өзүм менен бирге окуган кызга үйлөнүп, үй-бүлө курдум, ал эми аны аяктаар жылы эки кыздын атасы болуп калдым. Албетте бир эле мезгилде окуу, студенттик жаш үй-бүлөнү багуу, балдарды чоңойтуу абдан эле оор болду, ошондуктан окууну иш менен айкалыштырууга туура келди. Эгерде мен алдыдагы турмуштун татаалдыгына даяр болбосом, үйлөнбөйт элем да, демек бул кадамга ойлонуп туруп бардым. Эмнеси болсо да Афганистанда согушуп жаткан армияда кызмат өтөө менин эркимди абдан катуу такшалтты, турмушта кезиге турган ар кандай кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүүгө үйрөтүп, кийин мага ар кыл кырдаалда көп ирет жардам берди. Ошондуктан турмуш кыйынчылыктары согуштагы сыноолордон кийин мага анчалык деле татаал болгон жок. Студент болгон адам студенттик турмуштун маанисин абдан мыкты билет эмеспи. Аны жаштыктын кайталангыс алтын учуру деп бекер жеринен аташпайт. Менин эсимде анда окуган алты жыл, жатаканабыздагы студенттик шайыр кечелер кадимкидей сакталып калды. Мен бизди окутуп, өздөрүнүн билимдерин марттык менен бөлүшкөн өзүмдүн окутуучу-насыятчыларымды да унуткан жокмун. Алар бизге фундаменталдык терең билим берип, ар дайым өздөрүнүн тарбиялануучуларына көңүл бөлүп, камкордугу менен курчап келишти. Бул үчүн аларга жүрөктөн чыккан өзгөчө ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.
Академияны бүтүрүп, окумуштуу-агроном деген кесип боюнча диплом алдым, бирок, тилекке каршы, бул убакыт биздин дүйнөлүк кубаттуу мамлекетибиз Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун ыдыраган мезгилине туура келип калды.
Мекениме кайтып келүү
Москвадагы окуумду бүтүрүп, мен 1993-жылы үй-бүлөөм менен Кыргызстанга кайтып келдим. Өлкөбүз көз карандысыздыкка жетишип, өз алдынча мамлекет болуп калган кез эле. Ал өлкөбүздүн өткөөл мезгилдин бардык кыйынчылыктарын өз башынан кечирип, базар мамилелерине өтүүгө, экономикалык өнүгүүнүн батыштык үлгүсүн киргизүүгө аракет кылып жаткан мезгил болчу. Агрардык реформа башталып, мурда колхоздор менен совхоздорго тиешелүү болгон жер аянттары айылда жашагандардын баарына таратып бериптир. Бирок, азыркыдай эле өкмөттүн өлкөнүн стратегиялык өнүгүшүнө багытталып, ар тараптан терең ойлонулуп, таразаланып туруп түзүлгөн планы жок эле өздөрүнүн бир нече соткадан турган жер үлүшүн алган айылдыктар батыштын үлгүсүндөгү чыныгы фермерге айланууга умтулууну башташыптыр. Мурдагы, ондогон жылдардын аралыгында калыптанып калган чарбалык үлгүнүн, көп багыттуу байланыштардын бир заматта эле кыйрап калышынын кесепети менен, агрардык тармактардагы дасыккан адистерге болгон муктаждык жоюлуп, алар талап кылынбай калды.
Биз эч кандай экономикалык божомолсуз, терең ойлонулуп түзүлгөн планы жок туруп эле, шашылыш түрүндө батыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын механикалык жол менен көчүрө баштадык. Кыска мөөнөттүн ичинде өлкө түшүмдү көп берүүчү сугат жерлеринен ажырап калды, дүйнөлүк рынокто туруктуу түрдө талап кылынып турган уяң жүндүү кой чарбасы жоюлуп кетти. Республикабыз жок дегенде өзүнүн кантка, өсүмдүк майына болгон ички керектөөлөрүн да камсыз кыла албаган абалга жетти. А, бирок, мындан бир нече жылдар эле мурда айыл-чарба азык-түлүктүн бул түрлөрү боюнча Кыргызстан Борбор Азия аймагында алдыңкы орунду ээлеп, артып калгандарды бөлөк республикаларга экспорттоп турчу.
Ошентип, алган кесибимди өз жеримде пайдаланууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыгына байланыштуу кайрадан Москвага кетүүнү чечтим. Мен бул шаарды жакшы билем, окуган беш жылдын ичинде анын бардык булуң-бурчтарын кыдырып чыгып, жалпы шаардык иш-чараларын көрүүгө аракет кылып жүргөм. Москва - мурунку Союз менен бүгүнкү Россиянын дүйнөлүк маанидеги негизги саясий, экономикалык, административдик, өнөр-жайлык, илимий жана маданий борбору, ааламдын эң ири мегаполистеринин бири. Азыркы учурда 10 миллионго жакын адам жашап жатат, ал эми анын аймагын Москва облусунун эсеби менен кеңейтүү жөнүндөгү өкмөттүн чечимин эске алсак, келечекте шаардын калкынын саны 14 миллионго чейин жетмекчи.
Москвага келээрим менен, мен өзүмдү эски тааныш үйүмө келгендей сездим. Ошентсе да, алдыда мени бир далай кыйынчылыктар күтүп турган эле. Дүйнөнүн бардык эле ири шаарлары сыяктуу Москва да бардык келген кишилерди ар башкача, тактап айтканда, өзүнчө тосуп алат. Анын өзүнүн өзгөчөлүктөрү, жазылбаган эрежелери бар. Өзүнө тартып кызыктырган, салтанаттуу кооз турмушу менен катар, анын кадимкидей оор, кээде өтө эле катаал жактары дагы бар. Орусиянын борборунан биринчи жолу орун-очок алып калууга аракет кылган ар бир адам өзүнүн жекече жөндөмдүүлүктөрү менен мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, сыноонун катаал мектебинен өтүүгө мажбур болот. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн жумуш, жетиштүү жашоону издеп, Москвага он миңдеп агылып келип жатышкан мигранттар өздөрүнүн жон териси менен сезип жатышат. Россиянын миграциялык кызматтары жакында расмий билдиргендей, бул өлкөгө келип жаткан мигранттардын саны америкалык көрсөткүчтөрдөн эчак эле ашып кетти. Мындай көрүнүш мындан ары да улана бермекчи. Москвага кайткандан кийин туруктуу турак жайым жана тийиштүү каржылык жок болгондугуна байланыштуу, мага кыйла эле оор болду. Москвалык турмушумдун баарысын чечмелеп отурбастан, башымдан өткөргөндөрдүн бардыгы арт жакта калганын гана айткым келет. Мен өзүмдүн жолумда кезиккен тоскоолдуктарды жеңип, жумуш таптым, жашоомду жөнгө салып, үй-бүлөмдү ойдогудай багууга жетише алдым. Ошондуктан, жумушсуздуктун айынан аргасыздан эмгек мигранттары болуп калышкан менин бир тууган мекендештерим кезиккен кыйынчылыктар жана азап-тозоктор мага жакшы түшүнүктүү.
Алардын баары эле турмушта өз ордун таба алышпайт, көпчүлүгү эмгектин өтө оор шарттарында иштешет. Бирок, Мекенинде калган өздөрүнүн үй-бүлөөрүнүн татыктуу багыш үчүн алар ден соолугунан ажырап, бардыгына макул болуу менен, билимди талап кылбаган оор кара күч жумушунда: көчө шыпыруучу, жүк түшүүрүчү, кароолчу, идиш жуугуч жана башка болуп жан багышат. Айрымдары кайырчылык кылышып, бомждорго айланышат, кылмышкерлик жолго түшүшөт, кээ бир кыздар сойкулук менен жан багууга мажбур болушат. Көпчүлүк учурларда мигранттарга орус тилин билбегендиги, тийешелүү кесибинин болбогондугу тоскоолдук кылат. Бирок, мындай оорчулуктар жана тоскоолдуктарга карабастан кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө жыл сайын орто эсеп менен 1,5 миллиард долларга тете акчалай каражатты жөнөтүп турушат. Бул болсо, Республиканын бүтүндөй жылдык бюджетинин дээрлик жарымын түзөт. Аларга биз чоң таазим кылып, ызаат көрсөтүшүбүз керек! Жердештерибиздин чоочун жердеги оор абалын көргөнүңдө, тим эле жүрөгүң сыздайт. Эгерде жергебизде бардыгы өз ордунда болуп, завод, фабрикалар иштеп турса, курулуш иштери кулач жайса, калкты тейлөө жагы колго алынса, агро-өнөржайы өнүгүп, жумушсуздук жоголгон болсо, жүз миңдеген биздин жигиттер менен кыздарыбыз өз элин, жерин таштап, мигранттарга айлануу менен, бөлөк өлкөнүн жарандыгын алат беле? Албетте, жок!
Белгисиз жолдор менен бизнеске киришүү
Айланадагылардын баарысы өтө тездик менен өзгөрүлүп, дүйнөдө глобализация токтоосуз жүрүп, алдынкы орундарга базар экономикасынын, бизнестин жана ишкердиктин мыйзамдары чыгып жаткан бүгүнкү шарттарда билимдер менен тажрыйбанын эски жүгү менен аракет кылуу да, жашоо да мүмкүн болбой калды. “Өткөн мезгилдин арабасы менен алыс кете албайсың” деп абдан туура айтылган. Ошондуктан ойлоно билген адам жаңы мезгилдин талаптары менен бирдей кадам шилтөөсү зарыл. Азыркы шарттарга техникалаштыруу, интернетти кеңири колдонуу, экономика менен социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн жаңы, инновациялык ыкмаларын издеп табуу түшүнүктөр тийешелүү эмеспи. Мен буларды эске алуу менен, ишкердиктин жолуна түшүү максатында, чакан бизнестен баштоого умтулдум.
Адамдын тагдырын алдын ала эч ким айтып бере албайт. Тагдыр көптөгөн айкын-ачык себептерге, шарттарга, көрүнүштөргө, бирок, баарыдан мурда, адамдын өзүнө көз каранды болот. Чын эле, эгерде адам өзүнө өзү жардам бербесе, эч ким ага сырт жактан таасирдүү кол кабыш кыла албайт. Булардын баарын мен ашыгы менен өз башымдан өткөрдүм. Өткөн кылымдын өзгөчө оор болгон ошол 90-жылдарынын башында, эч кандай ресурсу болбогон жаш жигитке, үй-бүлөлүк, турмуш-тиричиликти чечүүдө өзүмдүн гана күчүмө ишенүүгө туура келди. Академиялык билимим, дипломум, Москвада аман-эсен жашап калууга ашып-ташыган каалоомдон бөлөк эч нерсем жок болчу. Иш издеп кайда гана кайрылган жокмун, алар ар кандай компаниялар, мекемелер, бизнес-түзүмдөр жана башкалар эле. Алдын ала аңгемелешүүлөрдөн өтүп жатып, алардын ортосунда менин мүмкүнчүлүктөрүм, талаптарым менен каалоолорума дал келбеген күнүмдүк, бир жолку жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн да колдон чыгарган жокмун. Акыр аягында камсыздандыруу компаниясына менеджер болуп ишке орношууга жетиштим, бул ошол мезгилдин чен-өлчөмүн алып караганда дурус эле кызмат болчу. Мен адеп аңгемелешүүгө келгенимде кызматка алынууга менин кенедей да мүмкүндүгүм жоктой сезилди. Бош орунга талапкер болушкан көптөгөн адамдар топтошуп турушту. Алардын көбү славян кейпиндеги эркектер менен аялдар, жаштар, аземдеп кийинишкен адамдар эле. Бир топтору өз ара орус тилинде гана эмес, англисче да сүйлөшүп жатышты.
Өздөрүнө ишенүү менен, алар башкаларга үстөмдүк менен карап жатышты. Албетте, алардын үмүтүндө мен таптакыр эле асмандан түшкон немедей көрүндүм окшойт. Ошентип, мен кезек күткөндөрдүн эң артында болуп калдым. Шыпылдаган катчы кыз талапкерлерди өзүнүн жетекчисине киргизип жатып, кезегим келгенде мени жактырбаган түр менен баштан аяк карап чыкты. Салам айтып компаниянын Роберт аттуу топ менеджерине киргенимде, ал мени үңүлө тиктеп алып: “Эмне үчүн биз дал ушул орунга сизди алууга тийишпиз деп ойлойсуз?” - деген суроо таштады. Мен колумда эки балам бар, үй-бүлөмдү багыш үчүн иш табууну аябай каалайм, эгерде сиз мага бул ишти ишенип берсеңиз, мен аны так, ак ниеттүүлүк менен, тырышып аткарып берем, чын дилим менен жооп кайтардым. Калыбы, менин ачык сүйлөгөнүм Робертти канааттандырды окшойт, анткени ал өзү да көп жылдар мурда өз ишмердигин так ушундай жол менен баштаганын айтып берди. Мен мына ушинтип бул кызматка орношкон болчумун. Ошондо мен чындыктын – ишенимдүү жана кубаттуу күч экендигине дагы бир жолу көзүм жеткен эле.
Акырындык менен, кадамдан-кадам шилтеп отуруп, ишкердикти “а” тамгасынан баштоого туура келди. Үч жылдын ичинде орто даражадагы башкаруучу болуп иштеп, бир нече компанияларды алмаштырдым. Убакыттын өтүшү менен өзүмдүн жеке бизнесимди баштоого жетишээрлик бир аз каражат топтоп алууга жетиштим. Өзүмдүн досторум менен бирге кызмат көрсөтүү рыногунда компаниямды каттоодон өткөрүп алдым. Аздыр-көптүр каражатты .үнөмдөп, чыгымдарды азайтуу үчүн эмгек акы албай иштөөгө мажбур болуп, колго тийген акчаны эң эле зарыл болгон нерселерге: офисти ижарага алууга, оргтехникага, кызматкерлерди окутууга пайдаландык. Кошумча тапшырыктарды алуу ишенимине ээ болуш үчүн, бизге чыгаша тартуу менен иштөөгө туура келди. Мына ошентип, акча каражаттын жетишсиздигине байланыштуу аларды өзүңдүн ишмердигиңдин туура жана келечектүү экендигине ынандыруу менен, тааныштардан карыз алууга мажбур болдум. Акырындык менен күч-аракеттердин натыйжасында, компаниямдын акча каражаттары өсө баштап алар, акыр аягында, биз үчүн кадимкидей олуттуу, чоң заказдарды алып келди.
Андан кийин, кошумча агрардык билимге ээ болуп, Германияга барып ассистенттик кызматта иштедим, андан соң ландшафттык дизайн, курулуш, риэлтердик кызмат көрсөтүү чөйрөсү айдыңындагы үй бүлөөлүк чакан ишкананы негиздеп алууга жетиштим. Өзүн эң алгачкы бизнесин баштоого умтулгандар үчүн кызмат көрсөтүү рыногуна чыгуу ошол мезгилдеги бирден бир туура чечим болду. Убакыт өтүп, бизнес өсүп бекемдей баштаган сайын, каржылык ишмердик менен менеджмент чөйрөсүндө көбүрөөк тажрыйбага жетишүүгө аракет жасап, бир эле мезгилде экономиканын ар кандай тармактарындагы тааныштарымды кеңейте баштадым. Жетишээрлик материалдык ресурстарга ээ болуп, чет өлкөлөргө чыгуу менен, алардын өнүккөн компанияларынын алдыңкы тажрыйбаларынын зор кызыгуу менен үйрөнө баштадым. Бул болсо, кийинчерээк менин ишкердигиме абдан чоң жардам берди.
