Жаштар канатынын конференциясы жогорку деңгеелде өттү!
26 апрелде көптөн күткөн "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын жаштар канатынын конференциясы да болуп өттү.
Конференцияга Бишкек шаарынын баардык жаш мүчөлөрү жана "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Асанбеков Темирбек Ишенбаевич өзү катышып жыйынды ачып берди.
Конференцияда жаштар канатынын төрагасы жана төраганын орун басары шайланып алынды.
Жаштар канатынын төрагасы болуп Бердибеков Бактияр Бердибекович болуп дайындалды жана анын орун басары болуп Караев Жээнбек Жеңишбекович болуп дайындалды.
Темирбек Асанбеков өз сөзү менен жаштарга кайрылып, суроолорго да жооп берди жана жаш активистер өз докладдарын окуп беришти!