Ишкердик аброй - менин эң башкы ченемим жана куралым
Ар бир иште, мейли ал чоңбу же кичинеби, адамдын аброю чечүүчү ролду ойнойт. Сага ишеним болмоюнча, алдыга койгон максатыңа жетип, ийгиликке ээ боло албайсың. Буга, Москванын ар кандай чоң мекемелерде, ар кандай кызматтарда иштеп жүргөн кезимде көзүм биротоло жетти. Ошондуктан эртеңки заказчиктер арасындагы аброй жана кадыр-барк маселелери мен үчүн ар дайым негизги мааниге ээ. Жыйынтыгында дал ушул себеп менин ишканамдын өсүп өнүгүшү үчүн чечүүчү шарт болуп калды. Мен үчүн өзүм ээ болуп турган каржылык каражаттардын көлөмү гана эмес, ошондой эле аткарылып жаткан иштин түпкү натыйжалары да маанилүү деп эсептейм. Жакшы аттуу болуп, тааныштардын чөйрөсү менен контингентин кеңейтүү менен, чет өлкөлүк бир компаниянын активдерин башкаруу боюнча жетекчисинин ордун ээлеп калдым. Менин үлүшүмө түшкөн мындай сейрек мүмкүнчүлүктү чет өлкөлүк кесиптик бай тажрыйбаны алууга жана башкаруучунун өнөрүнүн сырларын толук үйрөнүү үчүн пайдаландым.
Бирок иш үстүндө баратып эле жаңы билимдерге ээ болуу оңойго турган жок, анткени, башкаруу – бул көп жактуу, өзүнүн өзгөчөлүктөрү, ал тургай “купуя сырлары” да бар, кылдат иш эмеспи. Ошондуктан сыноо жүргүзүлүп жаткан учурда уйкусуз түндөрдү өткөрүп, сунуш кылынган ишти майда-чүйдөлөрүнө чейин ойлонуп, мүмкүн болгон варианттарын тандап, салыштырып чыгууга туура келди, анткени өзүмө көрсөтүлгөн ишенимди аткарбай коюп, бирөөлөрдүн алдында уят болуу – мен үчүн эң чоң жаза болмок. Ар дайым көңүл коюп, так болуу – мага ата-энем тарабынан берилип, афган салгылашууларында текшерилип жана күчөтүлгөн сапаттар болчу. Алар мени турмуштун татаал чыйырларындагы жолдо ар дайым куткарып келген. Мен ишкердик чөйрөсүндө канчалык чоң тажрыйбага ээ болуп, канчалык кесипкөйлүк ыкмаларга, билим менен чеберчиликке жетишкен сайын өзүмдүн бизнесимди туруктуу түрдө өнүктүрүү жана кеңейтүүнүн сырдуу жолдорун ошончолук ишенимдүүлүк менен колдоно баштадым. Ар бир учурларда өз алдыма тиешелүү максат коюп, жаңы чектерди белгилеп, белгиленген натыйжаларга жетиш үчүн бел чечпей иштөөгө туура келди.
Чет өлкөлүк ири компаниянын башында
Бизнес чөйрөсүндөгү менин ийгиликтерим бара-бара россиялыктарга гана эмес, ошондой эле айрым чет өлкөлүк компанияларга дагы белгилүү боло баштады. Ошондуктан батыш компаниялары тарабынан мага Москванын тарыхый борбору болуп саналган – эски Арбаттагы 25 миң чарчы метр аянттагы ири соода-офистик комплекстин курулушун башкарып берүү жөнүндөгү сунуштун түшкөндүгүндө таңгалаарлык күтүлбөгөндөй деле эч нерсе жок болчу. Бул ишкананы мен “Арбат-менеджмент башкаруу компаниясы” деген ат менен каттоодон өткөзүп алдым. Долбоорду баштоо үчүн мага биринчи кезекте ири объекттердин курулушунда иштөө боюнча тажрыйбасы бар кесипкөйлөрдүн тобун: дасыккан инженер-куруучуларды, каржычыларды, эл аралык консалтингдик компаниялар менен кызматташтык чөйрөсүндөгү юристтер менен менеджерлерди тездик менен чогултуп алуум зарыл эле. Долбоор башталган учурдан ал бүткөнгө чейинки бардык чыгымдар, бардык тараптардын кызыкчылыктарын кошуу менен, АКШынын 40 миллион долларынын чегинде бааланган болчу. Бул – ири сумма экендигине байланыштуу көптөгөн акционерлер аталган объектти башкаруу мага тапшырылгандыгы боюнча чочулап жатышты. Бул кырдаалды эске алып жана мойнума түшкөн жоопкерчиликтин жүгүн түшүнүп, өзүмдүн бүтүндөй эс-акылымды, кесипкөйлүк, интеллектуалдык жана ишкердик сапаттарымды жумшап, алардын ишенимин аткаруу үчүн, тыным албай иштеп жаттым. Жыйынтыгында курулуш ийгиликтүү бүткөрүлүп, белгиленген мөөнөттө ишке киргизилди. Азыркы учурда мен бул маанилүү объектке тартылган бардык адамдар менен өтө жылуу мамилелеримди сактап калгам. Жеке өзүм мага көрсөткөн терең ишеними жана колдоосу үчүн аларга ак дилимден ыраазычылыгымды билдирип кетем.
Аталган курулушту ишке киргизүүдө мага көптөгөн архитекторлор, ири башкы жалдамачы (генподрядчик) курулуш тармактарынын жетекчилери, банкирлер, ошондой эле, “Джонг Ленг Лассаль”, “Коллерс”, “Найт Френк” сыяктуу жана башка белгилүү эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен баарлашууга туура келди. “ТНК–ВР”, “Мидлант”, “Кросспойнт”, “ВНS” сыяктуу жана башка эл аралык компаниялар мен куруп берген “А” классындагы бул имараттын ижарачыларынан болушту. Алар менен туруктуу түрдө баарлашып, иштеп жүрүп, башкаруу өнөрүндө эң чоң тажрыйбага ээ болдум. Айтмакчы, менин кийинки ишмердигимде анын жакшы эле пайдасы тийди. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, мен кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө инвестицияларды тартуу боюнча фонддор менен жигердүү кызматташтыктарды жүргүзгөн өзүм жеке башкарган компаниямды негиздеп алдым. Бул тармакта иштөө менен, мен анын жаратуу ишинде мүмкүнчүлүктөрдү бере тургандыгына жана анын келечегинин өтө зор экендигине көзүм жетти. Анткени, курулуш менен ички түзүмдү (инфраструктураны) өнүктүрүү ар дайым ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн чечүүчү багыттар болот деп эсептелип келген.
Арт жагыма кылчайып, ар дайым алды жагымды карайм
Ошол мезгилдеги биздин жалпы мекенибиздин борборунан билим алууну эңсеп, 1986-жылдын күз айында мен Фрунзе–Москва поездине түшкөн мезгилден бери 25 жыл өтүп кетти. Ал кезде өзүмдүн кийимдерим, аскер шинели жана энем берген бир аз акчадан башка ашыкча эч кандай деле жүгүм жок болчу. Ошондо мен узак мөөнөткө кетип жатам жана бир нече жылдан кийин ийгиликке жетишкен ишкер болуп калам деп болжолдогон да эмесмин. Турмуштук кырдаалдар менен оң-тетири көз караштарга байланыштуу, мага экинчи жолу үйлөнүүгө туура келди. Тагдырым мага ак көңүл, кайрымдуу жубайга туш кылганына миң мертебе ыраазымын. Биз он жылдан ашуун убакыттан бери бир үйдө ынтымактуу, бирдиктүү үй-бүлөнүн кучагында жашап келе жатабыз. Ал Москванын жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп иштейт. Биз эки балалуу болуп, ал эми өзүм азыр төрт баланын атасымын, алардын экөө мурдагы никемден туулган. Улуу кызым – Айсулуу Россиянын эл аралык маанидеги окуу жайлардын арасында аброю өтө бийик болгон МГИМОнун магистратурасын бүтүрүп, азыр Москвада Эларалык ири компанияда иштейт, Канышай Москвадагы Юридикалык академиясынын дипломун алып, чоң чет өлкөлүк банкта эмгектенет, уулум – Тамерлан 7-класста окуйтт, ал эми эң кенже кызыбыз – Мерседес болсо, балдар бакчасына барат.
Бул баяндамамдын баш жагында балалык чагым жөнүндө айтып жатып, балдарым мен сыяктуу балалык эмгектин оорчулугун өз баштарынан кечирбей, мага караганда жакшыраак жашаса экен деп тилегем деп жазгам. Азыр тайманбай туруп таза абийрим менен мен эңсеген тилегиме жеттим, өзүмдүн кыздарым жана уулум менен сыймыктанам деп айта алам. Мен Москвага экинчи ирет кетип жаткан ошол кезде кишилер мыйзамдарды сыйлашып, бири-бири менен мамилелери жакшынакай болчу. Жөнөкөй адамдар бийлик өкүлдөрүн сыйлашып, жогору жактан берилген көрсөтмөлөрдү ак ниеттүүлүк менен аткарып, өздөрүнүн милдеттерине өтө бийик жоопкерчилик менен мамиле жасашчу. Калктын көз алдында мектептер, жолдор, клубдар, балдар бакчалары, коммуналдык жана турмуш тиричилик багытындагы жана көптөгөн бөлөк объектилердин курулушу жүргүзүлчү. Мындай иштердин натыйжалары карапайым калктын бийликке болгон сыйлоо сезимин арттырып турчу. Чындыгын айтсам, биз бирдиктүү, кубаттуу жана ынтымактуу советтик үй-бүлөдө жашап келген ошол мезгилдеримди кейиштүү сезим менен эстеп калам.
Бүгүн министр, же мамлекеттик комитеттин төрагасы ошол кездеги колхоздун башкармасы, совхоз, завод, же фабриканын директорлорундай сыйлоо мамилесине ээ эмес. Коррупциянын кылдаттык менен түзүлгөн схемасы болуп саналган, бири-бирин колдоо, тууганчылык жана бир-биринин айыбын жашыруу күчүнө таянышып, мамлекеттик чиновниктер өздөрүнүн арамза чагымчылыктарынын барымтасында калып олтурушат. Алар элдин жыргалчылыгы жөнүндө жандарын кейитпейт, өздөрүнүн жашоо-турмуштарын жакшыртуу менен алпуурушуп, кандай болбосун мамлекеттен булуп-жулуп алуу, салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнүн эсебинен байып кетүү үчүн жанталашып турушат. Эң эле кейиштүүсү – жашаган жери, уруусу жана уругу боюнча бөлүштүрүү токтолбостон, жүрүп жатат. Жасалма жол менен кооз аталыштарынан башка эч нерсеси болбогон, эң эле көп саясий имиш деген партиялар түзүлдү. Бир ууч кишилер байып, ал эми элдин басымдуу көпчүлүгү жакырланып жалпы калкыбыздын турмуш дэңгээлинин тездик менен төмөндөп жатышына элибиз чыдай алган жок. Мындай абал жүрүп олтуруп, өлкөнүн мурунку эки президентинин авторитардык, үй-бүлөлүк бийлигинин кулашына алып келди, бирок республиканы башкарууну өз колуна алган убактылуу өкмөт да өлкөдө орун алып келаткан кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртө алган жок. Бийлик башында – Акаевдик-Бакиевдик
режимдердин мурдагы көптөгөн жан-жөкөрлөрү келип отурушту. Батыштан билим алып, европалык үлгүдө тарбияланган, чет тилдерин билип, менеджмент менен маркетингдин негиздерин өздөштүрүп алган таланттуу жаштар агылып келген жок.
Бирок башталган иштин аягы да болот эмеспи. Биздин заманда өкүм сүрүп жаткан мындай кырдаал чексиз эле улана бербейт. Биз өткөн чактын сабагын, бийликтин кетирген каталарын даана аңдап түшүндүк, ошондуктан өзүбүздү-өзүбүз алдаганды, курулай убадаларга ишенгенди токтотуп, биздеги оорун алган абалды түп тамырынан бери оңдоого багытталган чечкиндүү чараларды кабыл алышыбыз керек. Эмгек акы менен пенсияларды бир аз көтөрүп кою менен да кыргызстандыктардын жашоо-турмушун оңдой албайбыз. Бул үчүн күчтүү экономиканы өнүктүрүп, чыныгы демократиялык, укуктук мамлекетти түзүү менен, өлкөбүздө жарандык тынчтыкты, бейпилдикти, саясий тең салмактуулукту орнотушубуз зарыл. Эгерде антпесек, ойлонуп жүргүзүлбөгөн, баш аламан калыптанып жаткан зыяндуу саясат биз үчүн кыйроо менен бүтүшү да ажеп эмес.
Саясатка карай алгачкы кадамдар
Мекенибизде орун ала баштаган кырдаал, анда өкүм сүрүп жаткан окуялар мени абдан эле кабатыр кылды. Экономикалык абалдын туруксуздугунун, жумушсуздуктун өсүшүнүн кесепетинен улам чет өлкөгө чыгып кетип жаткан кыргызстандыктардын саны токтоосуз түрдө өсө баштады. Алардын басымдуу бөлүгүн 15 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жарамдуу адамдар түздү. Саясий туруксуздук, аныкталып чыккан экономикалык саясаттын, мамлекеттик идеологиянын жоктугу – өлкөдөгү ансыз да оор абалды начарлатып салды. Тышкы саясатты ишке ашыруудагы айкын-ачык багыттын болбогонуна байланыштуу, республикабыз эл аралык саясий чагымдарга улам тереңдөө менен тартылып, Россия, Америка жана Кытайдын ортосунда ордун табууга аракеттенип, муну менен өзүнүн көз карансыздыгына коркунуч туудурду. Албетте, ушул жерде туулуп-өсүп Кыргызстанга келе жаткан коркунучка кайдыгер кароо эч мүмкүн эмес. Булардын баарын көрүп-билип туруп, өзүмдүн кыргыз ата-бабаларымдын алдындагы парзымды аткарбасам, бул менин душмандыгым. Мен буга кайдыгер, чоочун немедей мамиле кылууга акым жок. Эпадам ошондой болгондо, бул - мен үчүн суу жүрөктүк гана эмес, өзүмдүн бир тууган элимдин кызыкчылыктарына чыккынчылык кылуу дегендикке да жатмак.
Саясий ишмердикке өтүү жөнүндөгү чечимге келүү мен үчүн оңой-олтоң жана жеңил боло койгон жок. Анын өзүнчө олуттуу себептери бар эле:
- биринчиден, менин жекече саясий тажрыйбамдын жоктугу;
- экинчиден, узак жылдар бою сыртта жүргөндүгүмө байланыштуу, мекенимде мени жакшы билишпегендиги;
- үчүнчүдөн, саясий партияны түзүү үчүн убакыттын чектелүү болгондугу;
- төртүнчүдөн, саясий таанылуу рейтингдин жоктугу жана башкалар эле.
Жашырганда не, менин саясатка кирүү чечимим бизнес чөйрөсүндөгү өзүмдүн көптөгөн тааныштарымды таң калтырмак гана тургай, кадимкидей эле деңдароо да кылып койду. Идея үчүн кантип эле жетишилген ийгиликтердин баарынан баш тартып, Москвадагы жөнгө салынган бизнести, ишкер адамдардын арасында ээлеген орунду таштап салып, көндүм болгон жерден кетип калат, деп алар түшүнө албай коюшту. Бирок өзүм бир нече жолу белгилегендей, өлкөдөгү оор абалды көрүп туруп, Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндөгү өзүмдүн оюм менен чечимимден баш тарталбай калган элем. Саясий ишмердиктин чыйырындагы өзүмдүн алгачкы кадамдарымды мен эмнеден баштадым? Адегенде, чет өлкөдө жашап жана аракеттенип жатышкан, менин чечимиме түшүнүү менен мамиле жасап, өлкөдө түзүлгөн оор абал жана аны оңдоо өтө зарыл экендиги жөнүндөгү менин көз карашыма макул болушкан кыргыз ишкер адамдарынын бир тобун чогулттум. Андан кийин бул ишке көз карандысыз компанияны тартуу менен, республикада социалдык калыс сурамжылоону өткөрүүнүн жоопкерчилигин өзүмө алдым. Анын жыйынтыгы боюнча биз өзүбүздү кызыктырган бардык суроолорго жооп алууну көздөдүк. Бул изилдөөнү жүргүзгөндөн кийин өлкөбүз жаңы, таасирдүү күчтөрдүн келишине муктаж экендигин билдик. Калктын дээрлик 80 пайызында акыркы 20 жылдын, башкача айтканда өлкө көз карандысыздыкка жетишкен мезгилдин өзүнөн тарта, саясий айдыңда иш жүргүзүп жаткан саясий ишкерлерге ишенбөөчүлүк сезими калыптанып калгандыгы аныкталды. Бул саясий партиялар менен алардын башчыларынын дээрлик көпчүлүгүнүн элдик ишениминин өтө төмөн экендигин күбөлөндүрүп турат.
Мен ошондо 2010-жылдын күз айларына белгиленген парламенттик шайлоого катышуу – Кыргызстандын саясий мейкиндигине чыгышы үчүн бизге болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктү камсыз кылаарын түшүнгөн элем. Муну менен биз, башкаруунун прогрессивдүү жаңы ыкмаларын киргизүү аркылуу өлкөнү өсүп-өнүгүүнүн жолуна буруу менен, кийинки шайлоолордо электораттын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло алат элек. Топтун катышуучулары менен алдын ала макулдашуубуз боюнча биз ар кайсы өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин эсебинен түзүлгөн бир нече таптакыр жаңы партиялар менен алардын лидерин алып чыкмакпыз. Тилекке каршы, бул оюбуз ишке ашпай, шайлоодо мен жаңы түзүлгөн "Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясынын башында өзүм жалгыз болуп калдым.
Ушул жерден мен бул маселени чечмелеп, бөлөктөргө доомат арткым келбейт, анткени мындай кыйла татаал чечимдерди кабыл алуу – күчтүү саясий эркти жана материалдык бир топ чыгымдарды талап кылат эмеспи. Ал эми мен өзүмдүн каржылык каражаттарымды чоң күч аракеттеримди жумшап жатып, далай жылдардын аралыгында иштеп тапкан болчумун. Ийгиликке жетише албай калып, эмгектин арты менен жыйналган каражаттарымды алеки саатта жоготуп алуу – өтө опурталдуу эле, мындай чечимге баруу үчүн чоң эрк керек.
2010-жылдагы парламенттик шайлоо - менен биринчи олуттуу сыноом болду
Менин Жогорку Кеңешке шайлоого баруу жөнүндөгү биротоло чечимиме байланыштуу, уюштуруучулук багытындагы өтө чоң көлөмдөгү иштерди жүргүзүү зарыл эле, бирок, тилекке каршы, убакыт абдан аз болчу. Шайлоого болгону эки ай гана калганда,
"Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын талаптарына ылайык, биз өз учурунда партиябыздын атынан чыккан талапкерлердин тизмелик курамын өткөрүп бердик. Көптөгөн партиялар парламентке мүчө боло турган өздөрүнүн талапкерлеринин тизмесин алар кошкон акчанын суммасына жараша түзүп чыгышты. Бул үчүн аларга күн мурунтан ал тизменин үстүнкү сабынан орун берүүгө, ал эми, жеңишке жетишип калса – тиешелүү кызматтарга коюга убада берип жатышты. Ошентип, алар атыла элек аюунун терисин бөлүштүрүүгө киришти. Үгүт-насыят иштери – бул партияны аябай көкөлөтө мактоо, экинчиси – ошондой эле жамандоо, кээде тыюу салынган ыкмаларды – “кара” пиар жана ыплас саясий технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүп жатты.
Кыргызстандын саясий айдыңында орун алган саясий кырдаалды ар тараптан талдап туруп, 2010-жылдын 17-сентябрында, Жогорку Кеңешке шайлоого аттанаардын алдында Москвадагы “РИА-Новости” маалымат агенттигинде журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, аларга шайлоо алдында түзүлгөн кырдаал жөнүндө толук айтып бердим. Мен окуялардын кандай багыттарда өөрчүй тургандыгынын болжолдуу сценарийин, дааналап айтканда, ашып кетсе, 5 пайыздык тосмодон өткөн 5-6 партия парламентке өтө алат деген оюмду билдирдим. Лидерлик кылган партиялар орто эсеп менен бардык шайлоочулардын 20 пайыз добушуна жетишет, башкача айтканда бир дагы партия парламенттик көпчүлүккө ээ болбой тургандыгын айттым. Өкмөттү түзүш үчүн партиялар өз ара макулдашууга келип, коалиция түзүүгө мажбур болушат. Парламентти көзөмөлдөгөн коалиция премьер-министрди дайындап, өкмөттүн курамын түзөт. Пресс-конференцияда мен бул Министрлер кабинетинин жөндөмсүздүккө алып келип, анын борпоң саясий күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүн, тактап айтканда, алардын ыйкы-тыйкысын чагылдырып, келишүүчүлүк түрүндө, жүүнү бош боло тургандыгын болжолдодум. Мындай өкмөт чечкиндүүлүк менен иштеп жана аракеттене албайт, анткени анын жекече курамындагы келишүүчүлүктөр менен карама-каршылыктар мындай кадамдарга коюлган бөгөт болуп саналат.
Менин бардык божомолдорум кийин туура чыкты, өлкөдөгү саясий кырдаал турукташпастан, тескерисинче, начарлай баштады. Башка партиялардан айырмаланып, үгүт-насыятты биз таптакыр бөлөк ыкмалар менен жүргүздүк. Биздин эң негизги куралыбыз болуп, биз шайлоочуларга эч жашырбай айтып берип жаткан кашкайган чындык болду. Мен депутаттыкка мүмкүн болуучу талапкерлерден акча алууга тыюу салдым. Шайлоо алдындагы уюштуруу иштерге күнүмдүк чыгымдарды жеке каражаттарымдын эсебинен жаап жаттым. Саясий жана уюштуруучу тажрыйбанын жоктугуна байланыштуу, биз бул ишке өздөрүнүн жекече каржылык көйгөйлөрүн гана чечип алууга умтулушкан кээ бир уятсыз адамдарды тартып алганыбызга катуу өкүндүм. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алардын чыныгы себептери акыры түбү анык болду. Айрымдары алабыз деп жаткан акчаны күтпөй эле, менин дарегиме жаман сөз айтып, ыплас ушактарды таратуудан кайра тартышкан жок. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде аларды түшүнүүгө болот деңизчи: өлкөдө каатчылык орун алган, жумушсуздук күчөп турат, калктын жашоо-турмушу дагы эле начар, мына ошондуктан адамдар кенедей мүмкүнчүлүк болсо да, анын ичинде – шайлоону пайдалануу менен, өздөрүнүн оор абалын эптеп жеңилдетип алууга аракет кылып жатпайбы. Ошондуктан мындай адамдарды айыптоо мен үчүн күнөө болоор эле, бирок алар эртеби, кечпи, мени туура түшүнүшөт го деп үмүттөнүүгө туура келет.
Бүгүн мен биздин өлкөбүздүн миңдеген карапайым жарандары сыяктуу эле, бийликтик эч кандай укуктар менен ресурстарга ээ эмесмин. Ал тургай коомдук-саясий ишмердикке киришип кетип, жөнөкөй жаранга караганда, ар күн, ар саат сайын олуттуу кыйынчылыктар менен көбүрөөк кездешип келатам. Бул китептин баш жагында, биздин кыргыздардын салты боюнча, өзүмдүн бабаларымды жети атама чейин санап өтпөдүмбү. Мындай кылганымды себеби - биздин ар бирибиздин көчмөн элдин тукуму экенибизде, ар бирибизде байыркы ата-бабаларыбыздын руху бар экендигинде, ар бирибизде алардын менталитети орун алгандыгына байланыштуу болуп отурат.
Караламан кыргыздын ички касиети менен табияты биздин жергебизде 70 жылдан ашуун убакыт бою жашап келген совет бийлиги орнотулганга чейин эле жаратылыштын, мезгилдин жана элибиз алмустактан бери өз башынан кечирип келаткан турмуш ыргагынын өзү менен калыптанып калгандыгы белгилүү. Кыргыздар өздөрү жашагысы келген конуштарды, өздөрүнүн малын жая турган жайыттарды эркин тандап алууга укуктуу болушкан. Аман-эсен жашап калуунун өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болуп, алар кыйшаюсуз түрдө колдонулуп келген жана эч ким адамдын жекече эркиндигине чек кое алган эмес. Адамдын кадыр-баркына шек келтирүү сыйлабагандыкка жатып, айыпталып турган. Адилеттүүлүк сезими баарынан жогору бааланган. Күнүмдүк тиричилик менен, жашоо шарттарынын татаалдыгын сырткы коркунучтарды көчмөндөр көптөгөн кылымдар бою биргелешип башынан өткөрүп, биргелешип жеңип келишкен. Кырсыктардын алдында алар бирдиктүү болушкан. Биз бүгүнкү күндө мындай баалулуктардын эмнесин сактап кала алдык? Соңку 20 жылдын аралыгында биз жаратылыштык ар кандай кыйроолорго да, коркунучтуу кырсыктарга дуушар болуп олтурабыз. Учурда биздин Республикабызда орнотулган жапайы капитализмдин шартында, эң эле өкүнүчтүүсү – тезирээк байып кетүү, каалагандай амал-айлалар, анын ичинде ыплас жолдор менен болсо да, материалдык ийгиликке жетүүнү эңсөө эң башкы көрүнүш болуп, жөнөкөй эле адамдык дөөлөттөр унутула баштады. Адамдын кандай жолдор менен байып кеткендигине карабай, бай адам ийгиликтин үлгүсү катары санала баштады. Айланабызда алдамчылыктын, эки жүздүүлүктүн, адилетсиздиктин илеби уруп турган чакта, биз тап-такыр эле бир-бирибизди уга да, уктура да албай калдык. Бүгүнкү коомдо эң жөнөкөй адамдын тарыхый жактан калыптанган ички руханий дүйнөсү, моралдык, ыйман-ынсаптык негиздери өзгөчө маанисин жоготуп алды. Акыр аягында, дал ушундай абал кан төгүү менен коштолгон эки революцияга алып келбедиби. Мыйзамдарды эсепке албай уюштурулган башаламан митингдер, жыйындар, пикеттер өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылуудан башка, эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Биз баарыбыз өзүбүздүн келечегибизге, өлкөбүздүн келечегине аз-аздап доо кетирип жатабыз.
Дал ошондуктан, адам чыдагыс мындай абалды көрүп туруп, катуу ойлонуу менен өзүмдү чындыкка алып бара турган жолду издей баштадым. Анткени, менде да эркиндикти сүйүүчү кыргыздын руху менен советтик турмуштун мектебинде мурда эле калыптанып калган тарбия жашап келатат. Биз, кыргыздар, жашоонун жаңы шарттарына көнүүнүн, келип чыккан кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен көтөрө билүүнүн болуп көрбөгөндөй жөндөмдүүлүгүнө ээбиз. Мына, так ошол сапаттарыбызга таянуу менен, биз аман-эсен калганбыз жана жашообузду улантып келе жатабыз. Мен өйдө жакта жазгандай, өзүмдүн мекендештерим менен катары эле, мага да көптөгөн кыйынчылыктарга кездешүүгө туура келди, бирок, кудай жалгап, аларды жеңе алдым. Москвада тааныштарым да, досторум да жок болуп, жатаар жай таппай, Павелец вокзалында түнөп чыгууга мажбур болгондугум эмдигиче эсимде сакталуу. Андан кийин Агрардык Академияга кирип, өзүмдүн ичкен ашымды актап, мүмкүн болушунча, туугандарыма да жардам көрсөтүш үчүн кандай жумуш болбосун, аны иштеп жаттым. Кааласа, адам бардыгын көтөрө алат тура.
Материалдык жактан тиешелүү ийгиликтерге жетишип алган соң, бизнес менен ишкердик чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк алдынкы ишканалардын пайдалуу тажрыйбаларын үйрөнүп жана колдонуу максатында дүйнөнүн ар кайсы жерлерин кыдыра баштадым. Мына ушинтип, менде өзүмдүн түшүнүп билүү, дүйнө таануу жөндөмдүүлүгүмдү кеңейтүүгө, бөлөк өлкөлөрдүн калкынын жашоо-турмушуна башкача көз караш менен кароого, алар менен баарлашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Дасторкон үстүндө, бир чыны чай же кофе ичип отурганда, алар сыймыктануу менен өз өлкөсү, өз мекендештери, турмуштун ар кайсы тармактарында өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып берип жатышты. Алардын турмушунун ичинен өз көзүм менен көрүп жана байкап жатканымда менде жөнөкөй эле “эмне үчүн аларда бардыгы биздикиндей эмес” деген сезим пайда болгонун жашыра албайм. Өзүбүздүн өнүгүү жолубузда биздин батыштан алда кайда артта калганыбызды моюнга алып, качандыр бир кезде ушундай деңгээлге жетээр бекенбиз деп ойлонууга мажбур болгонумду өкүнүү менен моюнга алам. Жүрөктү эзген ооруга карабай, ар дайым бул өкмөттүн, бийлик башында тургандардын, саясатчылардын милдети, катардагы биз сыяктуу мыйзамга баш ийген жарандар болсо, эч нерсени өзгөртө албайт деп эсептечүмүн.
Биздин “Ак үйдө” Президенттин Аппаратынын жетекчилеринин бири менен кезигип калдым. Өлкөнүн тагдыры жөнүндөгү менин ой жорууларыма ал: “Кыргызстанда баары өз жайында жана так ошондой болуш керек, биз демократиялык коомду түзүп жатабыз, сырт жактан келип алып, сен бекер эле бушайман болуп жатасын”, - деп жооп берсе болобу. Бул дипломатиялык кадамым менен ага жасаган мамилемди менин чабалдыгым катары кабыл алып жатпайбы! Анын көзүнөн башкача, бейтааныш каарманды күтүп жатканын, анын ордуна кадимки эле жаш жигитти көрүп алып, тынчтана түшкөнүн сездим. Ооба, мен 24 жыл бою чоочун өлкөдө жашап, бул жердеги көрүнүштөрдүн баарына кайдигер карай албаган жөнөкөй адаммын. Ал эми, тиги, өзүнүн бүгүнкү ээлеп турган ордуна менменсиген атка минээр, баарыбыз сыяктуу эле, сөзсүз өз балдарын сүйөт, үй-бүлөсү болсо жакшы жашайт. Ал бүгүн дүйнөдө алтын да, мунай зат да эмес, маалымат, IT- технологиялар менен бийик интеллекттүү жумушчу мээлер үстөмдүк кылып жатканын да түшүнбөйт. Биз болсо, өткөн чактын жүгү менен жашап, кала берсе аң-сезимибиздин дээнгелин өзгөртүүгө да аракет жасабайбыз.
Бирок, мен өзүм алардын ролунда болгон биздин эмгек мигранттарынын кыйынчылыктарына кайрылалы. Кыргызстандан чыгып кетип жатышкан жарандардын саны жылдан-жылга токтоосуз өсүүдө. Алардын көпчүлүгү өз бактысын Россиядан, айрымдары коңшулаш Казакстандан издешсе, кээ бирлери алыскы чет өлкөлөргө чейин кетип жатат. Алар бөлөк-бөтөн жерде дуушар болуп жаткан көйгөйлөрү мага ийне-жибине чейин белгилүү. Кетип калгандардын дээрлик ар бири кемсинтүүнүн, мазактоонун, бажылык жана милициялык (азыр полициялык) өзүм билемдиктин элегинен өтүшөт. Жашоо шарттары адам чыдагыс: аял-эркеги болуп, 30-40 кишиден жертөлөлөөрдө, же жөнөкөй эле санитардык-гигиеналык шарттары болбогон имараттарда баш калкалап жашоодо.
Өзүнүн ишмердигин баштоо үчүн документтерди каттоо, уруксат менен лицензияларды алып берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү “бизнесмен кыргыздар” деген немелер пайда болду. Бирок, жергиликтүү чиновниктер менен кылмыштуу келишимге келип алышып, жердештеринин ансыз да оор турмушуна чайкоочулук жасап, алардын уят-сыйыты жок эле тыйын-терсегин талап алып жатышат. Мунусу аз келгенсип, тоолуу алыскы айылдардагы мекендештерине жакшы турмуш, татыктуу эмгек акыны убада кылып, аларды алдоо жолу менен Россияга алып чыгып, кийин арзан жумушчу күчү катары сатып жиберип жатышкан “ишкерлер” да пайда болду. Ошентип, Кыргызстандан келгендер, “экинчи сорттогу” адамдарга айланып калышат. Жергиликтүүлөр аларга текебердик менен мамиле кылып, каалаганы кодулап, басынтып, ал эми улутчул, фашисттенген маанайдагы эргулдар менен такыр баш скинхеддер жөн жеринен эле уруп согуп, зордуктап, кала берсе өлтүрүп да ташташат.
Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Борондуу бекет” ж.б. чыгармаларында таң калтыргандай түшүнүктүү кылып, жөнөкөй адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөп берген. Гулсарат жоргонун ички сезимдери менен баштан өткөндөрүн ушунчалык чеберчилик менен ачып көрсөтө алган. Мен чексиз кадырлап-барктаган Чыңгыз агай тирүү болгондо, аны өзүнүн гениалдуу таланты менен, бүгүн кемсинген абалга кабылган шордуу мигрант-көчмөндүн өз ичинен тынып, жеке жүрөк заадасына кантип чыдап жатканым ачып берүүсүн сурайт элем.
Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү изги тилегим менен
Ооба, биздин өлкөбүз өз башынан татаал мезгилди кечирип жатат, бирок мен мындай абал түбөлүккө созула бербейт, менин мекендештерим татыктуу турмушта жашашат деп үмүт кылам жана ишенем. Өлкөбүздүн келечегин сактап калыш үчүн эртеби, кечпи мен аларды баш кошуунун зарыл экендигине ишендире алам деген үмүтүмдү үзбөймүн. Ошондуктан, мен жетекчилик кылган "Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясы өз ишин чынчылдык менен, ар тараптан терең ойлонуп, цивилизациялуу жолдор аркылуу жүргүзөт жана анын практикалык ишмердиги ачык-айкын саясий башчыларга каршы багытталбайт.
Көйгөйлөрдү жоюунун бирден бир мүмкүнчүлүгү деп, мен ачык таза саясатты жүргүзүүнү эсептейм. Ал чындыкка, бизнес, кала берсе кылмышкерлик турпаттар менен жуурулушуп калган азыркы бийликтин коррупциялык тегин айтып, бет пардасын сыйрып салууга негизделген. Учурдагы бийликтин топтолуп калган социалдык-экономикалык оорчулуктарды чечүүгө, калктын турмуш деңгээлин көтөрүүгө, жарандардын коопсуздугу менен алардын балдарынын келечегин камсыз кылууга жөндөмү жетишпей жатат. Жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделип, ар бир жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган баш коштуруп туруучу жалпы улуттук идеологияны иштеп чыгуу зарыл. Жаңы жумушчу орундардын пайда болушуна, жумушсуздукту кыскартууга, өндүрүштө иштеп жаткан адамдардын эмгек акыларын көбөйүшүнө түрткү берүүчү экономикалык өнүгүү программасын кабыл алыш керек..
Биз көрүп тургандай, өлкөнүн жогорку жетекчилиги мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырып, анын кирешелик статьяларын көбөйтүү колунан келбей, шайлоо алдындагы өзүнүн куру шаңдуу программалары менен баарына угуза айткан убадаларынын туткунунда калып олтурат. Барган сайын өлкөнү ал экономикалык каатчылык менен кудуретсиздиктин (банкроттуктун) торуна айдап киргизип жатат. Элдин бийлик өкүлдөрүнө болгон лимити түгөнүп, жарандарды алдоонун ыплас жана тири укмуш технологиялары колдонулууда. Эң эле коркунучтуусу - мунун коомдо болуп кете турган башаламандыкка жана жарылууга алып келе жаткандыгында турат. Мунун өзү биздин өлкөбүздүн ыдырай башташынын белгиси болуп калмак.
Ооба, өз кезегинде кыргыз элинин залкар уулу, эң ири мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер Искак Раззаков: “Коом дегенибиз - сен жана мен. Эгерде сен таза болсон, мен таза болсом, анда анын өзү да таза болот” - деп айткан. Кандай гана акылман сөздөр, алар ар бир таза саясий партиянын , анын ичинде биздин да партиянын урааны болуп калышы тийиш.
Дагы бир ирет - мени саясий ишмердик менен алектенүүгө
мажбурлаган себептер жөнүндө ачык айткым келет
Буга чейин мен өзүмдүн өмүр-баяным айтып бергендерим - бул болгону жөнөкөй, катардагы адамдын өмүрүнүн кээ бир эле далилдери болуп эсептелет. Бул китепти окуп чыккан адамдарда сөзсүз түрдө төмөнкүдөй суроолор тууларын мен жакшы түшүнөм:
- Деги эле, Темирбек Асанбеков деген өзү ким?
- Чындыгында, анын өндүрүштөн саясатка келишине эмне түрткү болду?
- Өлкөдө түзүлгөн кооптуу абалды ал кандай баалайт?
- Ал өзү менен, эли менен канчалык деңгээлде чынчыл жана ага ишенүүгө болобу?
- Өлкөнүн экономикасын жакшыртуу жана жөнөкөй кыргызстандыктардын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн ал эмнелерди сунуш кылат?
- Бөлөк саясатчылардан аны кайсы сапаттары айырмалап турат, же ал ошолордун эле бирөөбү?
Окурмандарды кызыктырган суроолордун тизмеги кыйла эле узун экендигинде күмөн жок, ошондуктан буга чейин баяндалгандардан тышкары, аларга толук даражада жооп берүүгө туура келет. Алар чын эле менин ким экендигимди билиши керек. Анын үстүнө, бул китептин милдети да мүмкүн болушунча так, даана, ачык жана түшүнүктүү кылып суроолорго жооп берүүдө турат.
Биздин проблемалардын чыныгы себептерин аныктабай туруп, өлкөнүн башкаруу системасына кийлигишүү акылсыздык экенин түшүнөмүн. Баатырлыктын духуна негизделген жылаңач патриоттук менен эч нерсеге жетише албайсың. Ал белгилүү бир моментке чейин гана, б.а. бийликке келгенге чейин гана жардам берет. Эгерде андан ары мамлекеттик проблемаларды чечүүнүн ойлонуштурулган жана адекваттуу механизми болбосо, биз адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүн камсыз кыла албайбыз, ал эми бул болсо, өз кезегинде өлкө үчүн оор кесепеттерин тийгизет. Ички адамдык ресурстарды ишке киргизүү үчүн элге кризистен чыгуунун конкреттүү программасын жана методдорун сунуш кылуу зарыл. Ишенимден кеткен жана булганган абройлуу саясий лидерлер элди жетектеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алышпайт, анткени алар кыргызстандыктардын реалдуу колдоосунан кур жалак калышкан. Алардын бийликке келгенден кийин ишке ашпай калган шайлоо алдындагы бардык популисттик убадалары, алардын кылган иштери жана жүрүм-турумдун моралдык-этикалык ченемдерин элементардык сактабоосу адамдардын жакшынакай келечекке болгон үмүттөрүн таш каптырды. Принцибинде ушул лидерлер качып кеткен эки башкаруучуга активдүү жардам берип жатып, өлкөнү бүгүнкү жалпы кризиске алып келип такашты. Жыйырма жыл ичинде алар мамлекеттик башкаруунун уятсыз системасынын бир бөлүгү болуп, өз элинин эсебинен байышып, көмүскө экономиканы түзүшкөн жана ошону менен өлкөнү бүлүнтүшкөн. Азыр дагы алар өзүнүн “ыплас” капиталдарын элдин мүлкүн чөнтөккө урууну улантуу үчүн бийликте калууга пайдаланып жатышат. Азыркы иштеп жатышкан саясатчылардын көпчүлүгү проблемалардын маңызын жакшы түшүнөт, бирок алар өзүнүн сугалактыгына, ач көздүгүнө жана амбицияларына ээ боло албай калышкан. Кантели, чындык ушундай, ушул адамдардан биздин өкмөт жана депутаттык корпус түзүлгөн. Мамлекет үчүн бул трагедия, бирок бул түбөлүккө созулушу мүмкүн эмес.
Мамлекеттик башкаруунун системасына жарамсыз айлампаны бузуп, калыптанып калган системаны талкалоо үчүн жаңы идеялар жана таза адамдар керек. Эски бийлик учурунда кызматка аралашып, булганбаган жаңы кадрлардын келиши калк тарабынан реалдуу колдоого ээ болгон бекем саясий структуранын болушунда гана мүмкүн. Мындай саясий уюм болууга Мекен Ынтымагы (МЫ) партиясынын толук мүмкүнчүлүгү бар. Мен айткандарымды жана аракеттеримди көпчүлүктүн туура түшүнөрүнө жана алардын кимдир-бирөөлөргө жакшы үлгү катары кызмат кылып, силер менин артымдан ээрчишиңерге ишенемин. Абийири таза жана так, даана ойлонуштурулган, ырааттуу идеологиялык жана социалдык-экономикалык программасы бар кубаттуу саясий структураны калыптандыра аларыма ишенемин. Партияга чынчыл, адептүү, сабаттуу адистерди улам көбүрөөк тартуу менен биз ийигиликтүү реформаларды жүргүзө алабыз. Биз мамлекетти башкаруунун кайсы системасы бизге зарыл экендигин жана Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн экономиканын кайсы негизги стратегиялык багыттары камсыз кыларын жакшы түшүнөбүз.
Биз, бардыгыбыз эгемен Кыргызстандын жарандары болуп эсептелебиз, ошондуктан сен кимсиң: айылдыкысыңбы же шаар тургунусуңбу, мугалимсиңби же жеке дыйкансыңбы, чиновниксиңби же ишкерсиңби, эң башкысы - биз өзүбүз өзүбүзгө жана бөлөктөргө жалгыз гана чындыкты айтууга тийишпиз, анткени биздин ар бирибиздин жасаган жекече ишибиз менен мамилебизге өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды болот.
Бир жолу мен Бишкектен орто эсеп менен алтымыштырга келип калган улгайган кыргыз отурган таксини атайлап жалдап алдым. Анын түрү чарчаңкы экендиги байкалып турду. Анын турмушу, үй-бүлөсү жөнүндөгү менин суроомо ал: “Мен мурдагы мугалиммин, колго тийген пенсиям жашоого жетишпейт, үй-бүлөм чоң, ошондуктан үй-бүлөлүк бюджеттин тешигин бүтөө үчүн дөңгөлөктөгү тыйын чычкан сыяктуу чимирилип айланууга туура келет. Тыйындап чогултуп жатып, ушул эски чет өлкөлүк машинаны сатып алгам, бирок ал бат-бат бузулуп турат, кам тетиктер болсо, кымбат. Таап-ташынгандарымдын көпчүлүгү ушул арабаны оңдоп-түздөөгө кетип, калганы эптеп-септеп жашоого жетип жатат. Ушунча жыл таза иштеп, өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн балдарды окутуп, тарбиялоого жумшадым, эми болсо минтип Кыргызстанга керегим жок болуп отурам. Менин кайда барышымдын кандай айырмасы бар? Россиягабы, Кытайгабы, Америкагабы – ал жакта деле менин эч кимге керегим жок, баары бир ашык баш киши болуп калам”, - деди. Бул адамдын оор турмуш менен тиричиликтин жөнгө салынбагандыгынан улам канчалык чарчап, үмүтү өчүп турганы дароо эле көрүнүп турду.
Бул өлкө менен коомдогу моралдык-психологиялык кырдаалды көрсөтүп турган коркунучтуу абал, жана ал жакшылыкка алып келбейт. Мына, бир топ жылдан бери өз өлкөсүнүн чегинен тышкары жашап жаткан бишкектик жөнөкөй кыздын турмушунан алынган экинчи мисал. Ал турмушка чыкканга чейин өзүнүн курсташ жигити менен сүйлөшүп жүрүп, бирок каражаттын жетишсиздигине байланыштуу үлпөт тойду улам артка жылдырып келгенин жүрөгүндөгү ачуу кайгысы менен айтып берди. “Качан гана боюма бүтүп калганда, жигитим алдыда турган кыйынчылыктардан коркуп, ар кандай амал-айлалар менен кезигишүүдөн баш тартып, мени менен баарлашпай калды” - деди, катуу үшкүрүп. Кош бойлуу кезинде ал тууган-туушкандар да, коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан да кандай гана кемсинтүүлөргө туш болбоду дейсиз. “Бирок мен булардын баарын көтөрүп, баламды төрөп алдым, ал азыр төрт жашка толуп, Кыргызстандагы ата-энемдин колунда тарбияланып жатат. Жашап калууга аракет кылып, мен Бишкектен тынымсыз иш издедим, анан анча-мынча акча таап алыш үчүн эмнеге гана барбадым, бирок ойдогудай, көңүлүмө жаккан жумуш таба алган жокмун. Акыркы кездерде биздин республикада чет өлкөлүктөргө турмушка чыгуу аябай эле өнөкөт болуп баратат. Ошондуктан азыркы, башка өлкөлүк жубайым менен таанышып, той бердик. Менден бөлөктөрдүн баарысы кубанып жатышты, менин ата-энелеримди болсо, анын канчалык бай экендиги кызыктырды. Жалпысынан, ал жаман адам эмес, үч жылдан бери чогуу жашап келатабыз. Алгачкы кездерде бул чоочун жерде бардыгы мага кызыктуудай көрүндү, бирок убакыт өткөн сайын мен бул жерде чоочун киши экенимди түшүнүп, өз мекенимди өтө катуу сагына баштадым. Менин чыдамым канчага чейин жетээрин айта албайм. Балким, өз уулумдун келечеги үчүн тагдырыма биротоло моюн сунуп каламбы, ким билсин,” - деп, ал өзүнүн татаал тагдырын баяндап берди.
Дагы бир мисал келтирип кетким келет. Мага өздөрүнүн ишканаларынын сатууга жардам сурап, Бишкектеги ишкер адамдар өтө көп кайрылышат, анткени алар бардыгын сатып жиберип, жаңы турмуш башташ үчүн башка өлкөлөргө кетүүнү каалашат. Алардын арасынан кандай да болбосун көбүрөөк акча таап, республиканы тезирээк таштап кетүүгө ниеттенип жүргөнүн ачык эле айтышкан, колдорунда жетишээрлик байлыгы бар чиновниктер да кезигет. Чын эле алардын атуулдук сезимдери, аталарыбыз жергесине болгон сүйүүсү мокоп калдыбы, чын эле чоочун өлкө алар үчүн өз мекенинен дагы кымбатпы?! Чын эле Кыргызстан эч кимге керек болбой калганбы?!
Бийлик башына коррупциянын схемаларына аралашпаган, таптакыр жаңы ойдогу формациядагы адамдар, экономикага чыгармачылык менен мамиле жасаган, өз элинин тагдыры үчүн күйүп-бышып, жүрөк заада болгон адамдар келгенде - ошондо гана Кыргызстандагы кооптуу кырдаалдын жакшырышын күтүүгө болот. Мына, ушундай шарттарда гана биз өзүбүздүн мекендештерибиз үчүн толук кандуу, жагымдуу турмуш үчүн кадимкидей мүмкүнчүлөктөрдү түзө алабыз. Мурда белгилеп кеткендей тагдырдын буйругу менен, бир сындырым нандын айынан чоочун өлкөгө барышкан биздин жигиттер менен келин-кыздар эң эле аз төлөнгөн, эң эле төмөнкү жумуштарда иштешет. Мага чет жактан келген, татынакай кыргыз кыздары Россияда жер тамандарды (полдорду) жууп, эркектердин дааратканаларын тазалап жүргөнүн сыртынан байкап туруу - өтө эле оор. Адамды басмырлай турган ишти аткаруу - чет өлкөдөгү биздин башкалардан айырмаланган “улуттук өзгөчөлүгүбүз” болуп калды.
Эң эле коркунучтуусу - бул дурусураак жумушка орношконго чейинки көйгөйдү чечүү эмес, алардын туруктуу түрдө акча табуусунун калыптанып калган жолу болуп калганы. Мындай абал адамдын интеллектуалдык жактан өсүп-өнүгүш дараметин акырындык менен жоюп таштайт. Эмгек миграциясы бардык эле өлкөлөрдө бар, бирок зарыл болгон чектерде. Ал эми, биздеги сыяктуу, өзүбүздүн жарандардын агылып чыгышы кооптуу чекке (30 % ашуун) жетсе, бул кайсы гана мамлекет болбосун, бүлгүн (катастрофа) болуп саналат. Биздин өлкөбүздөгү абалга көз салып жатып, өз балдарыма алар ата-бабаларынын тарыхы, маданияты, улуттук каада салттары, үрп-адаттары менен мыйзам ченемдүү сыймыктанып, мен – кыргызмын! - деген атты бийик алып жүрүшү үчүн ошол абалдын чыныгы себептерин айрыкча, элибиздин улуулугу эмнеде тураарын түшүндүрүп берүү өтө кыйын.
Коңшулаш Казакстанга иш боюнча же конокко барып калган учурумда мындагы үй-бүлөлөрдө үй кызматчы болуп жүргөн мекендештеримдин баягы эле тааныш абалын көрөм. Менин жүрөгүмдө ар дайым бири-бирине айкалышпаган эки сезим күрөшүп келет: биринчиси, айланамда жүрүп жаткан көрүнүштөрдүн баары менин көз караштарым менен түшүнүктөрүмө, менин эркиндик менен көз карандысыздыктын кыргыздык ички духума карама-каршы келет. Мен биздин өлкөдө түзүлгөн өтө начар кырдаал менен келише албайм. Экинчиси, эмгек жана күч-аракеттер, тактап айтканда, каным, маңдай терим менен өзүм жана үй-бүлөөм үчүн түзүп алган жашоонун жагымдуу шарттарын бузгум келбейт.
Мындай сезимдер өздөрүнүн, каны боюнча жакын адамдардын тагдыры үчүн кабатырланган, атуулдук маанайдагы көптөгөн кыргыздардын жүрөгүн уялап жатат. Бирок тилекке каршы, биздин көпчүлүгүбүз көндүм адат менен токтоп тургула, акылдуу бир адам келсе, ал баарыбыз үчүн жыйылып калган көйгөйлөрдү бүт бойдон чечип берет деп ойлойбуз. Көп учурларда өлкөбүздө жүрүп жаткан окуяларга кыжырыбыз кайнайт, бирок, муну менен бирге, чет жактагы чоочун байкагычтын позициясын ээлеп туруп, ушуну менен сөздү бүтүрүп таштайбыз. Ишенип койгула, эч кандай акылдуу да, баатыр да келбейт жана бизге эч ким, эч нерсе жасап бере албайт. Муну баарыбыз биригип туруп, мүмкүн болушунча, тезирээк ишке ашырышыбыз керек, антпесек, кеч болуп калат! Баса, кийинки учурларга чейин башкалар сыяктуу, мен деле силердей “акылдуумун”, ошондуктан күтө турайын - бардыгы өзүнөн-өзү эле чечилет, бардыгы өз ордуна келет деп ойлоп жүргөм. Анда менин мактанычтуу кыргыздык духум, менин улуттук сыймыгым кайда эле?!
Мен эмне, өзүмдүн жеке кабыгыма жашынып алып, айланада жүрүп жаткандардын баарына көздү жумуп коюп, же бардыгы жакшы, эч кандай көйгөйлөр жок деген түр көрсөтүп, түбөлүк жашоого камынып жаттым беле? Кандай гана суу жүрөктүк жана пастык! Мен бул ойлорумду өзүмдүн жолдошторумдун ортосуна салып, көптөгөн тааныш жердештеримден колдоо издедим, бирок алардын бардыгынын маанайы бейүмүт болуп чыкты. Өлкөдө орногон саясий түзүмгө каршы биригишип, экономиканы түп тамырынан бери, чечкиндүүлүк менен өзгөртүү идеямды алар келечеги жок, ал тургай, коркунучтуу деп эсептешти. Жердештеримдин мындай маанайына карабастан, акыр аягында менде жоопкерчилик сезими үстөмдүк кылып, мен өзүм үчүн абдан татаал, бирок, менин терең ишенимим боюнча, абдан туура жолду биротоло тандап алдым.
Кантип эле кандуу согуштун бардык азап-тозокторун өз башынан кечирип, чоочун өлкөдө турмуштун кыйынчылыктарын бардыгын женген, жеке турмушунда бутуна бекем турган адам өз алдынча койгон максаттар менен милдеттерин аткара албасын? Өтө бекем, ал тургай, өзгөчө берилүү сезимим менен биз биригүүбүзгө бардык күч аракеттерибизди, эркибиз менен умтулуубузду бир гана максатка - Мекенибизди корупцияланган элементтерден, жоопкерчиликсиз чиновниктерден куткарып, чындыктын талаптарына таянуу менен Кыргызстанды экономиканын сормо сазынан сууруп чыгарабыз деп ишенем.
Республикабызда 2010-жылга чейинки окуялардын баарына эч кандай тиешем болгон эмес, бийликтин жогорку баскычтарында орун ээлеген жокмун, Жогорку Кеңештин сессияларына катышып, мыйзам чыгаруу ишмердиги менен шугулданган жокмун, бирок, өз өлкөмдүн чектеринен ыраак жакта иштеп жүрүп, ар дайым орун алган көрүнүштөр менен кабардар болуп турдум. Ага чейин толук бойдон ишкердик менен алектенип, ал мени бүт бойдон өзүнө тартып алган болчу. Ал эми, менин ички күрөшүм болсо өзүмдү ушул жолго түшүүгө мажбурлады. Мен үчүн саясат терең ойлонулган чара, бийликти мыкчып тургандарга кысым көрсөтүү куралы, Кыргыз Республикасында орун алган кооптуу кырдаалды өзгөртүүнүн ыкмасы, мекендештердин эртеңки жаркын күнү үчүн күрөшүү болуп саналат. "Мекен Ынтымагы" (МЫ) жаңы саясий партиясын негиздеп, аны башкаруу жөнүндөгү менин чечимимди көп адамдар түшүнүү менен кабыл алгандыгы менен мен аларга терең ыраазычылык билдирем. Мен, тилекке каршы, бүгүн биздин арабызда жок “Замандаш” партиясынын жетекчиси Муктар Өмүракунов менен өз ара жылуу мамиледе элем. Ал 2004-жылы мени менен жакшылап таанышып, Россиядагы мигранттарга байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн атайлап Москвага келген эле. Ал кезде мен саясаттан алыс болчумун, бирок анын маанилүү иштер менен алектенип жатканы мага жаккан. М.Өмүракунов маселенин орчундуулугун толук түшүнүп, Мекениме кайтуу жөнүндөгү менин чечимимди колдогон саясатчы болду.
Ушул китепти окуп чыккан адамга менин бул чечимге эмне үчүн кеч келгенимдин себеби түшүнүктүү болот го деп ниеттенем. 2010-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн шайлоону мен өзүмдүн саясий күрөштүн чыйырына түшүүнүн биринчи кадамым катары карадым. Депутат болуу боюнча айкын-ачык милдет коюлган эмес, максат - элге таанылуу болчу. Узак мезгилден бери өлкөдө болбогонумдуктан, ата-мекендик саясатка татыктуу аралашуу үчүн кыйла убакытты талап кылаары өзүнөн-өзү түшүнүктүү эмеспи. Мындан улам, шайлоо алдындагы жарышка бардык жагынан ойлонуп туруп, 2010-жылдын 18-сентябрында, б.а. башталгандан сегиз күндөн кийин гана кошулдум. Ал эми, менин телекөрсөтүү аркылуу шайлоочулардын алдында чыгып сүйлөй турган күнүм шайлоонун өзү бүтөөрдөн бир сутка мурда белгиленген эле. Бул мени толук бойдон канааттандырды. Анткени, шайлоо алдындагы ат салышка катышкан бир дагы саясий партия электораттын көпчүлүк добушуна ээ боло албай тургандыгына, иш жүзүндө борпоң, жарамсыз коалициялык өкмөт түзүүнүн зарылчылыгы келип чыгаарын ачык түшүнгөн болчумун. Мен саясий жаңычылдыктын талаптарын максималдуу түрдө сактап, өзүмдү эч кандай саясий чагымдарга аралаштырбоого аракет кылуум зарыл эле.
Шайлоонун кандай жолдор менен өткөрүлгүндүгүн, анда кандай ыплас ыкмалар колдонулганын, өлкөдөн куулуп чыккан мурдагы президенттердин канча жан-жөкөрү андагы орун үчүн күрөшкөнүн эске алганда, менин парламентке барышым-теориялык жактан алып караганда да күмөндүү эле. Шайлоодон кийин пресс-конференция уюштуруп, анын жүрүшүндө менин талапкерлигим үчүн добуш беришкен бардык шайлоочуларга ыракмат айтып, алардан өткөн шайлоонун салыштырмалуу легитимдүү экендигин таануусун өтүндүм. Көптөгөн башка адамдар өңдүү эле, коалициялылык өкмөт коомчулук алдында өзүнүн беделин тез эле түшүрүп , калктын ага болгон ишениминин тездик менен төмөндөй тургандыгын жакшы түшүндүм.
Мына ушинтип, шайлоо өткөндөн кийин өлкөдөгү саясий кырдаал менен жакыныраак, дааналап айтканда, ич жагынан таанышып чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өзүнүн ишмердиги идеологиялык ачык жана таза негизделген чыныгы саясий партиянын Кыргызстанда жок экендигине көзүм жетти. Тагыраак айтканда, анын каржылык ресурстарына байлаган кайсы бир адамдын гана партиялары бар. Мындай түзүлүштөрдүн мүчөлөрү келечекте өз мансапкордук өсүшүн камсыз кылуу максатында максималдуу түрдө өз жетекчисинин ишенимине кирүүгө аракет кылышат. Ал эми өлкөнүн тагдыры, анын эртеңки күнү, адамдардын бүгүнкү аянычтуу абалы сыяктуу маселелер аларды анчейин кызыктырбайт.
Мурда саясий партия түзүү боюнча жетишээрлик тажрыйбамдын жоктугуна байланыштуу мен Батыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн мисалында аны түзүүнүн талаптарын, иштөө ыкмаларын, жетишкендиктери менен кемчиликтерин көңүл коюп изилдеп чыктым. Жай отуруп, бардык “плюс-минустарын” таразалоо менен партиянын идеологиялык платформасы иштелип чыкты. Бизде "Мекен Ынтымагы" (МЫ) жакынкы учурларда Кыргызстандын саясий мейкиндигиндеги алдыңкы позицияларды ээлөөгө жетишип, өлкөнүн электоратынын көпчүлүк бөлүгүнүн көңүлүнө татый алат деген ишеним бар. Муну менен кошо бир эле мезгилде мен Россияда максат ченемдүү үгүт-насыят иштерин жайылта алдым. Анын максаты - бул өлкөдө жүз миңдеп саналган мекендештеримдин арасында билгичтик менен жана ынанымдуу түрдө өзүмдү жаңы формациядагы саясатчы катары көрсөтүү эле. Албетте, биздин жердештерибиздин бөлөк-бөтөн жердеги эч ким суктанбай турган абалын жакшы билгендигимден, алардын тагдырына эч качан кайдыгер карабайт болчумун. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жатышкан, эбактан бери созулуп келаткан тарыхый жагдайлар, өз ара боордоштук мамилелер жана максаттардын биримдиги менен байланышып турган бардык этникалык топтор, улуттар жана элдердин тагдырына бүтүндөй жүрөгүм менен күйөм. Аларды өлкө элинин уюткусун түзүп турган бардык кыргыздардан эч качан бөлүп кароого болбойт.
Россиянын биздин элибиздин тагдырында кандай роль ойногону баарыбызга белгилүү. Анын жардамы менен, совет бийлигинин жылдарында биз билим берүү, илим, маданият, көркөм өнөр, саламаттык сактоо ж.б. чөйрөлөрдө эң ири ийгиликтерге жетише алдык. Биздин өнөр жай менен айыл чарбасындагы техникалык жактан өсүп-өнүгүшүбүздөгү жетишкендиктерибиз да бул өлкө менен тыгыз байланышкан. Мен Россия Федерациясы менен болгон биздин азыркы өз ара саясий мамилелерибизди жогору баалайм жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн мындан ары да кеңейтилип, тереңдетилишин колдойм. Бир эле мезгилде башка дүйнөлүк державаларга карата да ар тараптан ойлонулуп, теңдештүү жана өз ара пайдалуу саясаттын жүргүзүлүшү максатка ылайыктуу деп эсептейм.
Ушул жерден мен лирикалык кичинекей чегинүү жасап, өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө кандай абалга дуушар болгондугумду айтып бергим келет. Адегенде мен тарапта болушуп, бирок күтүлүп жаткан пайданы колдорунан чыгарып жиберген айрым адамдар, бүгүн ар кандай амал-айлалар менен ыплас, ушактар менен ар кандай калптарды таркатышып, мага шек келтирүүгө далбас уруп жатышат.
Эгерде алардын сөздөрүнө ишене турган болсок, анда, мени - өмүр менен өлүмдүн эмне экенин билген, Афганистандагы согуштун элегинен өткөн өзүнүн билими жана тажрыйбасынын аркасы менен өндүрүштүк чоң компаниянын жетекчиси болгон, өзүнүн төрт баласын өстүрүп чоңойткон адамды менин партиялык “тилектеш” сөрөйлөрүм - кыргыз туугандарым алыскы Москвадан “казып” алышкан адам болуп чыгат экенмин. Көрсө, дал ошолор көпкө чейин жана катуу суранып жатышып, Кыргызстанга кайтып келип, саясий ишмердикке киришүүгө көндүрүшүп, эң кыска мөөнөттө эмнени сүйлөп, адамдар алдына кантип чыгып, алар менен кантип баарлашууга үйрөткөн экен. Бир сөз менен, дал ошолор мени эч даярдыгы жок “макоо” адамды саясий партиянын таанылган жетекчиси кылып чыгарыптыр. Алардын аныктамасы боюнча мен демилгесиз ишенчээк адам экенмин. Мен аларга “ ыраазычылык” билдирүү иретинде, көп эмес, аз эмес - туптуура 5миллион америкалык доллар төлөйм деп убада берген имишмин. Күлө турган жорукпу?!
Көрсө, андан кийин мен аларды абийирсиздик менен алдап кетиптирмин, мына, ошондуктан мага ошолордун жиндери келип жүрүптүр. Барон Мюнхгаузендин “беш өрдөгүнөн” да ашып кеткен мындай фантазияга ким ишенет? Биздин элибизде “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген акылман макал бар эмеспи. Көрүнүп тургандай, чындык, акыйкаттык, ак ниеттик бардык жерде жеңип чыгат жана аларга эч нерсе каршы тура албайт. Мына ошондуктан жыйынтыкты өзүңөр чыгаргыла, ардактуу окурмандар! Эгер, чындыгын айта турган болсом, мындай адамдарга боорум абдан ооруйт. Өз турмуштарынын жана башка көптөгөн тиричилик көйгөйлөрүнүн ойдогудай болбогондугунан улам, алар өздөрүнүн материалдык начар абалын оңдоп алыш үчүн аздыр-көптүр болсо да, акча-тыйын табуунун ар бир мүмкүнчүлүгүнө жармашышат. Бирок, мындай максаттардын артынан чуркап жүрүшүп, алардын ушунчалык төмөн түшүп кеткенин түшүнө албайм! Алар өздөрү биздин өлкөдө токулуп жаткан саясий бузукулуктар менен митаамдыктардын катышуучусу жана жемине айланып калышканында түшүнүшпөйт. Кенедей болсо да пайда табыш үчүн айрым адамдардын көчө базарларындагы айкырып жаткан адамдардын деңгээлине чейин жетүү менен абийирлерин жоготушуп, өздөрүнүн кадыр-баркын түшүрүп жатканы аянычтуу, абдан аянычтуу.
Бул жашоодо эч качан ойдогудай, идеалында биз самагандай болбойт тура. Анда ар дайым ийгиликтерге да, кемчиликтерге да, жеңиштер менен жеңилүүлөргө да, кубаныч менен кайгыда, сүйүү менен жек көрүүгө да, айтылып жүргөндөй, “ак” менен “карага” да орун болот эмеспи. Ошондуктан кыргыздарга байыртадан бери “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деп, таамай айтылган накыл сөз муундан-муунга өтүп келе жатпайбы. Анын философиялык маани-маңызы, турмуштук ар кыл карама-каршылыктарга карабастан, ар дайым адам боюнча кал, адамдык сапатыңды жоготпо, жаркын келечектен үмүт үзбө деген түшүнүктү билдирип турат. Эгерде мен жогорууда сөз кылган адамдар “ачытылган” эмес, чыныгы атуулдардан болгондо, алар менден акча табууга өзүнүн абийир-ыйманын унутуп коюп, кандай да болбосун Жогорку Кеңештеги депутаттык орунга талапкерлердин тизмесине кирип калууга умтулушпайт эле.
Бизде чыныгы демократия барбы?
Биздин чиновниктер Кыргызстан - демократиялык өлкө, биздин элибиз демократиялык коомдо жашап жатат дешип, ар дайым көкүрөктөрүн ургулап турушат. Ооба, өткөн кылымдын 90-жылдарында республикабыздын көз карандысыздыгы менен эгемендигинин эң алгачкы коомубузда демократиялык кайра түзүүлөр башталганда айрым саясатчылар, социологдор, журналисттердин (алардын ичинде батыштык да) жеңил-желпи аныктамасы менен биздин өлкөнү борборазиядагы “демократиянын аралчасы” деп атай башташканы чын. Ашып кетсе, төрт-беш жылдын аралыгында биз үчүн мактаныч болгон ушундай аныктаманын астында жашап келдик. Андан кийин, биринчи президент А.Акаевдин өзүмчүл, үй-бүлөлүк башкаруусунун күчөшүнө байланыштуу, демократиянын жеңиштери акырындык менен өз ордун жогото баштады. Ал эми К.Бакиевдин бийлигинин жылдарында алар такыр эле жок болуп кетти. Бирок, буга карабастан, республиканын бийлик төбөлдөрү, чиновниктик жетекчилик, саткын саясатчылар биз демократияляк өлкөдө жашап жатабыз деп сайрап келүүдө. Андай болбой калсын, демократия дегенибиз - бул элди бийликтин булагы деп таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш эмеспи.
Биздин урматтуу министрлер, депутаттар, мамлекеттик башка атка минээрлер, ишкерлер менден кем эмес, накта бөлөк кыргыздан да кем эмес, биздин жалпы Мекенибизди биздин ардактаган Кыргызстаныбызды сүйө тургандыгына мен мүнөткө күмөн санабайм. Бирок, силер өзүңөр түзүп, өзүңөр анын туткуну болуп, башкаларды да ага кууп кирген өлкөдөгү мындай абал үчүн бөлөк эч ким күнөөлүү эмес. Өзүңөргө “Токтогула! Мындан ары жол жок!” - деп айтып, элибиздин келечеги үчүн бардыгына кайыл болууга силердин эркиңер да, чыдамдуулугуңар да, чечкиндүүлүгүңөр да жетишпейт. Силер, ошондой эле бул китеп колуна тийе турган калган башка окурмандар да таарынбастан, туталанбастан, мени туура түшүнөсүңөр го деп ниеттенем. Мен бул жерде эч кандай жаңы нерсени ойлоп тапкан жокмун, Американы ачпадым, болгону азыркы учурда биздин республикада орун алган кырдаалды гана сүрөттөп өттүм. Калктын ар кыл катмарлары менен үзгүлтүксүз кезигишип, баарлашкан учурумда силердин жүргүзүп жаткан ишмердигиңер жөнүндө алардын кыжырдануу менен айтып, өлкөнүн жетекчилигине - анын республикада түзүлгөн социалдык-экономикалык оор абалды оңдоого жөндөмсүз болуп, колунан келбей жаткандыгына акыйкат дооматтарды коюп жатканына көзүм жетти.
Өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн биз токтошубуз, биригишибиз керек жана аны сактап калууга багытталган айкын-ачык кадамдарга баруубуз керек, эгер антпесек, убакытты жоготуп алабыз. Кыргызстан бизге, кыргыздарга гана керек, анткени биз – бир элдин, бир улуттун каны бирге болгон балдарыбыз. Өзүбүздүн жасаган иштерибиз, аракеттерибиз, өрнөгүбүз, бир гана биз жергебизде жашап жатышкан башка этносторго үлгү көрсөтүп, аларды достукка, тилектештикке, тынчтыкка үндөшүбүз керек. Ошондо гана өлкөдө туруктуулук, бейпилдик жана биздин жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишеними артат.
Буларды ишке ашыруу үчүн биз бир гана чындыктын өңүтүнөн иш жүргүзүп, таза, акыйкат жана ачык саясатты жүзөгө ашырышыбыз зарыл. Орустун уулу жазуучусу Ф.Достоевскийдин “Сулуулук дүйнөнү сактап калат” деген аныктамасын башкача кайра өзгөртүп: “Чындык дүйнөнү жана биздин өлкөнү сактап калат” деп айткым келет. Кыргызстандын идеологиясынын пайдубалында бир гана чындык жатыш керек деп ишенем. Силерди ишендиргим келет, башкача болгондо алдыда бизди кыйроо күтүп турат. Чындыкты тайманбай айтууга, акыйкаттыктын мыйзамдары менен жашоого мезгил жетти, тактыкты киргизүүгө көптөгөн адамдардын жашоосунун өлчөгүчүнө айланып калган калпычылыкка бөгөт коюга мезгил келип жетти.
Жогоруда мен идеология маселелине бир аз тийип өттүм. Тилекке каршы, биздин өлкөдө чыныгы идеология, улуттук идея жок. Идеологиясы, улуттук идеясы болбогон мамлекет - мамлекет эмес. Бизде азыр алдамчылык, жалган идеалдар менен максаттар орун алган, иш жүзүндө мораль менен адеп-ахлак деген түшүнүктөр жокко эсе деп айтар элем. Мындай абал, бизди өзүбүздү өзүбүз бузууга, инсанды, улутту, мамлекетти бузууга алып келээрине ишенип койгула. Бүгүн баары эле пайда табууга, баюуга, бийликке, башкалардын үстүнөн үстөмдүк жүргүзүүгө умтулуп жаткан чак. Өлкөдө эч ким идеология маселелери менен кадимкидей иштебегендиги кейиштүү. Идеологияны иштеп чыгуу деген немеге канчалаган каражат, канча убакыт сарпталды, бирок, сунуш кылынган бир дагы идея элибиз менен өлкөнү бириктире албады. Идеология дегенибиз - бул саясий, укуктук, диний, эстетикалык жана философиялык көз караштардын тутуму. Аларда адамдардын болумушка карата мамилелери терең ойлонулуп жана бааланып турат. Бир сөз менен айтканда, идеология биздин түшүнүгүбүздө - адамдарды бириктирип туруучу кадимки эле чындыктын өзү. Ошондуктан, биз ушуга умтулушубуз абзел. Окурмандарда: сиздин саясий ишмердик менен алектенүү жөнүндө чечимге келгениңизди - түшүнүктүү деп коелу, а бирок кандай жолдор, ыкмалар менен өз алдыңызга койгон максаттарыңызга жетишкен жатасыз деген суроо туулушу ыктымал. Буга жөнөкөй эле жана так: жемиштүү, кайтарымдуу, конструктивдик жолдор менен деп жооп берем.
Элге чындыкты айтуу керек жана башка өлкөлөрдүн жакшы тажрыйбасын эске алуу менен биздин мамлекеттин өнүгүү жолун көрсөтүү зарыл. Ошентип, дагы бир жолу кайталаймын, күнөөнү ансыз деле ишине жараша бедели күн санап ылдыйлап жаткан кайсы-бир жеке саясатчыга оодара салбастан, өлкөнү куткаруу боюнча, экономиканы туңгуюктан чыгаруу боюнча конструктивдүү жана ар тараптан терең ойлонулган милдеттерди белгилөөгө убакыт жетти. Биздин эл азыр чындыкты ажырата биле баштады, алар бүгүнкү күнү алардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин чыныгы кепили болуп бере ала турган, экономиканы жандандырып, жумуш орундарын түзө турган, өз жарандары үчүн жашоонун ченемдүү адамдык шарттарын жана өлкөнүн мыйзамдарын бекем сактоону камсыз кыла турган адамды колдоого даяр. Ошондуктан мен ушул принциптер үчүн күрөшүүнү жана кыргызстандыктарга өнүгүүнүн жакшы жолун сунуш кылгым келет.
Биздин мамлекет эртеңки күндүн чакырыгына даярбы?
Биздин Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн баштап дүйнөлүк геосаясатта өз стратегиясын түзө алган жок жана бүгүн социалдык-экономикалык жана саясий кыйроонун алдында турат. Биз дүйнөлүк геосаясаттын кызыкчылыктары үчүн тыштан башкарыла турган машине сыяктуу болуп калдык. Эбегейсиз каржылык жана саясий милдеттенмелерибиз мойнубузда турат, бийликтин бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жок, мамлекетти башкаруу системасы жөнгө салынган эмес. Эгерде саясатчынын ролуна далалат кылган адам конкреттүү, конструктивдүү сунуштарды айта албаса, эл аны түшүнбөй тургандыгы бардыгы үчүн белгилүү нерсе. Мен муну айтуу менен, өзүмдүн саясий ишенимимди, өзүмдүн дүйнөгө көз карашымдын негиздерин колдон келишинче даанараак айтып бергим келет. Алар тажрыйбаны жана мурда кетирилген катачылыктарды эске алып, экономикага, руханий турмушка карата мамилени түп-тамырынан кайра карап чыгып, бүгүнкү күндүн маселелерин эмес, эртеңки күндүкүн чечүү менен, бир нече жыл алдыга кароодо жатат.
Эң алды менен өзү жөнүндө эмес, эл жөнүндө ойлоп, Кыргызстанды алдыңкы, тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошууга, биздин мекендештерибиз башын өйдө көтөрүп сыймыктуу жашоосу үчүн, биздин эмигранттар мен сыяктуу эле кайра кайтып келүүсү үчүн умтулуу керек. Ушул максаттарга жетүү үчүн алдыда турган президенттик шайлоолор жана анын жыйынтыктары чечүүчү, тагдыр өзгөртүүчү роль ойнойт, ошондуктан шайлоого болгон көз караштар менен мамилелерди түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Мурда мурунку президенттерди жана алардын жандоочторун шайлоо кампаниясынын учурунда бетпактык менен, уялбастан административдик ресурстарды колдонушуп, ошону менен алар оңой жеңишке жетишти деп күнөөлөө модага айланып кеткен эле. Ооба административдик ресурс кеңири колдонулган. Мындан тышкары, “кара пиардан” тартып, шайлоочуларды сатып алууга чейинки, саясий каршылаштарын коркутуудан тартып сот аркылуу же уруп-сабап жазалоого, ал турмак өлтүрүп салууга чейинки укукка каршы ыкмалар кеңири колдонулуп келген.
Эми болору болду. Азыркы күндүн милдети болуп, ушундай ыплас саясий технологияларга жол бербей, биздин өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында боло турган президенттик шайлоодо эң айкындуулукту, акыйкаттыкты, тунуктукту жана легитимдүүлүктү камсыз кылышыбыз керек. Тилекке каршы, биздин бүгүнкү башкаруучуларыбыздын дагы демократиянын ушул эң маанилүү элементине жасаган мамилелеринде жаңылык байкалбай жатат. Элдин ишенимине ээ болбой туруп, алардын үмүттөрүн аткарбастан эле, алардын көпчүлүгү мамлекет башчысынын ордун ээлөөгө умтулууда. Басма сөз беттеринде азыртадан эле аша чапкан акылдуу, кооз сөздөрүн божурап, топтолуп калган татаал маселелерди чечүүгө өзүнүн бүдөмүк божомолдорун айта башташты. Эски үлгүдөгү саясатчылар шашкалактап административдик ресурстарды колдонуунун жолдорун, каржылоо булактарын издешип, мурдакыдай эле ошолордун жардамы менен шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылып жатышат. Мындай жол менен жеңиш адилет эмес, иш жүзүндө легитимсиз болуп, эл баары бир анын кандай жол менен келгендигин билип тургандыгын түшүнүүгө мезгил эбак жеткен.
Шайлоолор өлкөдө элдин кызыкчылыгын максаттаган реформалоо жүргүзүү үчүн керек. Бул үчүн өлкөдөгү саясий абалдын турукташуусу зарыл, шайлоого алдын ала саясий аныктоосуз барууга болбойт. Муну Боршайком тарабынан түзүлгөн тил комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик тил боюнча сынактар даана көрсөттү. Өзүңүздөр көргөндөй, бул процедура реалдуу убакыттын шартында (он-лайн) республикалык телекөрсөтүүнүн каналдары менен берилип жатты. Эл президенттик кызматка айрым талапкерлердин аларга сунуш кылынган анча татаал эмес көркөм текстти жакшылап окуп бере албагандыгын айтпаганда деле, шайлоо алдындагы платформасын кагазга түшүрө албай, оозеки түрүндө дагы даана айтып бере алышпагандыгын өз көзү менен көрүшпөдүбү. Бул жерде түшүндүрмөнүн кажети жокко деп ойлоймун. Бардыгыңыздар көрдүңүздөр, бул тил конкурсуна катышкан бардык талапкерлердин арасынан алгач “көшөгө ачуу” мага тийди. Бул жерде бардык өйдө-төмөндөрдү, ар кандай өзгөчөлүктөрдү айтып отурбаймын, кандай болгондугун Кыргызстандагы телекөрүүчүлөр өзүлөрү көрүштү, ал эми чет өлкөлөрдөгү мекендештер Интернеттен көрө алышкан, ошондуктан менин бул милдеттүү тоскоолдуктан кантип өткөндүгүмө ошолор баа беришсин.
Биздин шайлоочулардын ишеним мандатына ээ болуу бактысына туш келген адамга – экономиканы түп тамырынан бери эффективдүү реформалоону жүргүзүү, биздин өлкөдө орногон коррупциялашкан системанын тамырын жулуу, кылмыштуулукту ооздуктоо, калыс, тең салмактуу тышкы саясатты жүргүзүү, жумушсуздукту минимумга чейин төмөндөтүү, адамдардын жыргалчылыгын көтөрүүгө эң негизги көңүлдү бөлүү сыяктуу эң татаал милдет турат. Биздин эң башкы илдетибизди - коррупцияны - аны менен эч аралашпаган, жаңы, башкача ойлонгон адамдардын гана командасы жеңе алат. Сот бийлигинин чыныгы реформасын баштоо зарыл, бизге көз каранды эмес акыйкат сот аба сымал керек. Менин оюмча, бул маселеде Сингапурдун жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы биз үчүн толугу менен ылайыктуу. Мындан кийинки кадам - күч структуралардын системаларында түп тамырынан, реформасын ийгиликтүү аяктаган өлкөлөрдүн мисалында, жалпы өзгөртүү реформасы болушу керек.
Коммунисттик башкаруу учурунда өлкөдө мамлекет сыяктуу жападан жалгыз менчиктин ээси болгон, ошондуктан партиялык кызматкерлер менен мамчиновниктердин көптөгөн саны алардын аткарган иштерине жараша туура болгон. Бардык маркетинг системасы, башкача айтканда, экономикалык чөйрөдөгү пландаштыруу жана керектөөлөрдү эсептөө Борбордо иштелип чыгуучу. Бардык мамлекеттик структуралар СССРдин Министрлер Советинин алдындагы Пландоо комиссиясынын (Мамплан) көрсөтмөлөрүнүн жана нускамаларынын чегинен чыга алышкан эмес. Өлкөнүн экономикасы дүйнөлүк коомдоштуктан тышкары болгондуктан, атаандаштык чөйрө иш жүзүндө болгон эмес. Экономиканын реалдуу сектору дүйнөлүк экономиканын, илимдин, алдынкы техниканын жана технологиянын, стратегиялык менеджменттин жетишкендиктери чөйрөсүндө өз ара аркеттенишпеген жана зарыл болгон маалыматты ала алган эмес. Ошонун натыйжасында Советтер Союзу экономикалык күрөштө жеңилип, коомдо социалдык чыңалууну пайда кылып, калктын өз абалы менен нааразычылыгын көбөйтүп, акыр аягында СССРдын кыйрашына алып келди. Бардык мурдакы советтик республикалар, анын ичинде Кыргызстан дагы, көз карандысыз мамлекеттердин статусуна ээ болуп, өз бетинче, жалгыздап деп айтсак туура болоор, өз мамлекетин кайра түзүүнү таза барактан баштады.
Чарбалык секторду башкаруудагы мамлекеттик структуралардын функционалдык укуктарынын азайгандыгына байланыштуу, мамлекеттик чиновниктердин санын чечкиндүү түрдө кыскартуу талап кылынган. Бирок, өлкөнүн стратегиялык өнүгүү чөйрөсүндөгү терең ойлонулган, билимдүү жана тең салмактуу менеджменттин жоктугунан, тескерисинче, логикага караманча каршы, мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтеринде жалпы коррупцияны өнүктүрүү менен мамлекеттик кызматкерлердин аппаратын көбөйтүп жиберишти. Ал өз кезегинде, көмүскө экономиканы мындан дагы өстүрүүгө көмөктөшүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишкерлер менен чиновниктердин ортосундагы симбиозду түздү.
Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү жайылтуу менен республикалык министрликтердин, бири-бирин кайталаган агенттиктердин, комитеттердин, ар түрдүү уюмдардын санын кыскартуу керек эле, алардын көпчүлүгү формалдуу иштешет. Дүйнөлүк практикада мамлекет өзүнө функцияларды канчалык аз алып, жергиликтүү, муниципалдык өз алдынча башкарууга көбүрөөк укуктарды берсе, мамлекеттик менеджмент ошончолук натыйжалуу болору эбак эле далилденген. Ошондуктан, мамлекеттин тике башкаруусунда эң зарыл болгон, мисалы: жолдорду, анын ичинде темир жолду, авиаташуу системасын, кен байлыктарды, бажылык жөнгө салууларды жана, бир бөлүгүндө энергетикалык системаны ж.б. калтыруу керек.
Ушуну менен катар региондорду ирилештирүү зарыл. Ишкерликтин, кичи жана орто бизнестин, жалпысынан экономиканын, ошондой эле бардык коомдун кыр аркасы болуп турган орто классты калыптандыруунун өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган, көп сандаган ар кандай, түшүнүксүз лицензияларды, уруксат берүүлөрдү милдеттүү түрдө жок кылуу зарыл. Президенттин, Премьер-министрдин жеке, өзүлөрүнүн жоопкерчилигиндеги тике инвестициялардын республикалык фондун түзүү зарыл жана анын жардамы менен жумушу жок он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган ири инфраструктуралык программаларды каржылоо керек.
Мамлекеттин бизнеске ыгы жок кийлигишүүсүн токтотуп, бюджеттин каражаттарын теңдештикте бөлүштүрүп, трансферттерди региондор арасында билгичтик менен жайылтуу зарыл. Калкты экономиканын, акча каражаттарынын, өнөр жайынын, бажы жана салык кызматынын ж.б. күнүмдүк абалы жөнүндө ырааттуу түрдө кабардар кылып туруу керек. Эл салыктар кайда жана эмнеге кетип жатканын, биздин ийкемсиз, олчойгон мамлекеттик машинабызды, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана башка структураларды кармап туруу канчага туруп жаткандыгын так билүүсү зарыл. Өлкөнү жогорку жетекчилиги жеке бизнес менен алектенбеши керек, анткени эл ансыз деле ага өзүндөгү эң баалуу коомдук байлыктарын башкарууга берген, ошондуктан ал бюджетти жана улуттук кирешени көбөйтүү, ички дүң продуктыны өстүрүү, билим берүүнү, илимди, медицинаны, спортту, бардык социалдык программаларды жана долбоорлорду каржылоо түздөн-түз көз каранды болгон коомдук кенчти билгичтик менен башкарууга милдеттүү. Өлкө жетекчилери башкаруучулук жөндөмдөрү жана таланттарынын түздөн-түз натыйжалары үчүн гана материалдык сыйлыктарды алууга укуктуу боло алышат. Экономиканын, жалпы коомдун татыктуу жашоо деңгээлин өсүшүн камсыздабаган учурда бийликке жармашуунун кереги жок, андан көрө, өз ыктыяры менен өз кызматын таштап, абийири менен отставкага кетип калуу оң. Аларга дагы, бардык жарандарга дагы жакшы болот. Менимче, өкмөттүн ишмердигинин таасирдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү болуп, төмөнкү эки параметрди санаса болот:
1) өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрү;
2) өлкөнүн экономикасына инвестициялардын көрсөткүчтөрү.
Мында өкмөттүн негизги камкордугу болуп, кепилденген жумуш орундары менен калктын иш менен камсыз болуусу, товарлардын сапаты жогорулап, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр базарындагы атаандаштык жөндөмү көтөрүлүшү үчүн товарларды жана продукцияларды өндүрүүчүлөр үчүн салыктарды максималдуу төмөндөтүү болот. Ушундай болгон учурда гана кирешенин жана анын үстөгүн алууга мүмкүндүк ачылат, натыйжалуу иштеген өндүрүштүк ишканалар канчалык арбын болсо, өлкөнүн экономикасы ошончолук кубаттуу жана күчтүү болот. Бул саналган чаралар экономикада биринчи даражадагы, кечиктирилгис мүнөзгө ээ болот. Экинчи этап катары белгилүү экономисттер, социологдор, саясат тануучулар жана башка адистер тарабынан иштелип чыккан өлкөнүн бир нече жыл алдыга стратегиялык өнүгүүсүнүн концепциясын иштеп чыгууну эсептейм. Мындай масштабдуу программаларга эл аралык деңгээлдеги экономисттердин жана финансылык консалтингдик өкүлдөрдүн катышуусу сөзсүз, анткени алар сунуш кылынган долбоорлорго жана алардын максатка ылайыктуулугуна реалдуу, көп тараптуу баа бере алышат. Долбоорлор ачык-айкын жана потенциалдуу инвестор үчүн түшүнүктүү болуусу зарыл. Бир сөз менен айтканда, экономиканы бардык жерде либералдаштыруу керек. Бул жерде мен экономиканын проблемаларын көз карашымды жана ага мамилемди кыскача формада баяндадым. Экономиканы өнүктүрүү үчүн дүйнөдө эмне жакшы болсо, бардыгын коркпостон киргизүү керек. Бул менин ыйык максатым, ал эми, элде айтылгандай, максаттын болушу - бул ийгиликтин жарымы.
Кыргыз тили саясий оюндардын каражаты болушу керек эмес. Бизге мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарыл. Бирок мунун саясаттын көз карашынан эмес, илимдин көз карашынан жүргүзүү зарыл. Тилди өнүктүрүүгө, аны бардык деңгээлдерде изилдөө боюнча программаларды иштеп чыгууга көмөк көрсөткөн илимий институттарын түзүү зарыл. Ошондо гана ал биздин өлкөдө жашап жаткан бардык этностордун өкүлдөрүнүн ички каршылыгын козгобостон, мамлекеттик тилге жакындаштыруунун демөөрчүсү боло алат.
Маданиятты өнүктүрүү зарыл. Маданият деген бул руханий байлыкка жол жана адеп-ахлактын негизи. Ал эми адеп-ахлактын бийиктиги жана руханий өнүгүүсү өз кезегинде улуттук аң-сезимдин аныктоочу фактору болуп саналат. Маданият - муундан-муунга берилип, салт-санаалар калыптана турган элдин жүрүш-турушунун өзүнчө кодекси. Адеп-ахлактык, рухий байлык, моралдык принциптер жана салттар мамлекеттик идеологиянын негизинде жатышы керек.
Мен үчүн президенттик же башка мамлекеттик кызмат - максат эмес, жөн гана Кыргызстандын келечегин сактап калуу үчүн өлкөдө реалдуу реформаларды баштаганда колдоно турган гана бийлик аспабы! Мурда айтып кеткендей, Ата мекенге кайтып келгенден жана "Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясын түзгөндөн баштап, коомдук-саясий иштер менен такай алектенип келе жатам. Партиянын мүчөлөрү менен бирдикте биз калк арасында коомдук аң-сезимдин деңгээлин көтөрүүгө умтулуу менен, бүгүнкү биздин кыйынчылыктардын тереңде жаткан себептерин жеткирүү үчүн кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Жөнөкөй жана жетиштүү тил менен мамлекет деген - бул эл, биздин өзүбүз, дегенди түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бийлик ар бир добушка ээ болгон жарандын ыктыярдуу, аң-сезимдүү эркин билдирүүсү менен шайланат, ошондуктан, анын чечиминен өлкөнүн, миллиондогон ата мекендештердин келечеги көз каранды болот. Бийлик элдин колунда, алардын ишеними бийлик болуп эсептелинет.
“Кыргыз демократиясы” деген жылдарда шайлоо кампанияларынын жүрүшүндө саясатчылар өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалды кыска мөөнөттөрдө оңдоймун деген эл-журттун кыйырына чейин жеткен убадаларды марттык менен берип келишкен. Жыйынтыгында шайлоолор зор соодалашуунун майданына айланып кеткен. Ошону менен Кыргызстан жоопкерсиздик демократиянын өлкөсүнө айланды. Биз болсо, элди жалган убадаларга алданбоого, өз жакындары, балдарынын келечеги, бардык биздин элдин тагдыры тууралуу ойлонууга чакырабыз. Эгерде адам өзүнө-өзү жардам бербесе же жардам бергиси келбесе, анда ага башка эч ким жардам бербейт. Ошондуктан ал өзүнүн жүрөгүнө жана акыл-эсине кулак салып, жети жолу өлчөп, бир жолу кесүүсү керек. Ким көп төлөсө ошого добуш бербестен, так ошол татыктуу талапкерди тандоо зарыл. Башка жол жок.
Бул китепте жазылган менин көз караштарымды жана ой-жорууларымды сындай турган адамдар табыла тургандыгына шек жок. Демократиянын, сөз эркиндигинин жана айкындуулуктун шарттарында алар буга укуктуу. Мен идеал эмесмин, экономиканын оор абалы жана кыргызстандыктардын турмуштук төмөн деңгээли боюнча өзүмдүн пикирлеримди жана бушайман болууларымды таңуулабайм. Бир гана белгилеп кетким келет, менин саясатка келишим - биздин өлкөдөгү жоопкерчиликсиз демократиянын күнү бүттү дегендикти билдирет.
Силердин алдыңарда - өлкөбүздүн айыл жеринде төрөлүп өскөн кыргыз баласы. Ал боз улан кезинде Афганистандагы согушка катышып, ал жерде кан менен ажалдын арасында аскердик досторун жоготуп, өзүнүн өмүрү кылдын учунда далай жолу илинип турган. Москванын абройлуу окуу жайларынын биринде түпкүлүктүү билим алган жана тагдырдын эрки менен чет элде калып үй-бүлө тузгөн жана ишкерликти өздөштүргөн. Россиядагы жердештерин көнүктүрүү максатында меценат жана кайрымдуу адам катары жеке өз каражаттарына “Кыргызстандыктарга колдоо жана көмөк көрсөтүү борборун” ачып, сөз менен эмес, иш менен колдоо көрсөткөн.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин Кыргызстандагы орун алган саясий жана социалдык-экономикалык системаны курч сынга алууга батынган. Саясий ыплас оюндарга аралашпаган, социологиялык изилдөөлөрдүн жана коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын көптөгөн жарандары бийликте мурда жагымсыз иштер менен булганбаган, таптакыр жаңы, сырттан келген саясатчыны көрүүнү каалагандыктарын жакшы билет.
Саясий жана экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга чыдабай бир миллионго жакын Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө кетишти, дагы да кетип жатышат. Акыркы жыйырма жылдын ичинде мен биринчи болуп чет өлкөдөгү туруктуу турмушту таштап, Кыргызстандын жарандыгын алдым. Өзүм жеке үлгү көрсөтүү менен эч коркпостон Кыргызстандын келечегин сактап калуу үчүн саясий ишти баштадым. Мен келдим. Мени ээрчип сиздердин уул-кыздарыңыздар, ини-карындаштарыңыздар, ага-эжелериңер да кайтып келишет.
Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган миллиондогон эмгек мигранттарынын ичинен биринчи болуп 20 жылдан бери жашап келе жаткан бийликтин системасына "Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясын түзүү менен каршы чыгууга батындым. Мен артымда реалдуу саясий структурасы жок туруп, биздин мамлекеттин коррупциялашкан системасына каршы күрөшүү мүмкүн эместигин даана түшүнүү менен, өлкөнүн парламентине жана президентине болгон акыркы шайлоолорго активдүү катышуу менен, болуп жаткан негативдүү окуялар боюнча принципиалдуу жеке позициямды эл алдында билдирип жаттым. Эң оор саясий сыноолордон өткөн сайын (улуттук масштабдагы шайлоолор эбегейсиз материалдык жана психологиялык чыгымдарды талап кылат), мен калктын ишенимине ээ болуу үчүн өзүмдүн чыныгы ынанымдарымды кыйшайуусуз кармандым. Ушул максат үчүн өз акыл-эсим менен Россиянын борборундагы бейкут жашоомдон, россиялык жарандыктан кечтим. Биз, мажбурланган мигранттар – миллиондоп саналабыз. Мен биринчилерден болуп ушундай оор кадамга барууга батындым, саясий күрөштүн бул татаал жолун тандоо менен колумда болгондун бардыгын тобокелдикке салдым.
Менин бир тууган жердештерим, бир аз адилеттик менен мамиле кылууңарды каалайт элем. Отуруп алып, эч нерсе жасабай сындай берүү – бул тарбия көргөн билимдүү адамга жараша турган иш эмес. Андан көрө мени туура түшүнүүгө аракет кылып, менин умтулууларымды колдоого алгыла, анткени элдин акыл эстүү колдоосу жок мен максаттарыма жетүүм жана алдымда койгон милдеттерди аткарышым күмөн.
Биздин бардыгыбызды, Кыргызстандын жарандарын өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык жагдай кооптондурат. Чындыгында бардыгыбыз шайлоолордун натыйжаларына, коомдун турмушунда болуп жаткан негативдүү процесстерге, экономиканын көрсөткүчтөрүнө жана башка көп нерселерге нааразыбыз. Көпчүлүгү башкаруучуларга нааразы болуп, даттанып, сындап жана жамандап жатышат. Бирок качан ар бир жарандын жекече жоопкерчилигинин учуру келгенде, качан туура тандап алууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, өлкөнүн гүлдөп өсүүсү үчүн добуш берүүгө келгенде айрымдары белгилүү бир начар жактарын көрсөтүшөт. Бирөөлөр бир жолку кирешеси үчүн элдерди өлкөнү кризистен алып чыга албастыгы айкын көрүнүп тургандар үчүн добуш берүүгө чакырып, шайлоо алдындагы жарнамалар жана акциялар үчүн берешендик кылышат. Башкалар мамлекеттик башкаруунун чириген системасынан жылуу-жумшак орунга ээ болуу үчүн соодалашышат. Үчүнчүлөр болсо, кечирилгис жоопкерсиздикти жана камырабастыкты көрсөтүп, шайлоого келбей коюшат. Ал эми бирөөлөр өз тагдырын шайлоо алдындагы той-тамашадагы жөн эле бир сындырым нан менен бир кесим этке сатып жиберет.
Биздин ачкөздүгүбүздүн, камырабастыгыбыздын, сабатсыздыгыбыздын айынан, элементардык сыймыгыбыздын жана өзүн-өзү сыйлоонун жоктугу улам жана улам ошол эле проблемаларга алып келип жатат – биз туюк айлампа ичинде айланып жүрөбүз. Ошол эле учурда биз өлкөдө эч нерсе жакшырбайт деп капаланабыз. Биз өзүбүздүн кылыктарыбыз жана жоопкерсиздигибиз жыйынтыгында бийлик ээлерине уятсыздык менен бизди алдап, шайлоолордун натыйжаларын коркпостон бурмалоосуна мүмкүндүк түзүп берип жаткандыгын унутуп калабыз же жөн эле түшүнгүбүз келбейт. Мунун бардыгы биздин ынтымагыбыздын жана биримдигибиздин жоктугунан. Биз жада калса өзүбүздү өзгөртүп, жеке сыймыгыбызды жана ар намысыбызды ойготкубуз келбейт. Биз өзүбүз ар дайым баягы эле паракор жана жоопкерчилиги жок бийлик башчыларын шайлап алып жүрөбүз.
Элдин эрки кандай болсо, анын үлүшү дагы ошондой болот. Айтылып жүргөндөй, ар бир эл өзүнүн башкаруучусуна татыктуу. Майда чиновниктер жана жергиликтүү башкаруучулар, бир аз жогорку кызмат орундарын ээлегендерди айтпаганда дагы, мамструктуралардын катардагы кызматкерлери өз жем жеген “акырларын” жоготуудан коркушат, ошондуктан алар ар бир жолкуда биздин өлкөнүн жедеп чирип бүткөн башкаруу системасын сактап калышат. Аларды түшүнүүгө болот, алардын өз элине жана өлкөнүн гүлдөшүнө каршы аракет кылайын деген ниети жок, тек гана алар элементардуу эле өз үй-бүлөлөрүн курсагы үчүн кам көрүп жатышат. Бирок система так ушул биздин өзүн-өзү сактоо инстинктинен колго түшүрүп, улам-улам жана кайрадан жеңип жатпайбы. Жыйынтыгында биз бардыгыбыз чогулуп Кыргызстанды гранттардын жана насыялардын тилемчисине айланттык. Дүйнөлүк коомдоштуктун көзүнө биздин мамлекет так ушундай кейипте көрүнөт.
Бир жарым миллионго жакын кыргызстандыктар татыктуу турмуш издеп дүйнөдө тентип жүрүшөт. Аз эле убакыт мурда мен да ушундай болчумун. Атамекенимди алыстан сагынчумун, жаным кашайчу, бийликти сындап көптөгөн акылдуу нерселерди айтчумун, бирок бир нерсе бергим келчү эмес. Эмне үчүн? Четтен карап туруп, жеке жыргалчылыгың камсыз болгондон кийин, саясатты чемичкедей чага берсең болот да. Бирок ичимде түпөйүл нерсе кала берди жана ошол мени жана абийиримди тынчытпады. Мен мекендештеримдин, менин кыргызстандыктарымдын өзүн жана үй-бүлөсүн багуу үчүн чет жерде кордук көрүп жатканын көп жолу көргөмүн. Аз сандагы гана мигранттарга мекенинен алыс жерден жакшы иш таап, татыктуу турмушта жашоо мүмкүнчүлүгү тиет.
Мен кимдир бирөөнү сындоого укугум жок экендигин билемин. Анткени Мекенибизде болуп жаткандар боюнча менин дагы кандайдыр бир күнөөм бар эмеспи. Мен узак убакыт бою кайдигер болгондугум үчүн күнөөлүмүн. Так ушул жерде менин ички руханий күрөшүм башталат. Бир жагынан миграция жылдарында тапкан-ташыгандарымдан айрылуу, көп жылдап түзгөн жыргалчылыктан, бейпил турмуштан ажыроо. Экинчи жагынан “Өзүңдөн башта, аракет кыл, коркпо, системага каршы чыгуу үчүн камдан. Сен болбосоң анда ким?” - деген мекеним үчүн тынчсызданып толгонуу жана Кыргызстандагы боло турган өзгөрүүлөрдүн зарылдыгына ишеним.
Азыркы орун алган номенклатурага жалгыз каршы туруу – бул накта келесоолук экендигин түшүнүп турдум. Бирок бул калыптанып, тамырын жайып алган системага каршы чыгуу канчалык кооптуу болбосун, кимдир бирөө ачык жана айкын саясий күрөштү баштоосу керек да? Менин ички туюмум, маселелерди жана аларды чечүүнүн жолдорун көрө билүүм саясий карьерамдын башталышы үчүн акыркы аргумент болуп калды. Саясий күрөшкө кирбей туруп, ойдогу нерсени ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошентип партиясын түптөдүк, "Мекен Ынтымагы" (МЫ) уюшулду. Менин көз карашыма жана ынанымдарыма ортоктош болгон партиялаштарым менен бирге саясий аренага чыктым. Өз принциптеримди эл алдында коргоп, жаңы талапташтарды өзүмө тарттым. Менин саясий ишмердигим кайсы бир конкреттүү саясатчыга каршы багытталган эмес, биз Кыргызстанды туңгуюкка алып баруучу ойлонулбаган, сабатсыз аракеттерге каршыбыз. Бирок азыркы коррупцияланышкан башкаруу системасын талкалоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктарга жана бийликке ээ болуу керек, демек, баарынан мурда, сый-урматка жана ишенимге, ошондой эле элдин колдоосуна ээ болуу зарыл. Мындай болбосо, биздин бардык акыл-эстүүлүккө болгон чакырыгыбыз пайдасы жок убаракерчилик болот. Азыркы система саткын саясий номенклатураны, көмүскө экономиканы жана сырттан келген каржылык кыйды демөөрчүлөрдү толугу менен канааттандырат. Биздин көз карандысыздыктын 20 жылы ичинде кыйноолорду башынан өткөргөн карапайым элибиз гана тартипке жана сабаттуу башкаруучуларга муктаж болуп турат.
Менин китебим биздин жарандардын патриоттук сезимин ойготуу жана ар бирин биздин өлкөдө орун алган проблемалардын үстүндө жок дегенде ойлонуп койуусуна мажбурлоо үчүн конкреттүү адамдын эмоционалдык толгонууларынын элементтерин гана көрсөтөт. Бул жерде жазылгандар мамбашкаруу боюнча колдонмо же экономикалык программа катары пайдаланылсын деген ойдон алыспыз. Урматтуу окурман, сизден биздин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн биздей эле аракет жасаган пикирлешти жана шерикти табууга үмүттөнөм. Бүгүнкү күндө "Мекен Ынтымагы" (МЫ) партиясы жана мен өзүм эки олуттуу саясий сыноодон – парламенттик жана президенттик шайлоолордон өттүк. Бүгүн кыргызстандыктар "Мекен Ынтымагы" (МЫ) саясий партиясын жана өлкөнүн Президентин шайлоодо төртүнчү орунду ээлеген анын төрагасы Темирбек АСАНБЕКОВДУ жакшы билип калышты. Бардык кыйынчылыктарга жана сындарга карабастан, мен жасаган иштерим боюнча өкүнбөйм, мен мында баштаган ишимди улантуу үчүн зор ишенимдүүлүккө жана умтулууга ээ болдум. Өзүмдүн идеологиялык принциптеримди өзгөртпөдүм жана өзүмдүн талапташтарымды жана шайлоочуларымды саткан жокмун. Парламенттик жана президенттик шайлоолордон ар намыстуу өтүү менен Кыргызстандын элине кайрылууга жана анын колдоосун суранууга моралдык укукка ээ болдум деп ойлоймун.
Кыргызстандын бардык жарандарын өз эркин көрсөтүп, укуктарыбыз жана ар бирибиздин татыктуу келечегибиз үчүн күрөшүүгө чакырамын. Шайлоолордо арзыбаган тыйынга силердин добушуңарды сатып алууга даяр болуп, андан кийин өзүңөрдү эле тоной турган принципсиз партиялардан жана анын лидерлеринен “белек-бечкек” алууга кызыгып өзүңөрдү төмөн түшүрбөгүлө. Сиздердин адамдык ар намысыңар жана жакындарыңардын келечеги баа жеткис. Өзүбүзгө жана жакындарыбызга биз татыктуу келечекти ар бир жаран өз мамлекети үчүн өзүнчө баалуу болгон гүлдөгөн жана цивилизациялуу мамлекетти куруу менен камсыз кыла алабыз. Сөзсүз, бул максаттарга жетүү үчүн эрктин күчтүүлүгү, чыдамдуулук жана ар бирибиздин адамгерчилигибиз зарыл болот. Эки он жылдык бою калыптанган система өз кызыкчылыктары үчүн жарандардын башын айландырып келди. Азыр бизде демократия деп добуштарды сатып алуу менен шайлоолорду бурмалоону айтып калышты. Агитаторлор көп учурларда идея жана чындык үчүн эмес, арзыбаган гонорарлар үчүн иштеп калышты. Көпчүлүгү чындыгында мунун адамдык ар намысты тебелегендик жана биздин мамлекеттин өнүкпөй туруп калуусунун башкы себеби экендигин түшүнүшө элек.
Эч кимибиз өз мекенинин келечеги үчүн бир нерсесин бергиси келбейт, бирок ар бири өзүнө пайда тапкысы келет, мейли ал мамлекетке зыян келтирсе дагы. Ал турмак карапайым жарандар дагы көпчүлүгүндө өз добуштарын кымбатыраак сатууга аракеттенишет. Жыйынтыгында, бардыгыбыз мамлекетте болуп жаткан негативдүү процесстерге көмөктөш болуп чыга келебиз. Бирок ошондо дагы башка күнөөлүүнү табууга аракет кылабыз. Кийинки шайлоолордун алдында принципсиз талапкерге өз добушуңузду сатуу менен шайлоодон эмне таба тургандыгыңарды жана бийликке кайрадан көп жылдан бери өз элин алдап, кордук көрсөтүп келген адам келсе кийин эмне жоготоруңарды ойлонгула, салмактагыла жана салыштыргыла. Биз ошондо, качан уятсыз саясатчылардын колуна бийликти берүү менен шайлоо алдындагы той-тамашалардан алганыбыздан алда канча көп нерселерибизди жоготорубузду түшүнгөн учурда гана цивилизациялуу коомду кура алабыз.
Кыргызстандын жаштарына өлкөбүздүн келечеги катары өзгөчө кайрылгым келет!
Дилиңерде сыймыктуулукту, өзүн-өзү сыйлоону жана өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө далалатты ойготкула! БИЗ бардыгыбыз биригип чириген системаны талкалап, ага биздин бир туугандарыбыз кайрылып келүүнү каалаган, ар бир жарандын турмушуна ыңгайлуу шарттары болгон жаңы Кыргызстанды кура алабыз. БИЗ өзүбүз сыймыктана турган жаңы Кыргызстанды курабыз.
Жаштар, Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда экендигине ишенемин!
БИЗ Кыргызстандын бардык жарандары үчүн адилеттүү сот акыйкаттыгын камсыз кыла турган сот бийлигинин реалдуу реформасын жүргүзөбүз.
БИЗ бүтүндөй коомдун өнүгүүсү үчүн бийликтин бардык институттары шайкештикте өз ара кызматташ боло турган өлкөнү башкаруу системасын реформалоону жүргүзөбүз.
БИЗ чынчыл жана таланттуу жарандарга коомдогу өзүнүн жарандык милдетин татыктуу аткарууга мүмкүндүк берүүчү таза жана айкын шайлоолорду камсыз кылабыз.
Мени менен катарлаш туруп, мыйзам менен адилеттик өкүм сүргөн цивилизациялуу коом курууга жардам бергиле!
Бириксек БИЗ жеңебиз!
Терең урматтоо менен
"Мекен Ынтымагы" (МЫ)” саясий партиясынын
төрагасы Темирбек АСАНБЕКОВ
Мазмуну
Автордон
Балалык жана өспүрүм чагым жөнүндө эскерүү
Менин уруумдун башаты кайда жатат?
Ата-энем жөнүндө алты сөз
Мектептик жылдар. Сүйүктүү мугалим-насаатчыларым
Армия – турмуш менен мүнөздү такшалтуунун мектеби
Афганистандагы согуш. Ширвант провинциясы
Тынчтык турмушка кайтып келүү
Билим алууга умтулуу
Мекениме кайтып келүү
Белгисиз жолдор менен бизнеске киришүү
Ишкердик аброй – менин эң башкы ченемим жана куралым
Чет өлкөлүк ири компаниянын башында
Арт жагыма кылчайып, ар дайым алды жагыма карайм
Саясатка карай алгачкы кадам
2010-жылдагы парламенттик шайлоо - менин биринчи олуттуу сыноом
Кыргызстандын келечеги жөнүндө изги тилегим менен
Дагы бир ирет мени саясий ишмердик менен алектенүүгө
мажбурлаган себептер жөнүндө ачык айткым келет
Бизде чыныгы демократия барбы?
Биздин мамлекет эртеңки күндүн чакырыгына даярбы?